“Альянс-Алтын” өлкөбүз үчүн ак жолтой болсун

Кыргызстандын экономикасы үчүн өтө маанилүү окуя 11-ноябрь күнү орун алды. Кырк жылдан бери багы ачылбай келген айтылуу Жерүй кенинен алтын өндүрүү иши расмий түрдө старт алды. Орусиялык “Альянс-Алтын” ишканасы мамлекетке, элге берген убадаларын, милдеттерин так, туура аткарып, ак ниет инвестор экенин далилдей алды. Келе жаткан жылдын жаз алды менен алгачкы алтынды өндүрөбүз деп турган “Альянс-Алтын” ишканасы өлкөбүз үчүн ак жолтой болуп, Кыргызстандын өсүп өнүгүгүшүнө өзгөчө салым кошот деген ишенич менен баяныбызды баштасак. Бул салтанаттуу ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Президенттин өкүлдөрү катышып, Жерүй кениндеги иштин башталышы жалпы өлкөбүз үчүн мааниси зор экенин айтышты. Көптөн күттүргөн иш Талас облусунун Казыятынын казысы Таалай ажы Батиевдин батасы менен башталды.

Салыгы менен салымы миллиардды барып чапчыды

Ачылыш аземи дегенибиз менен ага чейин өтө көп иштер жасалганын, иш башталганга чейин эле “альянсчылар” мамлекетибизге, өзгөчө Талас облусуна өтө көп жардамын берди, миллиондогон салыгын төктү, жүздөгөн элге татыктуу маянасы бар иш берди. Тактап айтсак, 2015-жылдан 2019-жылдын сентябрь айына чейин “Альянс-Алтын” мамлекеттин бюджетине 569 млн. сом салык төлөгөн. “Бакубат Талас” фондуна баштапкы үч жыл 100 млн. сомдон төлөп келсе, быйылкы жылдан баштап 150 млн. сом фондко которуп берди.

Кийинки жылдын март айынан тарта алтынды бөлүп алуучу фабрика ишке берилиши менен мамлекеттик казынага төлөнчү сумма кыйла өсүп баштайт. Болжол менен төлөмдүн суммасы 2 млрд. сомго чейин жетип, өлкө бюджетинин бир бөлүгүн түзөт. “Альянс-Алтын” Жерүй үчүн баш аягы 1 млрд. доллар жумшады. Ачык сынактан лицензия утуп алганда компания 100 млн. доллар төккөн. Мурдагы бийликтегилердин алдым-жуттумдугу менен пайда болгон эл аралык соттордогу доолорду жабууга 580 млн. доллар жумшалган. Кенди ишке берүүгө жумшалган 300 млн. доллар, жаңы жылга чейин жумшалуучу 100 миллион доллар асмандан түшүп калган жок. Ошондой эле кенде азыркы тапта 700 киши эмгектенишүүдө. Ишкананын жетекчиси Михаил Шубиндин айтымында алтын ылгоочу фабрика ишке берилип, толук кандуу алтын өндүрүлүп баштаганда алардын саны 1000ге жетет. Ишин эми баштаган ири инвестордун мамлекетибизге кошкон салымы, төккөн салыгы тууралуу Өкмөттүн өкүлдөрү мындай дейт:

Марат МУРАТАЛИЕВ, Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:

– Жерүй кени боюнча ар кандай кептерге чекит коюлду. Кудайым буйруп иш ордунан жылды. Жерүйдөн чыккан алтын Кыргызстанга, анын ичинен Талас облусуна пайдасы тийет деп ишенебиз. Биз биргеликте бир топ иштерди жасаганга жетиштик. Кендин келечеги кенен. Түшкөн каражатты сарамжалдуу пайдалансак баары жакшы болот деп ойлойм. 2020-жылдын март айынан баштап, алгачкы алтын өндүрүлүп баштайт. Мамлекеттик бюджетке түшкөн пайдадан сырткары, 2 пайызы Талас облусунун өнүктүрүү фондуна келип түшөт. Компаниянын адистеринин болжолу боюнча 400-500 млн. сом болот экен. Бул абдан чоң каражат. Облусубузду өнүктүрүүгө салымын салат. Жерүй кенинин иштеши бардык жагынан көзөмөлдөнүп турат. Экологиялык жагынан болобу же башкасы болобу баары биздин экологдордун көзөмөлүндө.

Эмиль ОСМОНБЕТОВ, Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы:

– Жерүй кени 1978-жылы ачылган. Ошондон бери 41 жыл өттү. Кенде 86 тонна алтын бар. Бул Кыргызстан үчүн эң маанилүү долбоор. Кенди иштетүү заманбап технологиялар менен жүргүзүлөт. Инвестициянын көлөмү 273 миллион долларды түзөт. Бүгүнкү күндө 180 миллион доллар иштетилди, алдыда дагы 90 миллиону бар. Мындай чоң долбоорлор дун иштеши менен биз өлкөнүн казынасын толтуруп, мугалимдерибиз, врачтарыбыздын айлык маяналарын жогорулатып, социалдык багытта ийгиликтүү иш алып барабыз. Кыргызстанда мындай чоң долбоорлор көп болсун. Жерүй кенинин иши ийгиликтүү болсун.

Экологияга өзгөчө көңүл бурулат

Жерүй кенин иштетүүдө жаңы күч, жаңы демге ээ болгон экономикабыз менен кошо экологиябыз дагы эстен чыгарылган жок. “АльянсАлтын” кен иштетүүдөгү дүйнөлүк акыркы үлгүдөгү технологияларды колдонуу менен экология маселесин эң алдыңкы орунга коюшкан. “Альянс-Алтын” ишканасынын генералдык директору Михаил Шубин: – 2015-жылы биздин компания лицензия алгандан бери ушул күндү күтүп келгенбиз. Буйруса, жакшы тилек менен ишти баштап алдык. Жаңы жылга чейин 50 миң тонна кен казабыз деген тилегибиз бар. Бул эң маанилүү баскычтардын бири. Кенди казып даярдап алсак, алтын бөлүп алуучу ишкана ишке кирип, алгачкы алтын бөлүнүп чыга баштайт. Биз колдонуп жаткан кен казуудагы техника жана фабрикадагы алтын бөлүп алуучу технология бардыгы заманбап шаймандар. Ишкана кен казууда экологиялык жакты, коопсуздук жагын эске алды. Биз долбоордун экологиялык жана өндүрүштүк коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруудабыз. Өндүрүш участкаларында бардык коопсуздук чаралары жана экологиялык коопсуздук сактоо катуу көзөмөлдө. Ар бир үч ай сайын Чүй облусунун көз карандысыз экологиялык лабораториясы келип, айлана-чөйрөнү, сууну, абаны текшерип, мониторинг жасап турат – деди.

Адистердин айтымында Жерүй кениндеги калдыктарды сактоочу жай өтө жогорку деңгээлде корголгон. Төрт этаптан турган коргоого ээ болгон калдык сактоочу жайга эң жогорку сапаттагы россиялык геотекстил, австриялык геомембраналар төшөлгөн. Мындан башка дагы бардык иштерде экологиялык коопсуздук өзгөчө каралып, дүйнөлүк стандарттар толугу менен сакталган. Ал эми жардыруу иштери кен казууга лицензиясы бар аймакта гана орун алып, жардыруулардын зыяндуулугу санитардык-корголуучу бөлүктөн ашпайт жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизбейт дейт адистер. Жардыруу иштери кыска мөөнөттө аяктап, ал эми кен казуу иштери толук кандуу жүрөт. Дүйнөлүк практикада да кен казуу иштеринде кыйынчылык туудурган аймактарда сөзсүз түрдө жардыруу иштерин жүргүзүшөт. Жерүйдө колдонулган заманбап технологиялар айлана-чөйрөгө зыян алып келбейт.

“Группа Альянстын” башчысы Муса Бажаевди Владимир Путин кабыл алды

“Альянс-Алтын” кирген россиялык “Группа Альянс” холдингдин масштабы жана мүмкүнчүлүктөрү өтө зор. 18-ноябрь күнү “Группа Альянстын” президенти Муса Бажаев Россиянын Президенти Владимир Путиндин кабыл алуусунда болуп, алдыдагы ири долбоорлордун ишке берилиши тууралуу кеп козгошту. Баса, “Группа Альянс” Россиянын Арктика бөлүгүнөн палладий өндүрүү боюнча 15 млрд. долларлык долбоорду баштады. СССРден кийинки Россияда ишке ашуунун алдында турган эң ири долбоор. Платина тобундагы металдарды өндүрүү боюнча “Группа Альянс” холдинги жакынкы жылдары дүйнөнүн алдыңкысы аталмакчы. Демек, Жерүй кенин иштеткен “Альянс-Алтын” оңой-олтоң, кайсы бир кенди иштетүү үчүн эле түзүлө калган күнүмдүк компания эмес. Бул тууралуу Эл аралык ишкерлик кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков:

– Кыргызстанга “Группа Альянс” сыяктуу ири инвестордун келиши – чет элдик жана кыргызстандык башка инвесторлор үчүн дагы жагымдуу белги. Бул холдинг Россияда гана эмес, бүтүндөй КМШ аймагында белгилүү. Корпоративдик башкаруу сыяктуу бир катар багыттар боюнча көптөгөн сыйлыктарды жеңип алган. Россияда “жылдын компаниясы” наамына да ээ болгон. “Группа Альянстын” биздин өлкөдө да ийгиликтүү иштеп баштаганы кубандырат – деди.

Даярдаган Тиленбек АЗЫК

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *