Министр Чыңгыз АЙДАРБЕКОВ: «Байыртадан эле кыргыз-казак бир тууган эл болуп эсептелет»

Даярдаган Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


27-ноябрда Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келет. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Казакстандын ТИМинин дипломатиялык «Дипломатия жаршысы» журналына берген интерьвюсун бир катар кыскартуу менен жарыялайбыз.

 – Урматтуу Чыңгыз Азаматович! Казакстан менен Кыргызстанды эки элдин көп кылымдык достугу жана бир туугандык мамилелери байланыштырып келет. Кыргызстандын эгемендик жылдарындагы жетишкендиктерине токтолуп кетсеңиз?

– Кыргызстан эгемендик жылдарында татаал сыноолорду, мамлекеттин турмушундагы кыйын күндөрдү баштан өткөрдү, ошол эле учурда калкыбыздын башкы байлыгы болгон элдин биримдигин, өлкөнүн көз карандысыздыгын бекемдей алды.

Кыргыз Республикасы – жаш, көз карандысыз, өзүнүн экономикасын өрүш алдырган, реформалар аркылуу алдыга карай туруктуу өнүгүүгө бет алган демократиялык мамлекет. Өкмөттүн жүргүзгөн саясаты өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулуктун, экономиканын бардык багытында: айыл чарбасында, өнөр жайында, тейлөө тармагында өсүп-өнүгүүнүн сакталышына мүмкүндүк түзүүдө. Кыргыз Республикасы тышкы саясатта улуттун кызыкчылыгына жооп берген, көп векторлуу туруктуу саясатты жүргүзүп келет. Бүгүнкү күндө биздин жакын коңшуларыбыз болгон – Орто Азия мамлекеттери менен чын ыкластан коңшулук, ишенимдүү өнөктөштүк, бардыгын камтыган тең укуктуулук мамиле түзсөк, Россия, Кытай жана Индия, ошондой эле батышчыгыш өлкөлөрү менен стратегиялык өнөктөштүк мамилебизди чыңдай алдык. Албетте, бизге дагы көп нерсени жасоого туура келет, бирок мен өлкөбүздүн келечегине абдан ишенимдүүлүк менен караймын.

– Бүгүнкү күндөгү Кыргызстандын тышкы саясаттагы стратегиясына, кыргыз дипломатиясынын мындан аркы өнүгүү жолдоруна кандай карайсыз?

– Кыргызстандын тышкы саясаты өлкөнүн ички өнүгүүсүнүн талаптарын жетекчиликке алат, бул бардык өнөктөштөр менен эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда, анын ичинде аймактык биримдиктердин жана эл аралык уюмдардын алкагында, тең укуктуу диалогдун негизинде жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасы Борбор Азия өлкөлөрү менен жакын коңшулук, достук жана тең укуктуу мамилени колдойт жана алып барат. Жалпы алганда жакынкы жана алыскы өлкөлөр, ошондой эле эл аралык уюмдар менен өз ара пайдалуу кызматташтыктын сакталышына кызыкдарбыз жана аны мындан ары өнүктүрүүгө өзгөчө маани беребиз. Кыргыз Республикасынын тышкы саясатында көз карандысыздыкты, аймактык бүтүндүктү жана улуттук коопсуздукту камсыздоо, улуттук кызыкчылык тарды коргоо жана алдыга жылдыруу, өлкөнүн тышкы саясаттагы ресурсун диверсификациялоо жана социалдыкэкономикалык өнүгүшү үчүн тышкы саясатта жагымдуу шарттарды түзүү, чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзамдык кызыкчылыктарын, укугун коргоо негизги артыкчылыктуу багытыбыз болуп саналат.

– Жакында Казак Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик иш сапары менен Бишкекке барат. Сиздин көз карашыңызда бул иш сапарынын мааниси канчалык?

– Эң биринчи, урматтуу КасымЖомарт Токаевдин Казак Республикасынын Президенти катары өзүнүн инаугурациясынан кийин биринчи чет өлкөгө иш сапарын Кыргыз Республикасынан баштагандыгын жана Шанхай Кызматташтыгы Уюмунун саммитине катышкандыгын белгилеп кетким келет. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казак Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин биринчи жолугушуусу 2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында ЕАЭБдин мааракелик саммитинин алкагында болуп өткөн. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын башчысы өзүнүн казакстандык коллегасын Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырган болчу. Бул чакыруу ушул жылдын ноябрь айында кабыл алынып, биз Казак Республикасынын Президентин Кыргыз Республикасында күтүп жатабыз.

Алдыдагы Казакстандын Башчысынын иш сапарынын мамлекеттик статуска ээ болгондугу, эки өлкөнүн өз ара саясий мамилесинин өтө жогорку деңгээлин күбөлөндүрүп турат. Иш сапарынын алкагында Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңештин кезектеги жыйыны өтүүсү күтүлүүдө, мамлекет башчылары күн тартибиндеги эки тараптуу актуалдуу маселелерди, ошондой эле мурда жетишилген келишимдердин аткарылышын талкуулашат.

Кол коюлуусу күтүлүп жаткан документтердин арасында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы үч жылдык мөөнөткө эсептелинген, кызматташтыктын бардык чөйрөсүн камтыган кызматташтыктын Комплекстүү программасы, ошондой эле бир катар маанилүү эки тараптуу макулдашуулар бар.

Алдыдагы жогорку деңгээлдеги иш сапары өзгөчө мааниге ээ, ал кыргызказак мамилесин жаңы деңгээлге чыгарып, өз ара пайдалуу стратегиялык өнөктөштүктүн мындан ары да тереңдешине кошумча дем берет.

 – Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара мамиленин учурдагы деңгээлине жана кызматташтыктын мындан аркы келечегине кандай баа бересиз?

– Биздин өлкөлөрдүн жана элдердин өз ара мамилесинин мүнөзү тарыхый терең тамырлар, тагдырыбыздын жалпылыгы, туугандык байланыштар, кылымдарды камтыган достук менен аныкталат. Байыртадан эле биздин элдер бир тууган болуп эсептелет, кыргыз-казак кыйындыкта бир-бирин колдоп, кайгыкубанычтарын тең бөлүшүп келишкен. Биз ата-бабаларыбыздан мураска калган ушул салтыбызды жана баалуулуктарыбызды сакташыбыз жана мындан ары өнүктүрүшүбүз керек. Бул принциптер жана баалуулуктар негизги эки документте, аттары эле айтып тургандай – “Түбөлүк достук жөнүндө” жана “Ынтымакташтык мамилелери жөнүндө” келишимдеринде камтылган. Биздин өлкөлөрдүн өз ара мамилелери дал ушул достуктун, ынтымакташтыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде өнүгүүдө.

Мен бул жерде Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Н.А.Назарбаевдин Кыргыз Республикасы менен өз ара пайдалуу кызматташтык жана ишенимдүү чыныгы бир туугандык мамиле түзүүдөгү тарыхый ролун баса белгилеп кетким келет.

 Н.А.Назарбаев өзүнүн сүйлөгөн сөздөрүнүн биринде мындайча белгилеп кеткен: “Дүйнөдө тагдыры ушунчалык тыгыз байланышкан кыргыз-казактай элдер аз. Тарыхы жана туугандык байланыштары, миллиондогон адамдардын тагдырынын чырмалышы, жалпы максаты жана умтулуусу бир – ушунун баары биздин биргелешкен келечегибиздин кебелгис пайдубалы. Бул эки элдин тарыхый баалуулуктары болуп саналат, аны келечектеги муундар үчүн сакташыбыз жана өнүктүрүшүбүз зарыл”. Бул сөздөр менен макул болбой кое албайсың.

Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын көрүнүктүү көрсөткүчү болуп Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылдын декабрь айында Казакстан Республикасына жасаган расмий иш сапары саналат, анын натыйжасында биз эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек араларды укуктук жактан жөнгө салууну аяктадык.

2018-жылдан бери Кыргызстан менен Казакстандын Президенттери 5 жолу жолугушту, быйылкы жылы Казакстандын Премьер-министри А.У.Мамин жана Казакстандын Тышкы иштер министри Б.Б.Атамкулов Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келип кетишти. Эки өлкөнүн Өкмөт башчыларынын төрагалыгы астында кыргыз-казак Өкмөттөр аралык Кеңешинин 8-жыйыны болуп өттү.

Биз акыркы жылдарда бир катар актуалдуу маселелерди чече алдык. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү казак тарабынын суу-энергетикасы жаатындагы сунуштарын жана маселелерин оң жагына чечти. Быйылкы жылы Казакстандын Жамбул облусу сугат суулары менен толук көлөмдө камсыз болду. Муну менен казак туугандар вегетациялык мезгилдеги сугат сууларынын жетишсиздигинен кутула алышты. Ошондой эле кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “Кең-Булуң” жана “Токмок” өткөрмө бекеттеринин статусун эки тараптуулуктан көп тараптуулукка өзгөртүү маселеси дагы чечилди.

Алдыда – кыргыз-казак мамлекеттик чек араларындагы айрым өткөрмө бекеттерди модернизациялоо, соода жүргүзүүдөгү калган тоскоолдуктарды алып салуу, Кыргыз Республикасынын оор жүк ташуучу унааларынын Казакстандын аймагы аркылуу Россияга жана башка өлкөлөргө транзиттик өтүүсүнө байланышкан бир катар маселелерди чечүү зарылдыгы турат.

Казакстан менен кызматташтыктын келечегине жана мындан ары да тереңдешине Казакстан Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасына алдыдагы мамлекеттик иш сапары чоң өбөлгөлөрдү түзөт деген үмүттөбүз.

Биз эки элдин кылымдардан келаткан достугу жана бир тууганчылыгы дагы жүздөгөн жылдарга улана берээрине, ал эми биздин өлкөлөрдүн кызматташтыгы аныгында эле үлгү болуп саналаарына бекем ишенебиз.

– Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы экономикалык карымкатнашынын кайсы артыкчылыктуу багыттарын бөлүп көрсөтө аласыз?

– Кыргыз Республикасы үчүн Казакстан менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү өзгөчө мааниге ээ. Акыркы жылдарда бул өңүттө өз ара соода жүргүзүүдө алдыга өсүштөр байкалууда.

2018-жылы эки тараптуу товар алмашуу 842,4 млн. долларга жетип, 2017-жылга салыштырмалуу 6,7 пайызга өстү. Быйылкы жылдын январь-май айларында өз ара соода жүргүзүү, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 23 пайызга өстү жана 385 млн. долларды түздү. Ушул күндөрү Казакстанга Кыргызстандан 2018-жылга караганда 13,5 пайызга көбүрөөк товар экспорттолду, ал эми импорт 28 пайызга жетти.

Биз, ушул жылдын март айында кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык көзөмөлдүн алынышына жана Кыргызстандын ветеринардык системасынын эквиваленттүүлүгүн ЕАЭБдин алкагында таанууга байланыштуу маселелерди чече алдык. Казакстан тарабы убактылуу фитосанитардык чектөөлөрдү алып салды.

Эки тарап, атамекендик айыл чарба продукцияларын, алып айтсак экологиялык жактан таза биздин алмаларды Казакстандын рыногуна чыгаруу тууралуу келишимге да жетише алды.

Кыргыз-казак экономикалык байланышынын келечектүү багыттарынын ичинен биз, соода тармагын, гидроэнергетиканы, жеке ишкерлердин түз байланыштарын кеңейтүүнү жана колдоону, өндүрүш кооперациясын, транспорт жана коммуникацияны, кайра иштетүүнү, айыл чарба продукцияларын сактоону жана жеткирүүнү өзгөчө бөлүп карайбыз.