Гүлнара ТУТАШОВА: Октябрдын айлыгын алып абдан кубандык

Быйылкы күз мугалимдердин эмгеги, мээнети чындап бааланып, айлык маянасы демейдегиден кыйла көтөрүлгөнү менен эсте кала турган болду. Мамлекет үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан баштап, эже-агайлардын эмгек акысын 30 пайызга жогорулатуу боюнча өз алдына койгон максатын турмушка ашырууга өттү. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт жыйындарында республиканын мектеп мугалимдеринин, мектепке чейинки мекемелерде иштеген тарбиячылардын, тарбиячынын жардамчысынын айлык акыларын көтөрүүгө кошумча каражат табылып жатканын айткан. Ал үчүн республикалык бюджеттен 2019-жылдын акырына чейинки этаптагы 30 пайыздык кошумча айлык акылар үчүн 1,7 млрд. сом, ал эми 2020-жылдын ушул эле бюджеттик статьясына 7 млрд. сом бөлүнүп жатат. Буюрса, жакшы ниет менен башталган бул ишти мамлекет туруктуу улантаарына шек жок. Бирок, бул жерде тактап айтып коюучу жагдай бар. Жогорулатылган айлык акылар мугалимдердин эмгек стажысына, бөлүнгөн сабактардын саатына, класс жетекчилигине ж.б. байланыштуу берилет. Андан тышкары, жаратылышы катаал бийик тоолуу аймактардын коэффициентине жараша төлөнүүчү өзгөчөлүгүнүн баары эске алынып, эсептелинип чыкты. Бүгүнкү күндө мугалимдердин маянасын 30 пайыздык жогорулатуудагы айырмачылыктар боюнча республика аймактарынын мектептериндеги мугалимдердин, бала-бакчалардын тарбиячыларынын арасында түшүндүрүү иштеринин жүргүзүлүшүнө кызыктык. Ушуга байланыштуу Ош шаарындагы №4 Киров атындагы орто мектептин директору Гүлнара Туташованын пикирин билип көрдүк.

– Биздин мектеп Ош шаарында жайгашкандыктан баарыбыз көп кабаттуу үйлөрдө турабыз. Чарба күтүп кошумча каражат таап алууга шартыбыз жок. Баарыбыз айлыктын көзүн карап жашайбыз. Биздин мектептин 1938-жылдан бери иштеп келе жаткан тарыхы бар. Азыркы күндө мында 3874 окуучу окуйт, 117 мугалим эмгектенет. Быйылкы жылдын октябрь айынан баштап, Өкмөт тарабынан көтөрүлгөн айлык акынын алгачкысы колубузга тийди. 30 пайыздык кошумча каражат сезилерлик эле жардам болот экен. Майрамдагыдай маанай менен чогулуш өткөрүп, жамаатыбыз менен балача кубандык. Өкмөткө абдан ыраазы болуп жатабыз. Мындан бир нече жылдар мурда айлык акылар ушундай көлөмдө көтөрүлгөндө өлкө мектептеринен мугалимдер өз кесибин таштап, башка жумуштарга качмак эмес.

Биздин мектептин көп жылдан бери иштеген мугалимдери инфляция көтөрүлүп, аз айлык алган кыйынчылыкка чыдап, өз кесибине берилип иштегендерине таазим этким келет. Мисалы орус тил жана адабияты сабагынын мугалими Галина Богомолова аттуу эжебиз отуз жылдан ашык мезгилден бери биздин мектепте эмгектенет. Азыркы күндө анын КРнын эмгек сиңирген мугалими наамына, мектептин гимназия макамына, эмгек стажысына жана ага 30 пайыздык айлык кошулгандан кийин 26 700 сом ала баштады. Орус тил жана адабият мугалимдеринин ролу абдан чоң экенин турмуш көрсөтүүдө. Анткени, Россияга иштегени кетип жатышкан балдарыбыз орус тилин билбегендиктен кыйналып калган учурлар аз эмес. Совет мезгилинде институтту бүткөндөн баштап, ушул күнгө чейин биздин мектепте иштеп келе жаткан мугалимдер бар. Мисалы, Галина Жулева орус тили жана адабияты сабагын окутат, Гүлнара Абылкасымова тарых сабагынан берет. Учурда педагогдордун мамлекетке зор ишеними артылып калды.