Өзүлөрүнөн баштап, өзгөлөргө үлгү болушса

Жогорку Кеңештин коомдук деп эсептелген жайларында чылым чеккен депутаттарды, кызматчыларды токтотууга күч жетпей жатат. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев парламентте «коомдук жайларга тамеки тартууну чектөө» боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

Аталган мыйзам долбоору каралып жатканда депутаттар Акылбек Жапаров менен Камчыбек Жолдошбаев алгач чектөөнү ЖКдан баштоону сунушташкан.

«Мыйзамсыз чылым чегүүнү ЖКда токтотуу боюнча ойлонуп көрүп, милиция, Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлерине кайрылып көрдүм, алар ЖКга күчү жетпей жатканын айтышты», — деди депутат.

Эл өкүлү маселени төрага менен анын орун басары көзөмөлгө алышы керектигин айтып, ажатканада тамеки тарткан депутаттарга, ЖК кызматкерине нааразы пикирин билдирди.