Футбол: Кыргызстан-Тажикстан 1:1 эсебинде тең чыкты

Кечээ, 19-ноябрда 2022-жылы боло турган футбол боюнча дүйнө биринчилигинин тандоо турунун алкагында Кыргызстандын курама командасы Тажикстан футболчулары менен 1:1 эсебинде тең чыкты.

Оюн Дөлөн Өмүрзакөв атындагы стадиондо өтүп, беттештин 17-мүнөтүндө Тажикстандын оюнчусу Д. Эргашев гол киргизди. Ал эми, экинчи бөлүктүн 83-мүнөтүндө кыргызстандык оюнчу Т. Козубаев эсепти теңегенге жетишти.

Белгилей кетсек, улуттук курама команда буга чейин Тажикстанга 1:0, Японияга 2:0 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0 эсебине, Монголияны 2:1 эсебинде утуп алган. Натыйжада Кыргызстан тайпада 7 упай менен экинчи орунда калды.

Кыргызстан F тайпасында Япония, Монголия, Тажикстан жана Мьянманын командалары менен бирге жайгашкан.