Сулайманов Саймаитинин өлүмүн иликтеген комиссиядан чыкканын жарыялады

Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу окуяларды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамынан чыкканын Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, омиссиянын ишинин жүрүшүнө жарандык коом, журналисттер, депутаттар көз салып турат.

«Кытай жараны Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн комиссиянын курамынан чыктым. Мени элге жаман көрсөтүү аракети күч алгандыктан, эл өкүлдөрү ушул болуп жаткан иштерди иликтеш керек деп комиссия түзүүнү демилгелегем. Ошондуктан, коомчулукта эч кандай шек жаралбашы үчүн комиссиядан чыгууну чечтим», — деп билдирди А.Сулайманов.

Белгилей кетсек, 21-ноябрда Алтынбек Сулайманов Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштаган. Аталган депутаттык комиссияга мүчө болгондордун арасында Искендер Матраимов да бар болчу. Бирок ал коомчулук тарабынан сын айтылгандан кийин комиссиянын курамынан чыккан.