Жергиликтүү кеңештин депутаты жогорку билимдүү болушу керекпи?

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Фейсбуктагы баракчасына «Жергиликтүү кеңештин депутаты болом деген жаран жогорку билимдүү болушу керек деген талап туурабы же туура эмеспи» деп суроо салган.

Анын айтымында, бул маселе депутат аймактарга чыкканда сөзсүз талкууланчу маселеге айланган.

«Айылдык кеңештерге диплому барлар келиши керекпи же зарылчылыгы жокпу? Мага көп айылдык кеңештердин депутаттары жогорку билим сөзсүз керек деген талапты айтып жатышат, бир тобу буга караманча каршы. Аймактарга чыкканда сөзсүз талкууланчу маселеге айланды. Өзүм да эки ача болуп турам», — деп жазан Жанар Акаев.

Эл өкүлүнүн бул соболуна айрымдар «сөзсүз жогорку билимдүү болушу шарт» дешсе, кай бирлери бул нерсе Конституцияга туура келбей турганын билдиришип, мындай чектөө ыксыз экенин белгилешкен.