Жолдор адамдарга кубаныч, өлкөгө өсүп-өнүгүү алып келет

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу


Акыркы эки жылда Кыргызстандын социалдык-экономикалык турмушунда, анын ичинде жол курулуш тармагында көзгө толоорлук, ооз толтуруп мактанып айтууга болоорлук иштер жасалууда. Алыс барбай эле, Түндүк-Түштүк альтернативалуу автомобиль жолундагы эстакадалык көпүрөнү айтсак, келечекте бул көпүрө жөн гана карымкатнаштын ажырагыс бир бөлүгү гана эмес, Кыргызстандын ажайып көрүнүшүнө куш учкан бийиктиктен көз салууга мүмкүндүк берген, туристтерди өзүнө тарткан ажайып көпүрө болуп калары шексиз.

Ал эми түндүк-түштүк альтернативдүү автожолу тууралуу айтсак, аталган долбоордун 1- жана 2-фазаларынын алкагында 539,1 млн. долларга куруу иштери аяктады. Буюрса, аталган жолдун 1,2 фазасынын курулуш иштери, тешкен тоону казуу жана эстакадалык көпүрөлөрдү куруу иштери 2020-жылы аяктап, эл түндүк-түштүк альтернативалуу автожолунун кызматынан пайдаланып калышат. Бул багытта иштер кызуу жүрүүдө. Жол куруучулар күн тынымын билбей иштеп жатышат. Айтсак, учурда жолдун 3-фазасынын алкагында Жумгал районунун аймагындагы Дыйкан-Кызыл-Жылдыз участогунун курулуш иштерин аткаруу үчүн бөдрөтчүнү тандоо иштери аяктап калды.

Эми БАРЭК долбоору тууралуу эки ооз сөз айта кетели. БАРЭК 1 жана БАРЭК 3 транспорттук коридорлорун бириктирүүчү Арал-Суусамыр жолун калыбына келтирүү долбоору фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча КРнын Өкмөтүнүн кеңеши тарабынан бекитилген. БАРЭК 3 коридорун жакшыртуу долбоорунун алкагында Бишкек – Кара-Балта жолунун реконструкциясы улантылууда. Бүгүнкү күндө жалпы иштердин 45%ы аяктады. Же тагыраак айтканда, 45,1 чакырым жолдун 23 чакырымы бүттү. Бишкек-Кара-Балта жолунун реконструкциясы 2021-жылга чейин аяктап калат. Азыркы учурда жол курулушун жаңы технологияларсыз элестетүүгө эч мүмкүн эмес. Түндүк-түштүк жана Бишкек – Кара-Балта автожолунда асфальт-бетондун бодуракаймастикалык жаңы түрү колдонулуп жатканын да айтып кетсе болот. Дегинкисинде, мындай жаңылыктар жол курулуш жана жолтранспорт тармагында аз эмес. 2018-жылдын 1-декабрынан Бишкек-Ош автожолундагы “Сосновка” жана “Кара-Көл” өткөрмө пунктарында төлөм терминалдары, видеокамера жана автоматтык түрдөгү тосмолорду пайдалануу менен “тешкен тоодон өтүү үчүн акы алуунун жаңы системасы” киргизилгенин жаңы технологиянын жаңылыгы катары белгилей кетсек болот. Ии, баса, 2018-жылдын июнь айынан 907 чакырымга созулган, анын 604 чакырымы Чүй облусунда орун алган, 303 чакырымы “Бишкек-Ош” жолундагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун паспорттоштуруу жүргүзүлүүдө. 2019-жылы, же тагыраагы быйыл, жаңы технологияны колдонууну ишке ашыруу алкагында Көк-ЖарАла-Тоо автожолунун 3,6-3,85 чакырымдагы сыноочу участкасында 200 метрге тапталып ныкталган бетон төшөлдү. Келечекте буга окшогон жаңы технологияны колдонуу иштери уланмакчы. 2020-жылы жаңы технологияны колдонууну ишке ашыруунун алкагында аралыгы 20 чакырымга созулган сыноочу участкада “Фактурит-С” модификаторун колдонуу менен асфальтбетон төшөлөт.

Кыргызстан, анын ичинде Ысык-Көл облусу дегенде көз алдыбызга туристтер жана эс алуучулар элестейт эмеспи. Балыкчы-Корумду автожолун курууда анын туризм тармагына кошо турган стратегиялык мааниси эске алынган. Буюрса, Балыкчы-Корумду жолу да бүткөрүлүү алдында турат. Баштагыларын айтпаганда, Балыкчы-Тамчы-ЧолпонАта-Корумду автомобиль жолунун 52,0 км. реконструкцияланды, 8 көпүрөнүн курулушу бүттү. Учурда, Корумду-Балбай баатыр участогун ишке ашыруу тууралуу донорлор менен каржылоо иштери сүйлөшүлүп жатат. Окурмандардын эсинде болсо, Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду автомобиль жолу аны менен токтоп калбайт, тээ башында эле Ысык-Көл айлампа жолун долбоорлоо иштери буга чейин да айтыла келген. Аталган багыттагы иштер аяктап калса эле, айлампа жолдун иштери башталат деген ишенич бар.

Ушерден кошумчалап кетчү нерсе, Түп-Кеген автожолун 2020-жылдан баштап, 2024-жылга чейин аяктоо пландаштырылууда. Аталган долбоордун алкагында Түп-Кеген автожолунун 39-чакырымынан 76-чакырымына чейинки аралыгын жана Каркыра капчыгайында жайгашкан туристтик эс алуу жайына алпаруучу узундугу 15 чакырымды түзгөн жолду реабилитациялоо, мындан тышкары Ысык-Көл облусунда туризм мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган геопарктарды өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоор жана башка компоненттер каралган.

Эми эл аралык долбоорлор тууралуу айтсак, өлкөбүздүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу максатында КытайКыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгы көп нерседен үмүттөндүрөт. Эгер бул долбоор ишке кирип калса, өлкөбүздүн түндүгү менен түштүгү гана темир жол тармагы менен бириктирилип эле тим болбостон, анын өзү бизге Евразия мейкиндигинин чар тарабына темир жол түйүндөрү аркылуу да жол ачып, буга чейин кызмат кылып келген темир жолго альтернатива болуп калат. Буга окшогон эле ири долбоорлордун бири Манас аэропортун реконструкциялоо экенин айтып коюуга тийишпиз. Бүгүнкү күндө бүтүндөй дүйнө аба каттамдары аркылуу байланышып калды. Географиялык жактан алып караганда, Кыргызстан континенттин чок ортосунда жайгашкан. Батыштан чыгышка, чыгыштан батышка, түндүктөн түштүккө, түштүктөн түндүккө, бир континенттен кийинки континентке учкан жүргүнчү жана жүк ташыган учактар жолдо бир токтоп, кайра абага көтөрүлүүгө ыңгайлуу аймакта жайгашкан. Эгер бул долбоор ишке ашып калса, Манас аэропорту жылына миллиондогон жүргүнчүлөрдү, миңдеген учактарды кабыл алып узаткан хабка айланып калышы толук ыктымал. Учурда бул багытта ири эл аралык институттар менен мамлекеттикжеке өнөктөштүк принциптеринде инвестициялык долбоорлорду тартуу маселеси талкууланууда.

Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында, жергиликтүү маанидеги жолдорду курууга да чоң маани берилген. Бишкек-КараБалта, Маданият айылы-Жалал-Абад шаары, Нарын облусу боюнча Караван айылынан Көк-Талаа айылына чейин, Баткен облусунда Исфана-Кайрагач КПП/Маданият, БаткенТөрткүл, Баткен КПП – Кызыл-Бел/Гүлистан участкаларында толук масштабдуу курулуш иштери жүрүүдө. Айтсак, Баткен – КызылБел автожолундагы оңдоо иштери жана Исфана – Сүлүктү, Кольцо – Кайрагач, Баткен – Төрткүл участкаларындагы негизги иштер аяктап калды.

2018-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен 310,4 км. автоунаа жолу оңдолсо, 2019-жылы жалпы узактыгы 325 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул акыркы жылдарга салыштырмалуу эң жогорку көрсөткүчтөрдөн болуп саналат. 130 чакырымга жолдун үстүн бодуракайлоо иштери жүрдү. 13,9 км. кара жолго шагыл төгүлүп, мисирейте тапталды. 107,2 км. шагыл төгүлүп, тегизделди. Алты көпүрөнүн курулушу аяктады. Бул сандар жол тармагындагы айрым бир гана көрсөткүчтөр. Жолдо эмнелер курулуп, эмнелер ишке берилип жатканына мезгил жана жалпы калайык-калк күбө. Жолдор адамдарга кубаныч, өлкөгө өсүп-өнүгүү апкелген жолдор болсун.