Балыкчыда алкоголдук продукцияны мыйзамсыз чыгарган фирма аныкталды

Балыкчы шаарынан алкоголдук продукцияны мыйзамсыз чыгарган жергиликтүү фирма аныкталды. Бул тууралуу МСКнын басма-сөз кызматынан маалымдашты. 

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ЭККМК менен биргеликте жүргүзгөн рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө «Балыкчы алко трейд» ЖЧКсы тарабынан «Оренбургский пуховый платок»  маркасындагы арак продукциясынын лицензиясыз даярдалгандыгы аныкталган.

Аталган ЖЧКнын лицензиясынын колдонулушу 2020-жылдын 14-январына чейин токтотулган. Бирок, ЖЧК тарабынан лицензиянын колдонуу мөөнөтүн жаңыртуу жөнүндө Балыкчы шаары боюнча салык органына расмий маалымат түшкөн эмес.

Рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 0,5 литрлик идиштеги 21 миң 200 бөтөлкө арак продукциясы алынды.