Президенттин 2 жылдык ишмердүүлүгүндө эмнелер жасалды?

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


24-ноябрда Сооронбай Жээнбековдун Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына расмий киришкенине 2 жыл толот. Эки жыл тарых үчүн көз ирмемдей болгону менен мамлекеттин турмушунда бир күндүн да мааниси бар. Сооронбай Жээнбеков Президент катары ушул мезгилдин аралыгында Кыргызстандын бүгүнкү жана келечектеги өнүгүү багытын так аныктап, айрыкча шайлоо алдында берген убадаларын жүзөгө ашыруунун үстүндө катуу иштеди. Бүгүнкү күндө Президент көздөгөн максаттар кандайча аткарылып жатканына бир сыйра көз салып көрөлү.

  1. Аймактарга көңүл бурулду, айылдыктардын жашоо шартын шаардыктарга теңеш үчүн жумуштар жүргүзүлүп жатат (кредиттик саясат, инфраструктура, салыктык жеңилдиктер). Аймактарды тынбай кыдырган биринчи Президент болду.
  2. Канча жылдан бери айтылганы менен ишке ашпай келаткан санариптештирүү туташ киргизилди. Бул адамдын чиновник менен байланышын, контактын жокко чыгарат. Натыйжада жарандардын жашоосун жеңилдетип, коррупцияны ооздуктайт.
  3. Канча жылдан бери соттук ызы-чуудан башы чыкпай келаткан “Коопсуз шаар” долбоору акыры ишке киришти, азырынча борбордо. Буйруса келечекте бүт Кыргызстан коопсуз болот.
  4. Жаңы форматтагы Патрулдук милиция ишке киришти. Жарандардын көкүрөгүндө “Менин милициям мени коргойт” деген ишеним жанданды.
  5. Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчалар Бирдиктүү эсепке которулуп, ал акчага мектептер салына баштады.
  6. “Мугалим – эң ардактуу кесип болушу керек” деген убадасынын алкагында агай-эжейлерибиздин айлыгы көтөрүлдү. Врачтардын айлыктары көтөрүлдү, пенсияларга жылына акча кошулуп жатат.
  7. Мамлекеттик ипотека насыясы 2016-жылы 14 пайыз болсо, бүгүнкү күндө 7 пайызга түштү. Жакынкы келечекте 6 пайызга түшөт. Социалдык тармакта иштегендерге (бюджеттегилерге) гана эмес, турак-жайга муктаж жарандарга да бериле баштайт.
  8. Кыргызстан – таза суунун өлкөсү дейбиз, бирок элеттеги калкыбыздын жарымы таза сууга муктаж болуп келди. Ал “элди таза суу менен камсыз кылуу маселесин чечем” деген президенттик талапкер катары берген убадасын аткарууда.
  9. Ирригация боюнча улуттук ири долбоорлор иштей баштады. Бул долбоорлордун бүтүшү менен жаңы жерлер өздөштүрүлүп, ал жерлерге турак-жайлар салынып, жаштар түтүн булатып, мектептер курулуп, ички миграция токтойт.
  10. Эгемен жылдары элдин ишениминен айрылган соттор экени талашсыз. Кыйынчылык, каршылык менен болсо да соттукукуктук реформа башталды. Бул тармакта да санариптештирүү кызуу жүрүүдө.
  11. Спортту өнүктүрүүгө өзгөчө мамиле жасалууда (ага жараша жетишкендиктер болуп жатат – күрөш, футбол ж.б.). Кыргызстан алгачкы жолу күрөш боюнча Дүйнөлүк таймашта алтын медалга ээ болду (Айсулуу Тыныбекова – Сооронбай Жээнбеков жеке колдогон спортчу).
  12. Маданиятка көңүл бурулуп, көп жылдан бери оңдолбогон борбордук театрлар оңдолуп-түзөлүп жатат (Филармония, Операбалет театрлары оңдолду. Русдрам ремонттолот)
  13. Инвестициялык климатты жакшыртуу, инвестицияларды тартуунун үстүндө иш жүргүзүлүүдө. Айрыкча экономикалык дипломатияга көңүл бурулуп жатат. Президентке караштуу ишкерлердин кызыкчылыгын коргой турган комитет иштеп баштады.
  14. Жолдор салынып, инфраструктура оңдолууда (өкмөт жылына ар бир райондук борбордо 3 км жол курулсун деген милдеттенмени аткарууда).
  15. Бишкектин түштүк тарабындагы мыйзамсыз алынган жерлер Президенттин жеке көзөмөлү менен шаарга кайтарылууда. Ири парк курулуп, кыска убакытта шаардыктар сүйгөн жайга айланды. Келечекте ири эс алуучу жайлар, стадион, ж.б. объектилер курулат.
  16. Тышкы саясаттагы мамилелер жөнгө салынды. Өнөктөштөргө сый мамилесинен улам, кыргыз лидерине, жалпы эле Кыргыз элине коңшу мамлекеттердин сый мамилеси артууда. Өз ара ишенимге негизделген кызматташтыктар тереңдөөдө. Жогорку деңгээлдеги расмий, мамлекеттик визиттер жасалып, ири эл аралык иш-чаралар болуп өттү (ШКУ саммити, Түрк тилдүү мамлекеттердин саммити) ж.б.