Туу көтөргөн Торгой баатыр

Ээрге коргошундай куюлуп, үзөңгүнү үзө тээп, төрөлгөндөн тарта ат тизгинин мыкчып, мыктылардын арасынан топ жарып чыгып, баатыр атанып, кас менен кармашып, жоо менен жоолашкандардын улуу эрдиги муундан-муунга өтүп келсе, аталарынан уккандарын көөдөнүндө сактап жүргөндөр, өз заманынын баатырларын санжырага салып, ооздон-оозго өткөрүп, ушул күнгө жеткирген экен.

Тоң жергесин мекендеп, калмактар менен болгон акыркы согуштарда баатырдыгын көрсөткөн Торгой баатырдын баяны да мына ушундай санжыраларда сакталып калган. Анын эрдигин эстеп, кийинки муунга өрнөк калтыруу максатында урпактары Торгой баатырдын эстелигин орнотуп, 300 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрдү. Башкысы той, оюнзоок, көңүл ачуу менен эле чектелип калбастан, жаңы бир өзгөчөлүгү катары, мааракенин алкагында кайрымдуулук акциясы да өттү. Анын алкагында бир тууган Нурдин, Алмаз Үсөновдор, жүздөн ашуун муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөттү.

Айкел

Айкелчилик өнөрү менен 24 жылдан бери алектенип, бул убакыт аралыгында Ысык-Көлдүн жээгиндеги, борбор калаадагы, ал эмес Түркиянын бир нече жериндеги айкелдерди тургузууга жетишкен, Торгой баатырдын урпагы Чыңгыз Асаналиевге баатырдын эстелигин даярдоо насип болду.

Айкелчинин талыкпаган эмгеги менен 67 сантиметрлик макет 14 ай дегенде, бийиктиги 4,5 метрлик, салмагы дээрлик 2 тонналык айкелге айланды. Ал эми баатырдын сырткы келбети, санжырада айтылгандарга түспөлдөштүрүлүп даярдалды.

“Эң көп басым санжырага жасалды. Негизинен Саякбай Каралаевдин айткандарына көңүл бурдук. Торгой баатыр жөнүндө Манас сыяктуу эле айткан баяндары бар, ошолорду окуп отуруп ушундай жыйынтыкка келдик”, – дейт Чыңгыз Асаналиев.

Акыркы даярдыктардан кийин айкел өз ордуна, Тоң суусун кесип өткөн кара жолдун жээгине, Бөкөнбаев айылынын кире беришине орнотулду. Эстеликти орнотууга эмне себептен дал ушул жер тандалганын мааракени өткөрүү жана уюштуруу комитетинин мүчөсү Рыскулбек Сулайманбеков чечмелеп берди.

“Биздин ата-бабаларыбыздын жайгашкан жери, өсүп-өнгөн жери ушул тарыхый жерде. Карап көрсөңөр бул жер секи болуп турат. Андан сырткары кара жолдун жээги. Биздин оюбузда, кийин үйлөнгөн Торгой атанын укумтукумдары, ушул жерге келип куран окуп, гүл коюп кетип турса, руханий дүйнөсү кеңейет деген ой”.

“Торгой баатыр” фонду

Баатырдын эстелигин орнотуп, 300 жылдык мааракесин өткөрүүнү Торгой баатырдын урпактары демилгелеп, иш-чаранын чыгымдарын дагы, тойдун жүгүн артынгандар дагы калың эл болду. Негизгиси, маараке эстелик коюу менен гана чектелбестен, улуу инсандын тарыхын, санжырасын чагылдырган 1000 нуска китеп чыгарылды. Андан тышкары, өзгөчө урматтын белгиси катары төш белги даярдалып, мааракени өткөрүүгө эмгеги сиңгендерге таратылды. Андан сырткары, Торгой баатырдын баяны тууралуу калың журтту маалымдоо максатында даректүү тасма тартылып, улуттук телеканалдардан көрсөтүлдү.

Торгой атанын эстелигин тургузуу тууралуу пикир 2018-жылы атактуу чабан Мыйна Кылжыровдун үйүндө Нурбек Иманалиев, Турат Султановдордун ортосундагы баарлашуудан улам жаралат.

Андан көп өтпөй эле, 2018-жылдын февраль айында Торгой атанын урпактары алгачкы кеңешмеге чогулат. Анда Окен Төлөгөнов, Кубат Жангорозов, Кубан Сулайманбеков, Самыйбек Абдиев, Нурбек Иманалиев, Шайдин Шерматов, Тарас Урмамбетов, Майназар Токтомушев, Калыгул Дыйканбаев, Жыргалбай Абдрашитов, Бейшен Шабданов жана Турат Султанов болуп “Торгой ата” коомун түзүшөт.

Торгой баатырдын айкелин тургузуп, мааракесин өткөрүп, китебин чыгарууну максат кылган бул коом, мындан кийин кайрымдуулук иш-чаралары менен алектенмекчи. Бул тууралуу “Торгой фондунун” төрагасы Турат Султанов:

– Ар жыл сайын фондко акча чогултуп турабыз. Ал акчаны айылыбыздагы, районубуздагы жардамга муктаж үйбүлөлөргө жардам катары жумшайбыз. Андан сырткары жакшы окуган балдар, кыздарга чет мамлекетке барып окуганга жардам беребиз. Ошондой эле идиреги бар спортчу улан, кыздарыбызга дагы көмөк көрсөтүүнү чечтик. Фонддун ушундай асыл максаттары бар. Атайын устав да кабыл алганбыз.

Торгой баатырдын тарыхта калтырган изи

Тарыхчылардын айтымында Торгой баатыр өзү жашап өткөн 18-кылымга ысымын ташка тамга баскандай калтырып кеткен.

13-кылымдарга чейинки кыргыздардын турмушу уруулар ортосундагы майда чабыштар менен чектелип тынч өтсө, андан кийинки дээрлик 300 жыл кыргыз коомуна тынчтык болгон эмес. Калмактар менен болгон кармашуулардан улам, кыргыздар Ала-Тоодон 3 жолу сүрүлүп, 3 жолу кайтып келген. Мына ошол салгылашуулардын акыркылары Торгой баатырдын заманына туш келет. Бул тууралуу тарыхчы Амантур Тентиев баяндап берди.

“Калмактар менен болгон акыркы айкаштарда колду атактуу Атаке баатыр менен Бердибек баатырлар жетектешти. Ошондо туш тарапка чабармандар келип, Торгой баатыр жашап турган КетменТөбөгө да келет. Ошондо бириккен кыргыздын туусун мына ушул Торгой баатыр көтөрөт. Эстеликте туунун чагылдырылышы да бекер эмес. Калмактар менен болгон күрөштөгү баатырлардын бири ушул Торгой баатыр”.

Ал эми тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун айтымында кыргыз эли жакында Торгой баатыр тууралуу жаңы маалыматтарга ээ болот.

“Учурда кытайлык тарыхчылар менен кызматташып жатабыз. Алар Торгой баатыр жашаган мезгилге байланыштуу 2800 беттен турган жаңы бир маалымат тарата баштады. Буйурса ошол жарык көрсө дагы көптөгөн жаңы маалыматтарга күбө болобуз”.

Кичине кезинен чыйрак, өз боюна тыкан, жумшаган жакка илгиртпей кете берген элпек Торгой 5-6 жашында торпок үстүндө жаа тартканды, 8-9 жашында тай үстүндө кылыч чапканды, 10-12 жашында колго найза кармап, калкан алууга жөндөмү жетип калат. Көп өтпөй эле калмактын баатыры менен жекеге чыгып, баатыр аталган.

Торгой баатыр эр мүчөлүү эмес орто бойлуу, жеңил, көзгө көпчүлүктөн айырмаланбаганы менен, чечкиндүүлүгү, тайманбастыгы, шар жүрүмү жана эр мүнөзү менен өзгөчөлөнүп турган. Замандын баатырларынан айырмаланып кыргындуу согуш жүргүзгөн эмес. Душманына күндүз барса добулбас кагып, түнкүсүн барса от жагып келгенин билдирген. Торгой баатыр Беккулу, Майназар, Бектемир, Бекназар, Муса аттуу 5 уулдуу болуп, алардын урпактары бүгүн Тоң районунун 7-8 айылын мекендеп турат. Мына ошолор бүгүн той өтүп жаткан Кан дөбөгө кайрадан баатырдын көк ала туусун орнотту.

Кан-Дөбөнүн кежигеси кайрадан элге толду.

Мааракенин жүрүшүндө Бугу уруусунун эн тамгасы басылган асабанын алдына, мындан 300 жыл мурун болуп келгендей эл чогулду. Мааракеге катышуу үчүн өлкөбүздүн жети дубанынан конок чакырылып, Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары катышып, мамлекет башчы Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин атынан куттуктоо сөзүн окуп, өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, коомдук жана саясий ишмерлер, тарыхчылар болуп жалпысынан 3 миңге жакын киши катышты.

Айтсак, атагы дүйнөнү дүңгүрөткөн режиссер Төлөмүш Океевдин 60 жылдык мааракеси да дал ушул Кан-Дөбөдө өткөн. Арадан жылдар өтүп, айтылуу жайлоо кайрадан чоң тойго күбө болду.

Эл колдогон маараке

Торгой баатырдын урпактары мекендеп турган айылдардын активисттери, жалпы эле элдин аракети менен тойго арналып дөбөгө кооздугу, жасалгасы менен көз жоосун алган 80ден ашуун боз үй тигилди. Ошентсе дагы, той өткөрүп, күлүп-жайнап тарап кетпестен, мааракенин алкагында жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмөк катары жардам көрсөтүлгөнү жалпы элге абдан жакты.

“Баарыбызга маалым болгондой, эл арасында жардамга муктаж үй-бүлөлөр жок эмес. Андыктан Тоң районундагы Төрт-Күл, Темир-Канат, Туура-Суу, Бөкөнбаев,Тоң айылдарынын айыл өкмөттөрүнөн муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмесин алганбыз. Ар бир айылдан 25- 30 үй-бүлө болду. Мына ошолорго кайрымдуулук акциясын уюштуруп, ун, суу май тараттык. Элге дагы бул саамалык жакты. Кийин канча той өтсө дагы, кайрымдуулукту унутпай элге дагы жардам бере жүрсөк жакшы болот” – деди Нурдин Үсөнов.

Ал эми тойдун көркүн албетте спорттук оюндар чыгарды. Кан-Дөбөнүн кежигесине чогулган эл балбандарды сүрөп, демине-дем берип турду. Андан сырткары, маараке, элдин бүйүрүн кызыткан ат жарыштары, салбуурун жана көк бөрү менен коштолду. Байге катары 4 автоунаа сайылган мелдештердин жалпы байге фонду 2 млн. сомду түздү.

Катардагы элдин жапа тырмак колдоосу, эмгеги, аракети менен өткөн маараке жогорку мамлекеттик деңгээлде өттү.

Тиленбек АЗЫК