Абылгазиев: Өкмөт ишкер айымдарды ар дайым колдойт

Өкмөт ишкер айымдарды ар дайым колдойт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бүткүл дүйнөлүк ишкер айымдар күнүн белгилөөгө арналган «Өз алдынча болуу эрдиги…» аттуу конференцияда билдирди.

Өкмөт башчы ишкер айымдардын өлкөнү жана жергиликтүү коомчулуктарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп өттү.

«Айымдар ишкерлиги күн сайын өсүп, «Forbes» журналынын рейтингине кирген миллиардер айымдардын саны көбөйүп жатат. 2010-жылы дүйнөдө болгону 91 аял миллиардер деп белгиленсе, 2019-жылга карата алардын саны 243кө жеткен. Учурда 21 жаштагы Кайли Дженнер эң жаш миллиардер болуп катталды. Буга чейин Facebook тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг эң жаш миллиардер катары саналчу. Бүгүн бул рекорд аял кишиге таандык. Азыр мезгил башка, экономиканын структурасы өзгөрдү. Биздин өлкөдө дагы экономиканын басымдуу бөлүгүнө салым кошкон аялдардын саны жылдан жылга көбөйүп бара жатат», — деди Премьер-министр.

Премьер-министрдин айтымында, өлкөдө экономикалык активдүү калктын 68%ын аялдар түзөт. Алсак, тигүү тармагында иштеген айымдар 90% түзүшөт. Тейлөө тармагында 402 ишкана бар болсо, анын 40%дан ашыгы аялдардын ишканалары. Билим берүү тармагында: өлкө боюнча 74 миң мугалим болсо, анын 69 миңин дээрлик 90%ын аялдар түзөт. 2018-жылы 1095 ишкана болсо, анын 701 же 70% аялдарга таандык. Айыл чарбасында  5 миңден ашык чарбалык ишканалар болсо, анын 40%ын аялдар ачкан ишканалар.

«Советтик мезгилде биз трактор айдап, социализмди курган аялдар менен сыймыктансак, бүгүн биздин кымбаттуу  айымдарыбыз мамлекеттин жашоосунун дээрлик бардык чөйрөлөрүнө тартылган. Ата мекендик экономикада ИДПдагы ишкерликтин үлүшү 42%, тейлөө кызматтары чөйрөсүндө – 44%. Бул экономиканын аялдар басымдуулук кылган тармактары. Калктын 60%ы айыл чарбасына тартылган деп айтуу менен биз мында аялдар башкы кыймылдаткыч күч экенин так ырастай алабыз», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Маалымдама: 2019-жылдын 1-январына карата республика калкынын 3 млн 154 миңин – аялдар, 3 млн 101 миңин – эркектер түзөт. Анын ичинде аялдар: Жогорку Кеңеште – 16%, жергиликтүү кеңештерде – 10%, муниципалдык кызматта – 37%, мамлекеттик кызматта – 42%. Ал эми саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык коргоо чөйрөлөрүндө иштеген аялдар басымдуулук кылат.