Алысты мелжеген аймактарды өнүктүрүү саясаты

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Президент Сооронбай Жээнбеков аймактардагы элет жеринин инфраструктурасын жакшыртууга өзгөчө басым жасап, бул багытта алгылыктуу иш алып барууда.

Аймактарды өнүктүрүүнүн зарылдыгы эмнеден улам келип чыкты? Анткени элет жеринде жашаган адамдардын жашоо турмушун жакшыртуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, элди иш менен камсыз кылуу аркылуу миграциянын агымын токтотуу зарылдыгы бар болчу. Тилекке каршы, буга чейин мамлекеттин экономикалык саясаты аймактарды өнүктүрүүгө жөндөмсүз болуп келди. Мисалы, бюджет, салык, акча, насыя саясаттары аймактардын өзгөчөлүгүн эске алган жок. Мындай жагдай ички миграцияны күчөткөн. Алыскы аймактардан, анын ичинде чек арага жакын жайгашкан айылдардан көчүп кеткендер арбыган. Мындай абал тез аранын ичинде чара көрүүнү талап кылгандыктан Президент аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурган.

Президенттин өлкөнү өнүктүрүү боюнча стратегиясында региондорду адистештирүүнү чыңдоо, атаандаштыктын артыкчылыктарын күчөтүү жана экспорттоочу ишканалардын санын көбөйтүү, аны менен өлкөдө жумуш орундарын түзүү каралган. Аймактардагы элдин жашоо сапатын жана потенциалын жогорулатуу мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири. Президенттин эки жылдык ишмердигинде элетти өнүктүрүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө багытталган арбын иштер жасалды. Айыл чарба продукциясын кайра иштеткен жергиликтүү ишканалар үчүн кошумча нарк салыгы 80 пайызга кыскарды. Дотацияда отурган айыл өкмөттөрдө ачылган экспортко багытталган ишканалар 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө пайдага, сатууга, мүлккө жана жерге салынчу салыктардан бошотулду. МТС, соода логистикалык борборлор жана айыл чарба кооперативдери үчүн жеңилдетилген салык режими киргизилди. Технологиялык жабдууларды импорттогон ишкерлер бажы пошлинасын төлөбөй калышты. Өндүрүлгөн продукцияларды сертификаттоо боюнча жаңы лабораториялар курулду. Экспортко шарты туура келген аймактардагы айыл өкмөттөрдө миң тонналык жашылча-жемиштерди сактай турган логистикалык борборлор курулууда. 453 айыл өкмөттүн ичинен экспортко багытталган жашылча-жемиштерди өндүрүүгө боло турган, климаттык шарты ыңгайлуу 250 айыл өкмөтү тандалып алынган. Мындан сырткары аймактарда кооперативдерди ирилештирүү жана аларды уюштуруу боюнча жасалып жаткан алгылыктуу иштер да арбын.

Региондорду өнүктүрүү багытында өткөн жылы РСК Банк, Айыл Банк жана Кыргызорус өнүгүү фонду тарабынан, Кепилдик фондунун колдоосу менен жалпысынан 25,0 млрд. сомдон ашык насыя берилди. Ал эми 2019-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча 18,9 млрд. сомдон ашык каражат берилди.

Облустарда биринчи кезекте жергиликтүү элдин жашоо-турмушун жакшыртуу, аларга ыкчам, ортомчусуз, тикелей кызмат көрсөтүү иштерин тездетип киргизүү, жеке ишкерлердин долбоорлорун колдоого алып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө көңүл бурулган. Нарын облусу айыл жана мал чарбасына ылайыкташкандыктан, калктын негизги кирешеси эт, сүт жана айыл чарба азыктарынан түшөт. Буга байланыштуу кайра иштетүүчү чакан ишканаларды ар бир райондордун борборуна куруу бүгүнкү күндүн талабы болгондуктан Ат-Башы, Нарын райондорунда мал союучу жайлар, Нарын шааарында сүт иштетүүчү завод курулган.

Өкмөттүн “Айыл чарбасын каржылоо”  программасынын алкагында банктар аркылуу жарандарга жеңилдетилген насыялар берилген. Мындан сырткары Кочкор районундагы картошка сактоочу логистикалык борбордун курулушу аяктап, Ат-Башы районундагы соода-индустриалдык логистикалык борбордун курулушуна инвесторлор тартылды. Бул борбордун курулушуна Өкмөт тарабынан Ат-Башы районунан 200 га. жер берилген. Аны менен катар кирпич заводу курулган.

Ош облусунда бир жылдын ичинде 47 объект ишке берилген. Бул аймак өнөр жай продукциясын өндүрүүгө климаттык шарты туура келгендиктен бул багытта иш алып барууга мүмкүнчүлүгү жогору. Бүгүнкү күндө өнөр жай продукцияларын өнүктүрүү менен бирге аларды экспорттоо учур талабы. Андыктан кошуна мамлекеттер менен товар жүгүртүү багытында алакалар жакшырды. ЕАЭБге кирүү менен табигый таза эт, сүт, бал азыктарын экспорттоо мүмкүнчүлүгү жогорулады. Айыл жаштарын жумуш менен камсыздоо багытында Бизнес борбор ачылып, учурда анда жаштар эмгектенип жатышат. КРнын Президенти Сооронбай Жээнбековдун “Ай мактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жарлыгынын алкагында элет элинин жашоосун жакшыртуу багытында район менен айылдардын ортосундагы жол каттамдарына жана шаар ичиндеги бузулган жолдорго оңдоптүзөө иштери жүргүзүлүп келет. Облуста жеке ишкерлик менен алектенгендерге шарттар түзүлүп, айыл чарбасына жеңилдетилген узак мөөнөткө кредиттер берилип, ишкерлер салыктан бошотулган.

Азыркы учурда Талды-Суу, Гүлчө, Ноокат шаары, Өзгөн шаары, Кара-Суу шаары, Сарай, Алля-Анаров, Нариман, Кулатов айыл өкмөттөрү толугу менен дотациядан чыккан. Облустун аймагында жалпысынан 255 социалдык объектинин курулушу улантылууда. Алардын ичинен 158 объектиде курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Алар: 31 мектеп, 24 спорт зал, 17 балдар бакчасы, 10 оорукана, 30 суу түтүгү, 46 башка курулуштар.

Үстүбүздөгү жылдагы Жарлыктын алкагында аймактарды таза суу менен камсыз кылуу, жолдорду оңдоо, транспорттук кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, байланыш тармагын өнүктүрүү, айылдарды жарыктандыруу боюнча иштер аткарылды. Ошондой эле тоо-кен тармагын өнүктүрүүнү багытында кен байлыктарды чыгарууну жана кайра иштетүү колго алынган. Ал эми социалдык тармакты өнүктүрүүдө айылдарда жетишпеген мектеп бала-бакчаларды, саламаттык сактоо имараттарын, спорт залдар дагы да курулууда.

Райондордун климаттык өзгөчөлүктөрүн жана жаратылыш ресурстарын эске алып, Алай жана Чоң-Алайда картошка, мал чарбачылыгын жана тоо-кен казып алуу секторун өнүктүрүүгө басым жасалууда. Ал эми Кара-Кулжада мал чарбачылыгы менен балчылык, Ноокатта тамеки, картошка өстүрүү жана жашылчаларды кайра иштетүү, Араванда текстиль өндүрүшү, жашылча-жемиштердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана кайра иштетүү багытында иштер аткарылууда. Өзгөндө көмүр казып алуу, май алынуучу өсүмдүктөрдү өстүрүү жана аларды кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө көңүл бурулса, Кара-Сууда пахтаны кайра иштетүү, жип чыгаруу, кездеме токуу жана даяр продукция чыгаруу боюнча жеңил өнөр жайын өнүктүрүү жолго коюлган.