Футболдук беттешке байланыштуу Бишкекте көчөлөр жабылат

Бүгүн футбол боюнча Кыргызстан-Тажикстан курама командаларынын беттеши орун алат. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стаиондо саат 20:00дө башталат.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымдашкандай, футболдук беттешке байланыштуу Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат. Алсак, Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Ошондой эле Фрунзе көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Панфиловго чейинки бөлүгүндө унаалар үчүн чектөө киргизилет.

«Көчөлөр саат 17:00дөн баштап оюн аяктаганга чейин жабык болот. Буга түшүнүү менен карап, бара турган жериңерге жолду алдын ала белгилеп алышыңыздарды суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстан-Тажикстан оюну 2020-жылы өтүүчү футбол боюнча дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында болот. Эки команданын буга чейинки беттеши 1-0 эсебинде Тажикстандын пайдасына чечилген.