Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Баарынан мурда балыкчыларга даңк!

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


 Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдогу олуттуу айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тогуз айда өлкө экспортунда продукциянын төрт түрү боюнча өсүш болгонун белгилейт.

Балык жана балык продукциясы 10 эсеге (100 тоннага көп), койдун эти – эки эсеге, сүт продукциясы 5 120 тоннага, нак бал – 38 тоннага көп экспорттолгон. Буга ЕАЭБдин рыногу ачылып, өлкөбүздүн ветеринардык контроль системасы Бирликтин башка мамлекеттеринин системаларына эквиваленттүү деп табылганы, Россияга жана Кувейтке кой менен бодо малдын чийки этин экспорттоого убактылуу киргизилген чектөөлөрдүн алынганы, сүт продукциясын жана балды Кытайга экспорттоого уруксат берилгени себеп болгону айтылууда.

Ошондой эле өткөн жылы ЕАЭБдин ишканаларынын бирдиктүү реестринде 87 кыргызстандык ишкана катталса, быйыл ага дагы 21 ишкана кошулган.

Мына ошондуктан, ишкермин дегендер билек түрүп шымаланып иштөөгө киришүү убагы келди.