Кепилденген минималдуу кирешенин көлөмү 1000 сомго чейин жогорулаттылды

Өкмөт кепилденген минималдуу кирешенин көлөмүн 900дөн 1000 сомго чейин жогорулатты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн маалымдашты.

Маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Чечим 2019-жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирет.

«Кепилденген минималдуу кирешенин көлөмүн жогорулатуу жөлөк пул менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарды камтууну жакшыртат», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кепилденген минималдуу кирешенин өлчөмү акыркы жолу 2016-жылы 900 сомго көтөрүлгөн.