Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Демилге жакшы, бирок, ишке ашабы?

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдогу олуттуу айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Парламент депутаты өлкөдө 15-мартты токой отуругузуунун жалпы улуттук күнү деп жарыялоо демилгесин көтөрдү.

Албетте, бизде демилгелер көп эле көтөрүлөт, бул жагынан бүткүл планетада алдыда да болсок керек. Бирок, тилекке каршы, алардын көпчүлүгү демилге боюнча эле кала берет, же майнап чыкпайт.

Мисал катары айтсак, союздан калган салт боюнча канчалаган жылдар президенттер баш болгон ар жылкы ишембиликтерде канчалаган бактар отургузулган. Эгерде алардын баары көктөп кеткен болсо, башка региондорду айтпаганда да Бишкек мурдагы “жашыл шаар” статусун жоготмок эмес. Негизи биздеги массалык ишембиликтер чиновниктердин массалык “жаратылышка чыгуусу” сыяктуу эле болуп, массалык маалымат каражаттарында канча көчөт отургузулганын чагылдыруу менен эле тамам болот эмеспи. Ал да эч нерсе эмес, ошол көчөттөрдү, аларды отургузууда пайдаланылган аспаптарды сатып алууга (эгерде президент баш болгон чоң чиновниктер иштей турган болсо, жаңы кетменкүрөк да сатып алынары да факт), транспортко ж.б. канчалаган чыгымдар кетет.

Ошондуктан азыр депутат айымдын демилгесине өзүнүн коллегалары да күмөн санап турган кез. Алар туура белгилешкендей, көчөт отургузуу оңой, а аны ким карайт да, ким сугарат? Ушул жагы чоң суроо…