Калкты таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жыл сайын 30 миңге жакын ичеги-карын оорулары катталат жана катталбай калгандары да жок эмес. Ичүүчү суу аркылуу жуга турган ооруларга каршы күрөш өлкөнү жыл сайын 4,8 млрд. сомдон ашык чыгымга алып келет. Таза суу маселесин чечпей туруп, туризмди, айыл аймактарын, жалпы эле экономиканы өнүктүрүү мүмкүн эмес. Президент С.Жээнбеков мына ушуларды эске алып, биринчи кезекте, калктуу конуштарда таза суу маселесин чечүү зарылдыгын алдыңкы орунга коюп, ар бир айылды суу менен камсыздоону жеке өзүнүн көзөмөлүнө алган.

Натыйжада, Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы кабыл алынып, анда калкты таза суу менен камсыздоо – приоритеттүү багыт катары аныкталган, буга ылайык Өкмөткө 2023-жылдын аягына чейин калктуу конуштарды 100 пайыз таза суу менен камсыздоо милдети коюлган. 2019-жылга республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу таза суу тармагына 350,0 млн сом каралып, титулдук тизмеге 117 айылды таза суу менен камсыздай турган 73 объекттин курулушу пландаштырылса, анын ичинен 6 объекттин курулуш иштери 2018-жылы бүткөн. Мындан сырткары, быйыл 5 объекттин курулуш иштери бүткөрүлүп, 40 объектте курулуш жумуштары жүрүп жатат. Мындан сырткары, 4 объектте курулуш иштерин жүргүзүүгө келишим түзүлүп, 4 объектте архитектуралык-пландоо шарттары (АПШ) жана Инженердик-техникалык шарттар (ИТШ) даярдалууда жана 1 объекттин жер участогун трансформациялоо маселеси чечилүүдө. Он обьект боюнча долбоорлоо-сметалык документтери иштелип чыккан жана бир объект боюнча курулуш иштерине тендер өткөрүлүп жатат. Үч объекттин долбоорлоо иш-кагаздары мамлекеттик экспертизанын кароосунан өтүп жатат жана Финансы министрлиги тарабынан каралган 350,0 млн. сом толугу менен которулуп берилген, 2019-жылы 22 айылдын таза суу системасын бүтүрүлүшү пландалып 5 объектте (9 айылда) иш бүткөрүлгөн. Буга – Талас облусундагы Манас районуна караштуу Ак-Таш жана Таш-Башат айылдарында, Ош облусунун Араван районундагы Авис айылында, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы С.Чокморов айылында, Жалал-Абад облусундагы Сузак районуна караштуу 5 айылын камтыган “Сафаровка” долбоорунун бүткөрүлгөн курулуш иштери кирет.

***

Булардан сырткары, БДБ тарабынан 71,4 млн. долларга Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын 117 айылында жана 8,0 млн. долларга Кербен, Сүлүктү шаарларында АРИС аркылуу “Таза суу” долбоору ишке ашырылууда жана 2019-жылдын аягына чейин 10 айылда жана 2 шаарда курулуш иштерин бүткөрүү пландалууда.

Бүгүнкү күндө 3 айылда (Москва районундагы Төлөк айылы, Сокулук районундагы Маловодное жана Алмалуу айылдары) курулуш иштери бүткөрүлдү жана 3 айылда (АкСуу районунун Челпек айыл аймагындагы 3 айыл) ноябрь айында бүткөрүлөт.

Дүйнөлүк банк тарабынан 2020-жылы 11 айылда, 2021-жылы 28 айылда, 2022-жылы 26 айылда, 2023-жылы 28 айылдарда курулуш иштерин бүтүрүү пландалууда.

***

Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан (1-фаза) 17,0 млн. доллар каралып, Жалал-Абад облусунун 24 айылына таза суу системасын куруу пландалып, азыркы учурда 7 айылдын курулуш иштерине тендер жарыяланды, бир айылдын (Кара-Тектир) курулуш-монтаждоо жумуштары жүрүп турат. Ал эми калган айылдар боюнча тендерге жарыялоо үчүн иш кагаздар даярдалууда. Мындан сырткары ИӨБ тарабынан (2-фаза) Баткен жана Талас облустарынын 130 айылын таза суу менен камсыз кылуу үчүн 20,0 млн. доллар жана Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан дагы 30 млн. доллар бөлүп берүү каралган.

Ислам өнүктүрүү банкы менен 20,0 млн. долларга келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзам кабыл алынды. Ал эми Сауд өнүктүрүү фонду менен 30,0 млн. долларга келишимге 10-сентябрда кол коюлуп, ал Суу ресурстар агенттиги тарабынан Өкмөттүн кароосуна киргизилген.

***

Азия өнүктүрүү банкы тарабынан Нарын облусунун 31 айылын камтый турган ири долбоорду каржылоого 32,9 млн. доллар каралып 2019-жылдын 11-13 сентябрында эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү жана ноябрдын орто ченинде келишимге кол коюу пландалууда.

Мындан сырткары, 41,82 млн. долларды түзгөн Ысык-Көл облусунун Каракол жана Балыкчы шаарларынын саркынды суу системаларын куруу жана реабилитациялоо долбоору боюнча келишимге кол коюлуп, ратификациялоо жөнүндө мыйзам 16-июлда күчүнө кирген. Азыркы учурда долбоор ишке ашырылып жатат. Аталган долбоор 2019-жылдын 16-августунда толук күчүнө кирип, бүгүнкү күндө долбоорду ишке ашыруу боюнча тендердик процедуралар жүргүзүлүп жатат.

***

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан республикабыздын 20 шаарында, 3 айыл аймагында жана 1 долбоор таза суу жана саркынды суу курулмаларын курууга жана реабилитациядан өткөрүүгө 199,2 млн. доллар каржыланып жатат.

Бүгүнкү күндө Кант шаарында, Бишкек, Ошто таза суу долбоорлору ишке ашырылууда. Ошондой эле Нарын шаары боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө, үч айыл өкмөттүн (Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб) долбоору ратификациялоо жөнүндө мыйзам кабыл алынды. Жалал-Абад 2-фаза жана Каракол долбоорлорун ратификациялоо жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Исфана, Кербен боюнча келишимдерге 13-сентябрда кол коюлуп, келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору 23-октябрда Өкмөткө киргизилген.

Мындан тышкары, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан республиканын айыл статусундагы райондук борборлоруна жана 10-12 миңден ашык калкы бар айылдарды камтыган жаңы долбоорго 100,0 млн. евро бөлүп берүү каралып, учурда долбоорду ишке ашыруунун механизмдери иштелүүдө. Долбоорду ишке ашыруу 2020-2023-жылдар аралыгына белгиленген.

***

Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен 100,0 млн. доллар көлөмүндөгү акча каражат келишимине кол коюлуп буга Жалал-Абад облусунун 105 айылынан турган тизмеси түзүлүп, азыркы кезде кытай адистери тарабынан долбоорду ишке ашыруунун талаптарына ылайык, техникалык изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат.

***

Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду менен 200,0 млн. доллар көлөмүндөгү “Таза суу” долбоору боюнча меморандумга 2019-жылдын 19-ноябрында донордук конференция алкагында кол коюу пландаштырылууда.

Жогорудагы көрсөтүлгөн бардык булактардын эсебинен таза суу долбоорлорунун алкагында 2019-жылдын аягына чейин 32 айылда жана 3 шаарда таза суу долбоорлорун аяктоо пландалууда. 1-ноябрга карата 12 айылда жана 1 шаарда таза суу менен камсыз кылуу иштери бүткөрүлгөн.