Кыргызстан — Франция парламенттер аралык кызматташуунун келечеги талкууланды

Кечээ, 18-ноябрыда Парижде Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Франциянын Сенатынын «Франция-Кыргызстан» достук Тобунун төрайымы Натали Гуле менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, тараптар парламенттер аралык кызматташуунун келечектерин талкуулады.
Н.Гуле Кыргызстандын Франциядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ачылышы достук байланыштарды мындан ары бекемдөөгө түрткү берет деп белгиледи.

«Парламенттер аралык кызматташууну бекемдөө максатында 2020-жылы достук Тобунун мүчөлөрүнүн Кыргызстанга сапары пландалып жатканын Франциянын Сенатынын мүчөсү маалымдады», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле тараптар региондор аралык кызматташууну өнүктүрүү жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы бизнес келишимдерди бекемдөө маселелерин талкуулады.