Жээнбеков: Бир дагы жеткинчек бала светтик илимден четте калбоосу керек

Өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кедергисин тийгизген көрүнүштөргө мамлекет жол бере албайт. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков 21-ноябрда «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» аттуу эл аралык конференциясында билдирди.

Анын айтымында, коомдун тынчтыгын камсыз кылууну мамлекет өз мойнуна алган. Азыр көп сандаган жаңы агымдар, секталар, мазхабдар жана тарикаттар пайда болду. Диний себептер менен бөлүнүп–жарылууга, диний сабырсыздыкка, албетте, диний экстремизмге тыюу салынат. Өлкөбүздүн тынчтыгын, коомубуздун биримдигин — мамлекет бардык зарыл болгон каражаттарды колдонуу менен коргойт.

«Өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кедергисин тийгизген көрүнүштөргө мамлекет жол бере албайт. Мамлекеттин диний чөйрөнү тескөө иштери мындан активдүүрөөк болот. Ислам жана Православие — биздин руханий мурасыбыз, аларды бүгүнкү күнү баа жеткис дөөлөт катары баалайбыз. Ушул руханий байлыктарды мамлекеттин өнүгүүсү үчүн сабаттуу колдонушубуз керек», — деди Жээнбеков.

Президент белгилегендей, жеке эле дин эмес, маданият, тил, кадаа-салт, илим, билим берүү жаатындагы терең кызматташуу — өлкөлөр ортосундагы ынтымактын негизги фактору болуп саналат.

«Бир жагдайды баса белгилей кетейин. Бир дагы жеткинчек бала светтик илимден четте калбоосу керек. Биздин Конституциябыздын 45-беренесинде „негизги жалпы билим алуу милдеттүү“ деп так жана даана жазылып турат. Ошондуктан медреседе болобу, чиркөөдө болобу, диний билим берүү иш-аракети мамлекеттик негизги жалпы билим алууга кедерги болбошу керек», — деп белгиледи Өлкө башчысы.