Абылгазиев бизнести жаңыча коргоо механизмдерин киргизүүнү тапшырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бизнести коргоо боюнча чараларды активдештирүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздо бөлүмүнөн билдиришкендей кеңешмеде бизнести өнүктүрүү жана ишкерлердин укугун коргоо чаралары талкууланды.

Анда Мухаммедкалый Абылгазиев бизнести коргоо боюнча иштин учурдагы механизми жаңы чакырыктарга жооп бербей турганы ачык көрүнүп жатканын билдирди.

«Бизнес-коомчулук коргоого алынганын сезбей жатат жана укук бузуулардын тобокелчилигине көп кабылууда. Бул өлкөнүн инвестициялык климатына жана экономикалык абалына түздөн-түз таасир этет. Бизнести коргоо маселеси Өкмөттүн ишинде кызыл менен белгиленип, ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттардын бири болуп саналат», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле кеңешменин жүрүшүндө премьер-министр бизнестин коопсуздугун камсыз кылууда укук коргоо органдарынын ишине сын айтып, алар мыйзамсыз аракеттери менен мамлекеттик саясатка көлөкө түшүрүп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев бизнести коргоо үчүн укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдардын жетекчилерине экономика тармагындагы бардык процесстердин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча Өкмөттүн иш аракеттерине толугу менен айкалышкан жаңы чакырыктарга натыйжалуу жооп бере турган механизмдерди иштеп чыгууну тапшырды.