Рашит Абдумаликович БОСТОНОВ: «Кыргызнефтегаздын» тарыхында 60 жылдан кийинки жаңы мунай кени ачылуу алдында турат»

Мамлекеттеги чоң ишканалардын баш сабында турган «Кыргызнефтегаз» ААКнын эмгек жамааты акыркы жылдары ийгиликтүү иштеп келүүдө. Аймактарды өнүктүрүү багытында кандай иш алып барып жатышат? Айылдарга газ жеткирүү жумуштары жана алдыңкы жылдарда аткарыла турган жумуштар жөнүндө билүү үчүн «Кыргызнефтегаз» ААКынын төрагасы Рашит Абдумаликович Бостоновду сөзгө тарттык.

– «Кыргызнефтегаз» өлкөдөгү нефти жана газ өндүрүүчү жападан-жалгыз ишкана. Нефти жана газ өндүрүү багытындагы 9 айдын көрсөткүчтөрү кандай болууда?

– Мунай өндүрүү боюнча ушул жылдын 9 айында планда каралган 82 миң тоннанын ордуна 97 миң тонна мунай өндүрүүгө жетишүү менен 9 айга коюлган планды 117%га аткардык. Биздин акционердик коом тарабынан 2019-жылы 115 миң тонна мунай өндүрөбүз деп план белгиленген. Алдыда дагы 3 ай убактыбыз бар, жылдык планды ашыгы менен аткарабыз деген ишеничтебиз, тагыраагы, жыл аягына чейин дагы 140 миң тоннадан ашык нефт өндүрүүнү көздөп турабыз.

– Мунай менен бирге газ өндүрүүгө да өзгөчө басым жасасаңыздар керек? Бул багытта абал кандай, жакшы жылыштар барбы?

– Президент өз жарлыгы менен быйылкы жылды “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыялагандыгы маалым. Ошол себептүү газ бара элек айылдарды газ менен камсыз кылуу үчүн аракеттер көрүлүүдө. 1970-жылдардан бери табигый газды өндүрүү боюнча бургулоо жумуштары дээрлик унутулуп калган десе болот. Акыркы 50 жыл аралыгында газ өндүрүүдө жаңы скважиналар ачылган эмес. Биз бул багытка өзгөчө көңүл буруп, ишти илгерилетүүгө аракеттенүүдөбүз. Учурда кыш мезгилинде газды керектөөчүлөр көбөйүп жатат. Газды өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана элди, ошондой эле мекеме-ишканаларды газ менен жетиштүү камсыз кылуу максатында №900-скважинадан табигый газ өндүрүү үчүн бургулоо жумуштары аяктап калды, б.а. бүгүнкү күнгө белгиленген 2041 метр тереңдикке чейинки бургулоо иштери аяктады. Эми турбина түтүктөрдү түшүрүп, белгиленген жер катмарынан жардыруу иштерин жүргүзсөк, Кудай буюрса газ чыга баштайт. Болжолдуу алганда суткасына 40 миң куб. газ алуу пландалууда. Эгер бул жумуштар ийгиликтүү аяктаса, кыш мезгилинде элди үзгүлтүксүз газ менен камсыздайбыз.

– Жаңы нефти жана газ чыгуучу аймактарды изилдөө жана казуу багытында кандай иштер аткарылууда?

– Өткөнгө саресеп сала турган болсок, «Кыргызнефтисинин» тарыхы 1880-жылдарга туш келет. 1901-жылы V пласттан 5 миң тоннадан ашык нефть алынып, биринчилерден болуп Майлуу-Сай кени ачылган. 1940-жылдан баштап Майлуу-Суу-4, 1944-жылы Избаскент, 1946-жылы Восточный Избаскент кендери ачылган. Ал эми 1952-жылы «Кыргызнефть» өндүрүштүк мекемеси түзүлгөн. Союз учурунда, 1958-жылы “Кыргызнефтегаз” өндүрүштүк мекемеси нефть өндүрүүнүн көлөмүн 490 миң тоннага жеткирген. Чалгындоо, бургулоо, өндүрүү жумуштарына ири өлчөмдө каражат жумшалып келген. Ал эми 1980-1990-жылдардын аралыгында 218 миңден 155 миң тоннага чейин нефть алынып келген. Буюрса, биз ошол жылдагы деңгээлге жеткиребиз деген ишенимдебиз. Азырыкы учурда жаңы «Исбаскент Алаш» деген нефть кен аймагы ачылуу астында турат. «Алаш №1» кудугун бургулап бүтүп, учурда мунай алып жатабыз. Ал эми жаңы «Алаш №2» кудугун 2222 метр тереңдикке бургулоого жетиштик. Дагы 500 метр бургуласак, белгиленген тереңдикке жетебиз. Аталган аймактан үчүнчү «Алаш №3» нефть кудугун бургулоо аракеттери дагы көрүлүүдө. Эгерде үчөөнөн тең мунай чыгып калса, анда жаңы кен ачылган болот. Бул «Кыргызнефтегаздын» тарыхында 60 жылдан кийин ачылган жаңы мунай кени болуп калат.

 – Мунай өндүрүүнү жогорулатуу үчүн бургулоо жумуштарын көбөйтүү зарыл эмеспи? Бургулоо жумуштары боюнча кененирээк токтоло кетсеңиз?

– 2019-жылы 23 800 пагоно метр бургулоо жумуштарын жүргүзүү мерчемделген, жыл соңуна чейин буюрса планды толук аткарууга жетишебиз. Азыркы күндө 4 бургулоочу бригада иш жүргүзүүдө. Бургулоого керектүү болгон бардык шаймандар жана жабдуулар толугу менен алынып келинген. Мунай өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү үчүн 2020-жылга карата 40 000 пагоно метрге жакын бургулоо жумуштарын аткаруу пландалууда. 2019-жылга салыштырмалуу 2020-жылда дээрлик эки эсеге көп бургулоо жумуштары жүрөт. Бул 25ден ашык жаңы нефть скважиналары пайда болот дегендик. Жогорудагы жумуштарды аткаруу үчүн жумушчу топко сөзсүз түрдө көбүрөөк зарылчылыктар пайда болот. Жаңы жумуш орундары ачылат. Нефть өндүрүү тармагында кесипкөй адистерди жумушка тартабыз. Мурда кен иштеринде иштеп, чет өлкөгө чыгып кеткен тажрыйбалуу нефтичилердин өлкөбүзгө кайра келип, иштөөсүнө мүмкүнчүлүктөр жаралат.

А.АСАНБЕКОВА