Ошто күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунда жер титирөө катталды, — деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 17-ноябрда болжол менен саат 04:35те Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.