Түркия тарап Саймаитинин өлүмү боюнча керектүү маалыматтарды берет

Түркия тарап Стамбулда өлтүрүлгөн Айеркен Саймаитиге байланыштуу керектүү материалдарды кыргыз тарапка берет. Бул тууралуу ИИМ Кашкар Жунушалиев түрк ички иштер министри Сулейман Сойлу менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда макулдашылды.

ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, 25-ноябрь күнү Кашкар Жунушалиев Түркиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин ички иштер боюнча кеңешчиси Мехмед Татлы жана Түркиянын ИИМ Кыргызстандагы өкүлү Тунжай Алян менен жолугушту.

Жолугушууда Стамбулда жасалган кылмыш-Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча иликтөөнүн жүрүшүн талкууга алынды.

Ошондой эле, Кашкар Жунушалиев Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен телефон
аркылуу сүйлөшүп, Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча зарыл болгон маалыматтарды берүү жөнүндө макулдашышты.

Белгилей кетсек, Айеркен Саймаитини 10-ноябрь күнү атып кетишкен. 12-октябрда аны өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалган. Түкиялык басылмалар кармалгандардын экөө кыргызстандыктар экендигин жазып чыккан.