Абылгазиев: Фискалдаштыруу салыктык түшүүлөр түзүмүн түп тамырынан өзгөртөт

Фискалдаштыруу салыктык түшүүлөр түзүмүн түп тамырынан өзгөртүп, мамлекеттин кирешесин арттырат. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда катталган 258 миң салык төлөөчүнүн ичинен 98,1%ы – чакан ишкердик, 1%ы – орто бизнес, 0,9%ы – ири бизнес чөйрөсүнө тиешелүү.

«Мындай карасаң, салык төлөөчүлөрдүн структурасы алгылыктуу жана нормалдуу абалда турат. Бирок, ушул категориялар тараптан төлөнгөн салыктын структурасын карап көрсөк, туура эмес көрүнүштү көрөбүз. Чакан бизнестен 18% салык түшсө, орто бизнестен – 5% түшөт. Ал эми болгону 0,9%ды түзгөн ири бизнестен – 77% салык түшөт.  Бул эмнени билдирет? Бул – негизги салым ири бизнеске таандык дегенди түшүндүрөт. Ошол эле учурда 256 миң субъекттен турган чакан бизнес – керектүү экономикалык натыйжа берген жери жок. Демек, дал ушул фискалдаштыруу жана ачыктык Кыргызстанда салыктык түшүүлөрдү түп тамырынан өзгөртүүнү шарттайт», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы баса көрсөткөндөй, бул көрсөткүчтөр салыктык процедураларды электрондук фискалдаштыруу тутумун киргизүү боюнча күч-аракеттерди мындан ары карай активдештирүү зарылдыгын күбөлөндүрөт. Бул натыйжада мамлекеттик бюджетке олуттуу кирешелерди алып келүүнү шарттайт. Ал белгилегендей, ишмердүүлүктүн бул багыты Өкмөттүн 2020-жылдагы артыкчылыктарынын бири болуп саналат.