Унаалардын бажы төлөмүн көтөрбөй туруу сунушу колдоо тапкан жок

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйынында Кыргызстан үчүн унааларды азыркы бажы төлөмдөрү менен киргизе туруу демилгеси колдоо тапкан жок. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн маалымдашты.

Маалыматка ылайык, аталган жыйынга ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин вице-премьер-министрлери жана ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын катышкан.

Жыйындын күн тартибине ички рыноктун иштөөсү, миграция, бажылык жөнгө салуу, техникалык жөндөө, баа түзүү, өнөр жай, соода тармагында жана өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды четтетүү боюнча кызматташуу, санариптештирүү, эл аралык ишмердүүлүк, ошондой эле евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктаган документтер боюнча маселелердин кеңири курамы киргизилген.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын демилгеси менен күн тартибине ЕАЭБ Өнүктүрүү институтун түзүү, жеке жактар аркылуу жеке пайдаланууга ташылып келген унаа каражаттарына карата бажы алымдарынын коюмун Кыргыз Республикасы үчүн узартуу, Евразия экономикалык биримдигинин бажы өткөрмө пункттарында үч ирет көзөмөл жүргүзүү жана башка маселелер киргизилди.

«Кыргыз Республикасы үчүн жарандар аркылуу жеке пайдаланууга ташылып келген унаа каражаттарына карата бажы алымдарынын коюмун узартуу демилгесин кароонун жыйынтыгы боюнча бул маселени ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү колдогон жок», — деп айтылат маалыматта.

ЕЭК Кеңешинин жыйынынын күн тартибине киргизилген маселелердин көптүгүнө байланыштуу айрым маселелерди кароого бөлүнгөн убакыт жетпей, көрсөтүлгөн маселелер ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйынына жылдырылды. Анын ичинде Евразия экономикалык биримдигинин бажы өткөрмө пункттарында үч ирет көзөмөл жүргүзүү, ЕАЭБ Өнүктүрүү институтун түзүү маселелери бар.