Коррупциянын канатын кайрыган эки жыл

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда коррупция менен күрөшүүнү ээрге мингендин эртеси эле баштады десек болот. Баштаганда да коррупция менен күрөшүүнүн ордуна, тескерисинче коррупциянын уюгуна айланып кеткен күч структураларынан баштады. Тагыраагы, 2018-жылдын 8-ноябрында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылган Коопсуздук кеңешинин “Кыргыз Республикасынын сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупция менен күрөшүүнүн иш-чаралары” аталган жыйыны өткөн. Коопсуздук кеңешинин ошол жыйынынан кийин күч түзүмдөрүндө көзгө көрүнөрлүк иштер жасалып, коррупция менен күрөшүүдө белгилүү бир жыйынтыктар жасалды.

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Коомду коррупция деген илдеттен тазалашыбыз керек”

“Коррупция менен күрөшүү – өзгөчө маанилүү маселе. Коррупцияны улуттук коопсуздугубузга шек келтирген көйгөй катары баалайм. Коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш – мамлекеттүүлүгүбүздү, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн сактап калууга тете…Бүгүн сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдарынын иши каралат. Булар коррупция менен күрөшө турган органдар. Тилекке каршы, коррупция менен күрөшө турган мамлекеттик структуралар өздөрү коррупцияга малынып, өз милдеттерин толук кандуу аткара албай жатат…Коррупцияга каршы күрөш укук коргоо органдары менен эле чектелип калбайт. Күрөштү бардык чөйрөдө, бийликтин жогорку эшелондорунан тартып, ар бир айыл өкмөтүнө чейин жүргүзөбүз. Коомду коррупция деген илдеттен тазалашыбыз керек. Бул күрөштө эң башкы күч – Президенттин саясий эрки! Кыргыз элимдин, жалпы журтумдун алдында “Коррупция менен күрөшүү – менин мамлекет башчысы катары ишимдеги эң приоритеттүү маселе” деп айткам. Мындай саясий эрк менде бар, мен ал күрөшкө даярмын! Силерден да Кыргызстанбызга, мекенибизге, таза, ак дилден кызмат кылууну талап кылам!”, – деп белгилеген Президент.

Жалпысынан алып караганда, укук коргоо системасы өзүнүн алдына коюлган милдеттерди аткарып, катардагы кызматкерлер күнү-түнү укуктук тартипти жана коомдун коопсуздугун камсыз кылып жатканын баса белгилеген Президент, “бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, бул органдардагы айрым таза эмес кызматкерлер жалпы системанын ишине көлөкө түшүрүп жатканын айткан. Баарыдан мурда күч түзүмдөрү коррупцияны жараткан факторлор менен эмес, негизинен алардан чыккан кесепеттер менен күрөшүү менен алек болуп, коррупцияны жаратып жаткан себептер жоюлбаса, ал кайра эле кайталана берип, күрөштүн жыйынтыгы чыкпай турганын бөлүп көрсөткөн.

Бирдиктүү эсеп…

Эки жыл аралыгындагы башка күч структуралары боюнча маалыматыбыз жок, бирок ИИМ системасынан 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 263 адам – өздөрүнүн милдеттерин так аткара албагандыгы жана орой каталарды кетиргендиги үчүн кызматынан алыныптыр. Мындан тышкары 155 адам тергөө учурунда мыйзамдарды жана жалпы тартипти бузгандыктары же кылмышка катышкандыктары үчүн кызматтарынан четтетилген. Бул акыркылары кайрадан ИИМ системасында иштей албай тургандай болуп, кызматтарынан айдалыптыр.

Албетте, бул жерде коррупция боюнча маалыматтар жок, бирок ИИМ системасы өзүнүн катарынан милицияга көлөкө түшүргөндөрдүн кыйласынан бир жылдын ичинде эле арылып алганын көрүп турабыз.

Учурда Кыргызстандын жалпы күч структуралары коррупция менен күрөшүүгө тартылган. Бул үчүн ошол эле 2018-жылдын 3-июлунда “Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражаттардын Бирдиктүү депозиттик эсеби ачылган. Бүгүнкү күндө бул эсепке 1 млрд. 668,5 млн. сом которулган. Карап көрсөк баарынан көбүрөөк Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы которуптур – 769 млн. 92,4 миң сом, Башкы прокуратура – 597 млн. 44,9 миң сом, УКМК – 313 млн. 291,7 миң сом, ИИМ – 7 млн. 85,8 миң сом которуптур. Муну менен Кыргызстандын күч структуралары коррупция менен майнаптуу күрөшө баштады, бул үчүн күч түзүмдөрдөгү коррупция менен коюн-колтук алышкан элементтер тазаланууда деп ишенимдүү айта алабыз.

Коррупциядан түшкөн каражаттарга мектептер курулат

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражаттардын Бирдиктүү эсебинде топтолгон акча каражаттарын авариялык абалдагы мектептерди ремонттоо жана жаңысын куруу, мектептер үчүн кошумча имараттарды салуу демилгесин көтөргөн. Ошону менен бул каражаттарга Бишкек шаарында – 7, Чүй облусунда – 7, Ош шаарында – 1, бардыгы 15 мектеп курулмай болгон. Учурда бул белгиленген мектептердин көпчүлүгү бүткөрүлүп, айрымдары ремонттон өткөрүлүп, кошумча имараттар салынып жатат.

Мындан тышкары ЖЭБ, Тарых музейи өңдүү уккандын оозун ачырган коррупциялык иштердин бети ачылып жатканы көпчүлүккө белгилүү.

Сөзүбүздүн аягында Президент Сооронбай Жээнбеков Президенттик кызматындагы эки жылда Кыргызстанда коррупция менен күрөшүүнү күч структураларынан баштаганы туура болгондугун, күч түзүмдөрүнүн жалпы аракети белгилүү бир жыйынтыктарды берип жатканын баса белгилеп кеткибиз келет.