Гүлзат ОРМОНБЕКОВА: «Ырларымдагы сүйүү окурмандарымдын жүрөктөрүнө сиңип жашаса дейм»

Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


– Гүлзат, мен сиздин ырларды соңку бир жылдан бери социалдык түйүндөрдөн гана окуп келатам. Калем шилтегениңизге караганда, кечээ же бүгүн ыр жазып баштабасаңыз керек?

– Эс тартканы эле ыр жазып келем. Классыбыздагы дубал гезитти мен, анан сүрөттү жакшы тарткан бир бала экөөбүз чыгарчубуз. Кээде айрымдарын “ТашКөмүр жарчысы” гезитине жарыялап койчумун. 2000-жылы Жалал-Абад облусунда азыркы замандын орчундуу темаларына карата жазылган ырлар боюнча кароо-сынак болгон. Ошол кароо-сынакта «Апама кат» деген 58 куплеттен турган ырым менен 1-орунду алгам. Ошол эл купулуна арзыган күндөн баштап ырга болгон арзуум күчөдү. Ошондон бери жазып келем. Кесибим медик, медайым болуп эмгектенем. Орус жарандыгын алып, дипломумду кайра баштан жаңылап, бул жактан окуп, учурда Москва шаардык 78-бейтапканада иштейм. Үй-бүлөм, жолдошум, эки уул, эки кызым бар. Москвага жаңы келгенде батирлеп жүргөн кездер болгон. Азыр, Кудайга шүгүр, квартира алып, жайланышып калганбыз.

Маектеш тууралуу маалымат: Гүлзат Ормонбекова Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар 12 айы лында төрөлгөн. 1983- 1993 жылдары Таш-Көмүр шаарына караштуу №6 Панфилов атындагы орто мектепте окуган. Учурда Москва шаарында бейтапканада иштейт.

– Жакшы экен, сиз жана сиздин үй-бүлө үчүн кубанычтабыз. Москва кандай шаар? Ал сизге эмнени берди, эмнени алды?

– Москва чоң мегаполис. Адамдан эмгектенүүнү, шартташып кетүүнү, ошону менен бирге эрктүүлүктү талап кылат. Өз жашоосуна, өзүнүн кайдыгерлигине оңой эле камтып алат. Ошентсе да, уул-кызыма кыргыз элинин үрп-адаттарын, каадасалттарын, баалуулуктарын тынымсыз үйрөтүп келем. Анткени, орус мектебинде окуп, орусча таалим-тарбия алган, ошол чөйрөгө көнүп бараткан балдарымда орусташып кетүү коркунучу бар. Тарбия-таалимге үндөгөн ырларга көбүрөөк басым жасаганымдын себеби да балким, ушул кооптонуулардан чыккан ойлорум болсо керек.

– Москвадагы чыгармачыл чөйрө, кыргыз акындары менен байланышып турасызбы? Кайсы акындарды окуйсуз?

– Чыгармачылык чөйрөдөгү адамдар менен карым-катнашым деле жок. Ырас, аалам тордо ыр дүйнөсүнүн адамдары менен байланышам деңизчи, бирок жакындан каттоом жок. Москвада жашап, иштеп жүрүшкөн, ыр жандуу кыз-келиндер, мырзалар менен сайтта баарлашып турам. Алардын арасында, Гүлтумар Жороеваны, Илим Курмушуевди өзгөчө баалайм. Ырлары эч кимдикине окшобогон… башкача… керемет! Акындардан Жыпара Исабаеванын ырларын окуйм.

– Адатта, акын жазган ар бир саптын артында акындын тагдыры жатат дешет, сиздин ырларыңыздын артында сиздин тагдырыңыз барбы?

– Ырларым ар дайым эле өзүмдүн тагдырымдан алына бербейт. Мен уккан, мен көргөн тагдырлардан тамчылаган саптар алар.

– Ыр китебиңиз чыкты беле?

– Ырлар жыйнагына келсек, азырынча китеп чыгара элекмин. Финансы жоктугунан эмес, али «бышып» жетиле элек деп ойлойм. Ошон үчүн да эл сынына коюп, фейсбук ааламына жарыялап келем. Эл элегинен өткөндө гана китеп чыгарам деген ойдомун. Анткени китеп текчеден орун алып, бирок эл окубаган китептер канча дейсиз? Качандыр бир кезде китеп чыгарсам чыныгы күйөрмандарыма белекке берсем, уул-кызыма, бир туугандарыма берсем, алардын үйүндө менин китебим жашаса… руханий азыктандырып, жан дүйнөлөрүндө менин ырларымда камтылган Ата-Эне, Ата Журт, элге болгон сүйүү, адамдардын бири-бирине болгон арзуусу, сезимдери, ишеними, балага болгон чексиз сүйүү, үмүт, теңдешсиз энелик сүйүүлөр орун алып, ошол баалуулуктар жүрөктөрүнө сиңип жашашса, мен үчүн ошол баа жеткис сыймык болмокчу!

Аял бактысы

Дарактай жазда жаңы бүчүр байлап,
Саргайса… жалбырагы күбүлгөнгө.
Жашарып күлүш үчүн кайра жайнап,
Бактыдан жашыл көйнөк кийингенде.

Сүйүү бер… кучак толо сүйүү бергин,
Аялдын акысы бар сүйүлгөнгө.
Аялдын бир бактысы – сүйүлгөндө!
Калган көңүл – чыккан жан… кыйын болоор.

Кайран көңүл муздаса жылып кетүү,
Койнунда жаткан жардан душман болуп.
Эң жаман чыккынчылык кылып кетүү,
Кечирип жашайт аял аны дагы.

Кыйын го бала бактың кыйып кетүү,
Аялдын да бир бакты – тынып кетүү.
Жүрөгүнүн астына жүрөк бүтүп,
Жайылып турса сулуу дене-бою.

Алакан оту менен магдырата,
Курсагын аяр сылап эки колу.
Мээрими ийип, анан бала эмизип,
Балкыткан ырахатка эге болуу.
Аялдын зор бактысы – Эне болуу!!!

Дил дарым …

Көзүмдөн учуп карааны …сүйкүм дидаары,
Каректе жашап күтүүнүн бүтпөс муң-зары.
Сүйрөлүп сезим… алдыңа келсем аяган,
Караган ошол… көз караш мага дил дары.

Табышмак эртең ким жогу дагы, ким бары,
Көйкөлгөн бойдон турбастыр жаштык гүлзары.
Гүл өңүм барда күлкүңө ороп сүйүп кет,
Үмүткөр жанга дил дары ошол күн бары.

Серпилип сезим, чертилип көңүл кылдары,
Сүйүүнүн мынча керемет сыйкыр ыргагы.
Көздөрүң сүйүп… көздөрүң күлүп караса,
Кымбатым менин, көңүлгө ошол миң дары.
Карасаң сүйүп, карашың мага дил дары.

Эртеңдерге үмүттөр

Мен бүгүндүн сезе албасам кадырын,
Эртеңдердин жетээр белем баркына?
Күлүп-жайнап бүгүн жашап турайын,
Эртеңки күн болсун мындан жакшына!

Эртеңдерге желбес үчүн үмүттөр,
Бүгүн жаша, бүгүн сүйүл, сүйүп кел.
Шамалына таскагынын мезгилдин,
Басаюуда өмүр жанган биликтер.

Эртеңкиге артып коюп үмүттү
Бүгүн неге жутуум керек күйүттү?
Эртеңки таң атуу үчүн бактылуу,
Бүгүн болгум келип турат сүйүктүү…

Эртең келчү жакшылыктан түңүлбөй,
Ар күнүмдү эң акыркы күнүмдөй.
Жашап жүрөм… жашайм дагы буйруса,
Жаштык менден калмак беле күбүлбөй …

Тириликке турсам бүгүн басынып,
Эртеңдерден көрүш үчүн жакшылык.
Бүгүн турсам көздөрүмдөн жаш сыгып,
Эртеңдерге күлүп барам каткырып!

Сүйүүмдүн симптомдору

Таарынамын…
Танып баарын,
Тааныбаган жандаймын.
Билбегендей…
Сүйбөгөндөй…
Сенин дүйнөң кандайын.

Буркан-шаркан
Чарт жарылам,
Желим чыгып… боштукмун.
Өзү өрттөнгөн
Сени өрттөгөн
Оттук ташмын… оттукмун.
Кээде тынчмын…
Сага сыртмын…
Бейтааныш бир… чоочун жан.
Сөзү жалган…
Өзү жалган… деп жүрөгүм чоочуган.

Кызганамын…
Ыза жаным…
Кызганычтан күйүп көр.
Ишен дейсиң,
Ишенбеймин…
Ишеничиң сынып көр?

Сагынганда…
Тарылганда,
Чеңгелимде бар дүйнөм.
Бир ууч болуп,
Куса толуп,
Кысылат ов жандүйнөм.

Эриндериң…
Эргигениң…
Элестетем өпкөнүң.
Эриндерим,
Эргип менин,
Өбө албадың… өппөдүң…

Өчсөм бекен,
Чөксөм бекен,
Көздөрүңө тигилип.
Сүйсөм бекен,
Жүрсөм бекен,
Сүйүп дагы сүйүлүп?
Бирок тыям эңсөөлөрүм,
Кишендеймин…
Кишендейм.
Эмнегедир мен өзүңө
Ишенбеймин…
Ишенбейм…

Адамзатка мындан артык не керек?

Сыным бузбай, тарткан зымдай тарбиям,
Сырымды айтпай, сүйгөн бойдон калды жан.
Мен сүйүүмө жетпей калсам жашоодо,
Мага жетпей, кимдир бирөө арзыган.

Чабылганда тагдыр соккон камчыдан,
Достор күлгөн «имиш» кылып калп-чындан.
Сындашчу эмес, сырдашчу дос калтырып,
Кадырлуусун кадырсыздан калпыгам.

Коломтомдун күйгөн отун өчүрбөй,
Жокко чөкпөй… барга көппөй… эсирбей.
Жашап келдим, жашайм дагы буйруса,
Адам деген атыма доо кетирбей.

Өмүр жолдо өкчөлүп да кагылып,
Мен жашоодо уттум… кээде утулдум.
Учугумду улаганга артымдан,
Уул-кыз таптым, ошол менин утушум!

Кудай болду сыйынганым дилимде,
Кудай кошкон жарым болсун үйүмдө.
Мен жөлөнгөн ийин бекем турса экен,
Аял бактысы — жолдошунун ийнинде.

Куттуу уям… анда калган асыл жан,
Атам-энем, аман болсун асылдар.
Бир тууганым, беш шаарым, беш төркүнүм,
Жалгыз иним… көргө койчу асыл бар!

Бир тууганым, жакындарым, балдарым,
Атам-энем, өмүрлүк жар, алганым
Сүйгөн ишим ардактуу ак кесибим,
Эмгегимден үзүр-баар тапканым.
Адамзатка мындан артык не керек,
Аман болсом сатып алам калганын!