14-июнга карата аба ырайы

Синоптиктер билдиргендей, 14-июнда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33;

Таласта түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24;

Нарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25;

Ал эми Бишкек шаарында 14-июнь күнү жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +30…+32 градус көтөрүлөт.