Аксыда 10-11-класстын кыздары мушташты

Аксыда окуучу кыздар арасында массалык мушташкан. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, өз ара пикир келишпестиктен улам 18-ноябрда массалык мушташ чыккан. Ага Аксы районунун Жаңы-Жол айылындагы Мамытбеков атындагы №10 орто мектептин 10-11-класстын окуучу кыздары катышкан.

Аталган факты боюнча топтолгон материал Аксы РИИБнин КЖБРне катталып, Жазык кодексинин 266-беренеси (“Ээнбаштык”) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.