«Кеч күздөгү кусалык» аттуу поэзия кече өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду тарабынан «Кеч күздөгү кусалык» аттуу поэзия кечеси өтөт.

Маалыматка ылайык, 22-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын кичи залында өтө турган кече белгилүү акындар, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мээркан Токсобаеванын жана КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Самидин Стамбековдун чыгармачылыгына арналат.

Акын Мээркан Токсобаева Ысык Көл облусунун Тоң районундагы Бокомбаев айылында туулган. Ал “Махабатым”, “Мажүрүм тал”, “Улуу сезим” деген поэтикалык жыйнактарын чыгарган.

Ал эми акын Самидин Стамбеков Чаткал районуна караштуу Каныш кыя айылында туулган. Ал Анна Ахматованын, Михаил Дудиндин, Лев Озеровдун, Николай Рубцовдун ырларын кыргыз тилине которуп, алардын айрымдары акындын «Алыстан жазылган каттар» деген ыр жыйнагына киргизилген.