Жээнбеков Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорун кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-ноябрда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жолугушууга Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы муфтий Максат ажы Токтомушев, Бишкек жана Кыргызстан Орус Православ чиркөөсүнүн Епархиясынын епископу Даниил катышты.

Кыргызстан элинин маданияттарынын биримдигин жана ар түрдүүлүгүн сактоо жана бекемдөөнүн маанисин белгилеген Мамлекет башчысы инсандын, коомдун жана жалпысынан мамлекеттин өнүгүүсүндө руханий жан дүйнөнүн өзгөчө ролун баса белгиледи.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков ишенимге аяр мамиле жасоо жана ынтымакты бекемдөө идеяларын коомго сиңирүү зарылдыгын билдирди.

Муфтий Максат ажы Токтомушев жана епископ Даниил региондордо конфессиялар аралык диалогду жакшыртуу, өлкөдө диний сабаттуулукту жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө айтып беришти.

Ошондой эле коомдо конфессиялар аралык ынтымакты жана сабырдуулукту бекемдөө, радикализм жана экстремизмди алдын алуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, 2019-жылдын 21-ноябрында Бишкек шаарында өтө турчу «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» Эл аралык конференциясына даярдыктар жөнүндө маалымат берилди.