Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Жакында “Жыландын сүйүүсү” китебинин  уландысын, тактап айтканда  3-китебин  жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбыздан 1-2-китебин окуп турсаңыздар болот.

Кызмончок ата-энесинин үйүнө келди.

Короонун ичи-сыртын тикенек, чөп басып кетиптир. Бир кезде Асылбектин комуз күүсү чертилип, Сырганын шаңкылдаган, Кызмончоктун кытылдаган күлкүсү чыгып, атүгүл Жандын шоораты угулуп турчу үйдү каптап алган кунарсыз жымжырттык, ансыз да араң келген Кызмончоктун өпкө-жүрөгүн эңшерип жиберди. Көкүрөгү солкулдап, энтиге-энтиге дем алып, анан бугу жарылып кеткендей бир бакырып алып, короонун так ортосунда теңселип турду.

– Апаке-е?! Атакеба-ай!!! Ыы…

Сыртынан каршы-терши жыгач кагылган каалга азыр ачылып, ата-энеси, алардын артынан Жан чыга калчудай элестеп, жакындап келди… Андай болбосуна көзү жеткенде гана босогону кучактап жыгылды. Келинди соороткон эч ким болгон жок. Жандилинде Кызмончок өзү да ушуну – эч кимдин келбешин каалап турду. Көптөн бери көкүрөк-көңүлүнө толуп, көлкүлдөп батпай кеткен кусалыкты, ызаны төгүп-чачып алганга бирөө-жарымдын тоскоол болушун каалаган жок! Качан гана көз жашы түгөнүп, андан ары ыйлаганга күч-кубаты келбей калганда гана тынчып жатып калды. Ошондо да көздөрүн ачпай, кудум төркүндүн төрүндө, ата-энесинин тизесинде эркелеп жаткансып, кире беришти жазданып, көшүлүп жата берди.

Апасынын, атасынын жыты келди… Алардын дайыма бири-бирин эркелетип, тамашалап сүйлөгөн кобур-собуру алда кайдан угулгансып жатты… Ара чолодо комуздун күүсү угулуп, Асылбек үн созуп ырдап, Сырганын каш серпе эркелегени элестеди… Бирде атасына, бирде апасына жароокерлене караган өзү… Ага удаа эле, кайдан-жайдан жыландын  «шырп» этип угула калган дабышы… Андайда кыз элейип тыңшай калып, жан досунун кайда экенин туюму аркылуу сезип-билип, жаңылбай-жазбай таап алчу.  Анан, экөөнүн маңдай-тескей отуруп алып ойногону, Жанга жомок айтып бергени… А кокус сырттан дабыш чыга калса, жыландын «култ» этип алда ненин алды-артына кире качып, жашынганы… А кийин, Кызмончок бой жеткен сайын бул үй да, бул короо да, атүгүл бул айылдын ичи да экөөнө тардык кыла баштаганы… Анткени, алар тууралуу эл арасында адамдын төбө чачын тик тургузган бүгүнкү имиш-имиштердин учугу ошол жактан башталган. Айрым уганаак-көрөнөөктөр ар кайсыны шылтоо кылып, алардын үйүнө атайылап эле келип ары жак-бери жакты карап, тыңшап кетчү болушкан. Байкуш Асылбек менен Сырга андайда алдастап калар эле.

Өткөн-кеткенди көз алдынан чубата өткөрүп жатып, келип-келип аягы ушул күнгө такалган кезде гана Кызмончок ордунан турду. Этек-жеңин кагынган болуп, жоолугун оңдоп, алда неге бел байлагандай боюн түзөп, үйгө кирди.

Босогону аттаганда  эле козүнө төрдө илинген комуз урунду.

Чаң, желе басып кеткен  комуз кол тийсе эле азыр даңгырап ыйлап жиберчүдөй туюлуп кетти. Сунуп келаткан колун кайра тартып алды Кызмончок. Селейип, комуз менен тиктешип көпкө турду.

Ошол тапта, кандайдыр бир караан «булак» этип артынан өтүп кеткен сыяктанды. Кызмончоктун денесин калтырак каптап өттү. “Ким?” Артынан куугунчу келгендей, бирок  ошону каалабагандай, өзүн сүйбөгөн тарапка  кайра кайтып баргысы келбегендей, көздөрүн жумуп жиберди. Бирок үндөгөн  эч ким болгон жок.  Ал күткөндөй каруудан алып, артты карай дегдеңдетип жетелеген эч ким болгон жок. Күнөөлөп, жемелемек тургай, дабышы да угулбады…

Анткен менен белгисиз бирөөнүн бар экенин сезип турду ал…

Белгисиз караан  андан жогору – төр тарапка өтүп кетти да, ошол жерде аярлап, муну карап турган…  “Ким?” – бирок  Кызмончок жооп таба алган жок. Жан да эмес болчу.

Кызмончок эмнегедир шашкалактап кетти. Көздөрү  умачтай ачылып, жалт карады… Бирок ал күткөндөй  болгон жок. Бурчта Асылбек менен Сырганын эмес, алардан алда качан мурун  жүзгө чыгып өлгөн  байбиченин сөлөкөтү турган!

Ызаданбы, же Бүбү кемпирди качандыр  бир эне-атасы эш тутканы үчүнбү, дем алган сайын эки ийни, көкүрөгү солкулдап, карегинде ысык жаш айланып, карегин тартып ала албай карап  турду. Бакырып  ыйлагысы келип, бирок  тамагы буулуп, үнү чыкпай койду.

Ыраматылык Бүбү эненин элесин ушуну менен экинчи жолу көрдү. Биринчи жолкусунда тээ бала чагында, күмбөзүнөн көргөн.

Анда айылдын эли куран окуганы Бүбү кемпирдин бейит башына барышкан. Дөбөдө кыдырата тизилген мүрзөлөрдөн анча алыс эмес жерге айылдын эли дасторкондорун жайып, даам сызып, энеге багыштап куран окуп кайтышкан. Кызмончокту да: «Кой, балам, комуз менен жыландан башканы билбей каласыңбы? Эл менен аралашып көн», – деп ата-энеси ээрчитип алган.  Бүбү эненин арбагы ыраазы болсун дешкени эле…

Эл бейит башында отуруп, куран окулуп жатышкан маалда, Кызмончок бир чекиттен көз албай көпкө катып калган. Бул тууралуу заматтын ичинде элге күбүң-шыбың тараган:

– Капырай, ошо жерден Кызмончок жыланга айланып кете жаздаптыр. Кареги катып, денеси муздап баратканда энеси алып калыптыр!

– Мен да өз көзүм менен көрдүм, ооба! – дешип. Бирок Кызмончок анда эч кандай жыланга айланбай эле, маркум Бүбү эненин элеси менен тиктешип, нес болуп калган. Бүбү эненин элеси анда да кудум азыркыдай – Кызмончокту аягандай, ага жан тарткандай карап турган.

Көзгө илешпеген ирмем ичинде ушуларды ойлоп ийди келин.

– Балам, тек гана элестетип алсаң керек. Коркпо. Өлгөндүн элесинен коркпош керек. Андан көрө Кудай  тирүүлөрдүн ар кандай арам ойлорунан, жаман жорук-жосундарынан сактасын, – деген кечинде апасы. Ушуга өзү да ынанып, коркпой калган. Ушундан улам го, эми да Кызмончоктун тулку боюн ээлей калган калтырак  акырындап тарап, тескерисинче Бүбү эненин элесин караан тутуп кетти.

Эки ийнин солкулдата, оор улутунуп алды.

Бирок кайра караганында  эненин элеси жок болчу… Таппай калды.

Жалгызсырай түштү.

Дубалда илинген комузду алды… Бир кезде ушул үйгө керемет маанай таратып турган аспаптын бетин алаканы менен аяр сылап, тулку боюнда илешкен желени  жеңинин учу менен тазалады. Эриндери эмшеңдеп, карегине тегеренген ысык жаш комуздун бетине тыпылдап тамып кетти.

Ата-энеси каза болгондо, кайын журту булардын болгон жүгүн Абылайдыкына көчүрүп келген. Кызмончок ошондо атасынын комузун таппай калып:

– Апа, атамдын комузу көрүнбөйт го? – деген.

– Бир-эки буюмун калтырдык, ботом. Өздөрү кеткени аз келгенсип, үйүн томсортуп коймок белек. Байкуштардын арбагы ыраазы болсун. Кийинчерээк аларбыз, – деген Сайракан. Кыялында Кызмончок муну эп көрүп, кайненесине ыраазы болуп калган. Бирок Сайранын комузду алдырбай койгонунун жөнү башкада болчу. Өз көзү менен көрбөгөнү менен,  Сайракан Жандын комузду муюп угарын, Кызмончок да жыланга күү чертип берерин эшиткен. Ошондуктан, бул аспап жыландарды ордосу менен чогултуп келчүдөй чочуп, үйгө алдыргысы келген эмес. Атүгүл, колунан келсе, Кызмончоктун өзүн деле куттуу үйүнүн босогосун аттаткысы жок эле. Бектемир эле: «Кызмончокту алам!» – деп, айтканынан кайтпай туруп албадыбы. Болбосо, башынан эле көрөйүн деген көзү жок.

Эмнеге өчу бардай, мынчалык кастарын тигерин  Кызмончок да Сайранын  өзүнөн билгиси, оюн окугусу келчү. Бирок сыртында эле мынчалык каардуу кайнененин ичинде андан да катуу каар жатканын сезип, дити даабайт. Заарканат.  Деги эле Кызмончок адамдардын оюн окугандан коркот.  Сыртынан күлүп, жакшынакай карап турган адамдын ичинде таптакыр башка дүйнө, башка сезим, башка ой жатканын билүү кандай кыйын?! Кызмончоктун көп учурда адамдардын көздөрүнө тик карабай жалтактап, деги эле адамдардан боюн ала качып, оолактап калышынын бир себеби ушул. Деги эле сырты менен ичи бап келген адамды кездештирүү кыйын экенин билет.  Адеп, эс тарта баштаган маалда ушуга көп таңыркай турган. Адамдардын ичи, сырткы  дүйнөсү эмне үчүн көп учурда эки башка, коошпогон эки  дүйнө экенине акылы жетчү  эмес.  «Андан көрө жыландын оюн окуп, дилин туйган канча эсе оңой», – дечү баамында.

Бир жолу бир кызык окуя болгон. Кайсы бир тойдо Кызмончок Бүбү эненин келини Алымкан менен маңдайлаш отурган. Бүбү  эненин өлгөнүнө жыл айланып калган  болчу. Ошондо, дудук аял Кызмончокту көпкө чейин көз албай, жалдырап тиктей берген. Адегенде аны анчалык деле этибар албаганы менен, кыз капилет эле ошол көздөрдүн ары жагындагы жазууларды окуй койгон: «Кандай жакшынакай кызсың… – деп «жүгүрүп» турган Алымкандын ойлору. – Бирок сени алдыда эмне күтүп жатканын билбейсиң да. Бечара апаң да билбейт. Атаң болсо, баарын ичине жутуп, батырып келет. Кайненем менен акыркы жолу сүйлөшкөндөн бери  байкуштун «ичкени – ирим, жегени – желим». Көрүнүп эле турбайбы… Өңүнөн азып, эки жаагы  ичине шимирилип, каркайып  сөөгү эле калды. Сени ушулардын сүйүүсү гана сактап жүрөрүн билсең кана?! Болбосо, эчак эле жыланга айланып кетмесиң, шордуум!..»

Кызмончок «селт!» эткен. “Эмнеге?!”- анын бакыраңдап, алаңдай түшкөн көздөрүндө ушул суроо бар эле. Ошондо эсине келе түшкөн Алымкандын карек учкундары алда кайда ыргып, быркырап кетпеди беле. Ал оюн окутуп койгонун билген. Айыбын карматып жибергендей  кайпактап,  анан Асылбек экөө саамга тиктеше калышкан. Асылбектин каны башына тээп, эки чыкыйынан кан тамырлары бүлкүлдөп чыга түшкөн болчу. Ачуусу катуу келгенде ошентип кетер эле. Ошондо Алымкан алдына аш келгенине карабай, элди аттап-буттап, эшикке чыга качкан.

– Апа, мени эч ким жакшы көрбөй калса, жыланга айланып кетемби? – деген үйгө келгенде кыз.

– Кайдагыны айтпачы, балам! – деген апасы. – Ким айтып жүрөт антип?!

– Алымкан жеңем…

Сырга Аылымкандын жана эмнеге эшикке чыга качканын ачык биле албаганы менен, кептин чоо-жайы кайда жатканын чала-була боолгоду.

– Адамдар ошентип, ар демени ойлоно беришет, — деди анан кызына. – А сен ар кимдин ички дүйнөсүнө сүңгүбө, көңүл бурба дебедим беле, балам. Ойдон күлүк эмне бар? Адам баласы эмнени гана ойлонбойт? Эмнени гана кыялданбайт? Ой менен жоктон – бар, бардан – жок кылат адам. Ой менен ойду омкорууга, тоону томкорууга болот! Анын баарын эле ишене берсең, жинди болбойсуңбу…

Кызмончок апасына, айрыкча атасына катуу ишенчү. Анткени ата-энесинин ой-сезимдери кызга күзгүдөн көргөндөй эле көрүнүп турчу. Алардын ички дүйнөсу кызы үчүн эле эмес айлана-тегеректин баарына ак жарык, нур чачып тургандай сезилчү. Андыктан бул жашоодо ал экөөнөн ашкан ак көңүл, ак дил, алпейим адам  жок деп ойлочу кыз.  Ошол ак жарыкты башкалардын көрө албаганына таң калчу…

Ал күнү да апасына  ишенди. Анткен менен Алымкандан алган ошол маалымат  жадымынын бир бурчунда  катылып калган болчу. Кээде ага жолугуп, чындыкты билгиси келер эле. Алымкан да ансайын качып, кыздын көзүнө чалдыкпаганга аракет кыла берчү.

Бара-бара бул унутулуп деле калган. Анткени, өзү тууралуу мындан да кыйын “имиш-имиш” деген маалыматтарды күн сайын эмес, саат сайын уга берип,  көнүмүш деле болуп калган. Бирок күндөрдүн бир күнүндө минтип, ойдо жок эле жерден чындык издеп үйдөн, элден качып чыгары «үч уктаса да түшүнө кирген эмес».

Кызмончок ушуларды ойлоп турганда:

– О, эл-журт!!! О, коку-уй, барсыңарбы?! – деген ачуу чаңырык чыкты.

Эртең мененки таптаза аба, жогортон ылдыйды карай желип-жорткон сыдырым жел бул үндү дароо алып учуп, үймө-үй жеткире салды.

– Бу Сайра го?!

– Абылайдын үйүнөн чыгып жатабы?! – деп айылыдктар кулак түрүп калышты.

Кызмончоктун оюна дароо Жан түштү. Сайра экөө дагы баягыдай кездешип, арбашып калгандай элестеп: «О, Кудай?! – деди энтиге. – Сактай көр, Кудай?!» Кызмончок короонун оозуна чейин чуркап келип, бирок сыртка чыга албай, дубалга далдалана калды. Анткени, бирин-серин адамдар кобурашып, Абылайдыкын көздөй баратышкан болчу:

– Болор иш болгон го! «Акыркы убактарда келиндин түрү жаман болуп жүрөт» деп атты эле бечара жеңем! – деди кетип бараткан аялдардын бири.

– Келиндин ата-энесин деле баягы жылан чагып өлтүргөн деп жүрүшпөйбү. Кызмончокту күйөөгө берип койду деп өчөшкөн окшойт.

– Ошо Кызмончокту төрөп-түшө электе «ким көрдү кылып» салалы деп, эки-үч күн мурун эле аксакал-көксакалдар сүйлөшкөнбүз, убакыт-саатын күтүп жатабыз! – деди аңгыча аялдар менен бараткан эркек.

Азыр эле кайын журтуна шашып, санаасы тынчыбай турган Кызмончок муну укканда башка чапкандай  эңги-деңги  боло түштү. Кандай болгон күндө да эми ал үйгө кайтып барууга болбой турганын түшүндү… «Кызмончокту «ким көрдү кылып» салалы деп, аксакал-көксакалдар сүйлөштүк…» – деген сөз каны менен кошо чуркап денесинин, акыл-сезиминин бир жерин куру калтырбай жойлоп кетти… «Чын эле, элди да, өзүмдү да кыйнабай, өлүп калганым деле оңдур?» – деген ой келди. Бар азаптан кутулуунун эң эле оңой жолу ушул сыяктанды. Бу саам да байкады, тырмактарынын учунан баштап, денеси муздай баштады. Алымкандын: «Эч ким сүйбөй, мээрим келбей калган кезде жыланга айланасың…» – дегени мээсине «шак!» этип, ушу азыр ушул жерден жылан болуп сойлоп кетчүдөй, бирок ошону каалабагандай алдастап, эки жагын каранды. «Андан көрө адам бойдон эле өлүп, ата-энесинин жанына барганы жакшы эмеспи..!» – ушинтип  ойлоду. Бирөө-жарым кармап калчудай анан үйгө шашты. Башындагы жоолугун чечип, ортосунан тең бөлө айрып жиберди да, эки учун бириктире, күрмөп байлады. Эми жоолукту иле турган жер издеп, үйдүн шыбын айландыра карады. Ушул үйдө өткөн балалыгы кайра да бир көз алдына келе түштү. Комузун чертип отурган атасын, казан-аягы менен алпурушуп отурган апасын, тамдын бурчундагы кичинекей оюктан суурулуп чыга баштаган жыланды көрдү… Кош каректен балбаалап аккан жаш эки бетин жууп, ыйлап жатты.

– Хи-хи-и… – наристенин кытылдаган күлкүсү анын ыйын «тып» басты.

Бул үйдө калган балалык күлкүсү кулагына угулуп жаткандай, дагы-дагы уккусу келип, селейип катты келин.

– Хи-хи-хи… – күн нурунун сыныгындай шыңгыраган таптаза күлкү кайра да угулду. Үйдүн ичин күлкү менен кошо нур каптап кеткендей болду анан. Көздөрүн жумду. Кыз баланын күлкүсү эми жакындан, жанынан эле угулду. Атүгүл анын дем алганын, дабышын угуп жатты… Үйдүн ичин, айлана тегеректи кичинекей наристелер каптап, аны айланып-тегерене башташкандай элестеди. Ошонун баары өзүнүн бала чагы сыяктанды… Он чакты, андан да көп кичинекей Кызмончоктор… Ой деген күлүк го: «Өлгүчө эле жаным периштелерге айланып кеттиби?» – оюна ушул келди… Аңгыча жумшак, жыпжылуу, кичинекей колдор Кызмончоктун таш-муздак болуп катып калган колдорун кармалап, тарткылай баштады.

Кызмончок көздөрүн ачты. Анын маңдайында кудум Күн кызындай болгон ак саргыл, узун кирпиктери төгүлүп, бакыракай көздөрү күлмүндөгөн наристе жылмайып, карап туруптур. Кызмончок аны көпкө чейин алайып тиктеп калды да:

– Сен… кимсиң? – деди шыбырап.

– Ы-ыс… – деди кыз.

– Ырыссыңбы? – шыбырады Кызмончок.

Кыз башын ийкеңдетти. Ошондо гана Кызмончок наристенин көрүмчү эмес экенине ишенди. «Башка эч ким жокпу?» – дегендей, эки жагын каранды. Сыңар тизелеп отура калып, баланы бооруна кысып, саамайынан жыттады. Кичинекей кыздын мээримин төгө, жакшы көрүп, жылмайып карап турганы келиндин тулку боюна жылуулук таратып, муздай түшкөн колу-бутуна дароо ысык кан жүгүртүп, кандайдыр жагымдуулукка ороло түшкөндөй болду. Эми элеки өлүм тууралуу ойлору жоголуп, жашагысы келип кетти анын. Өзүнөн-өзү куюлуп, балбаалаган көз жашын арчыганга үлгүрбөй жатып, мойнундагы шурусун чыгарып, кыздын мойнуна такты:

– Бул – сага, Ырыс. Наристе Кызмончокту түшүнүп жаткандай, аягандай карап, быйтыйган алаканы менен анын бетиндеги жашты арчыды.

– Рахмат, – деди Кызмончок ый аралаш жылмайып. – Көптөн бери эч ким минтип, көзүмдүн жашын арчый элек болчу.

Ого бетер эреркеп кетти келин. Букулдап ыйлап, кыздын кичинекей ийнине башын жөлөп, ыйлап жатты. Эсине бир нерсе түшө калгандай, бир убакта шашкалактап кетти:

– Мен кетейин.

Ырыс түшүнгөндөй  башын ийкеңдетти.

Кызмончок кайрылып келип, дубалда илинип турган комузду кошо ала чыкты. Короодон шар чыгып кете албай, шыкаалап сыртты карады. Айылдыктардын бирин калтырбай Абылайдын короосу чогултуп алгансып, айлана-тегерек  жымжырт. Антсе да жол менен кетиш кооптуу эле. Кызмончок үйдүн артына, баягы жылан экөө жашырынып чыгып кетчү жолго түштү. Киши боюнан бийик өсүп кеткен отоо чөп абалкысындай келинди сырт көздөн далдалап, Жан экөө салган жалгыз аяк жол аны тоону карай алып кетип баратты…