Жергиликтүү кеңешке жогорку билим талап кылынуусу талаш жаратты

Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору колдоо тапкан жок.

«Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын макамы жөнүндө» мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр ушул тапта биринчи окууда каралып жатат. Демилгечи Акылбек Жапаровдун айтымында, документте жергиликтүү кеңешке жогорку билимдүүлөр гана депутат болот деген норма каралган.

Бул өзгөртүүгө бир катар депутаттар каршы чыгып, айыл жерлеринде жогорку билими жок, бирок айыл турмушун оӊдоого салым кошо турган жарандар арбын экенин айтып, жогорку билимдин талап кылынышы анчейин туура эмес деген пикирлерин билдиришти.

Натыйжада мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилип, депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлер долбоор 2-окууда каралганда эске алына турганы айтылды.