Футбол: Крестинин курама команданын эң начар оюнун атады

Тажикстан менен болгон оюн машыктыруучу болуп тургандан бери начар беттеш. Мындай пикирин Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте өтө турган оюнда баарын чечиш керек.

“Биздин башкы каршылашыбыз – өзүбүз. 5-сентябрда Тажикстанда өтө начар оюн көрсөткөнбүз. Мен машыктыруучу болуп тургандан бери мындай начар ойной элек болчубуз. Эң башкысы биз ал оюнду талдап көрдүк. Биз башка андай начар оюн ойнобойбуз. Тажикстан менен болгон оюн тандоо оюндарындагы алгачкы беттеш болчу”, – деди машыктыруучу.

Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши 19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда өтөт.