Тажикстандын футболчулары Бишкекке келди

17-ноябрда Тажикстандын футбол боюнча курама командасы Бишкекке келди. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти.

Тажик футболчулары Кыргызстандын курама командасы менен беттешет. 18-ноябрда эки команданын машыктыруучулары журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүшөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Тажикстан  2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында беттешет.

Оюн 19-ноябрда, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат.

Буга чейинки Душанбеде өткөн оюн Тажикстандые пайдасына 1-0 менен аяктаган.