«Кыргыз Туусу» мыктылары менен 95 жылдыгын белгиледи

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


22-ноябрь күнү борбор калаабыздагы “Алтын казына” конок үйүндө “Кыргыз Туусу гезитинин” 95 жылдыгын белгилөө жана гезиттин тандоосу аркылуу жылдын мыктылары деп табылган ийгилик ээлерин сыйлоо аземи өттү.

“Бүгүн менин жандүйнөмдө жана менин үй-бүлөмдө майрам. Анткени, бүгүн менин өмүрүмдөгү эң эсте каларлык биринчи саамалыгым болду. Биринчи жолу республикалык, расмий деңгээлде “Кыргыз Туусунун” “Жылдын мыкты окутуучусу” номинациясы менен сыйланып, көкүрөгүмө төш белги тагындым. Бул менин илимий кызматкер, ЖОЖдун окутуучусу катары мындан аркы иштериме сөзсүз шык берет. Абдан кубанычта болуп турам”, – дейт К.Карасаев атындагы Гуманитардык университетинин ага окутуучусу, педагогика илиминин кандидаты, доцент Элзада Сабырова.

“Кыргыз Туусунун” 95 жылдык мааракеси менен бир катар өтүп жаткан жылдын мыктыларын сыйлоо иш-чарасы мыкты деңгээлде өтүүдө. Атайын ат арытып алыскы Ат-Башыдан байбичем Бейшекан экөөбүз келгенбиз. Көңүлүбүз көтөрүлүп, жакшы маанай менен отурабыз. Чындыгында биз бүт өмүр бою элге-жерге кызмат кылдык. Союз маалында, кут кылсын, тээ Москвадан, Фрунзеден сыйлыктын баарын эле алдык. Жалгыз гана “Эл баатырын” аларда союз ыдырап кетти. Андан бери да жаңыча ойлонуп, жаңыча иштеп, заман талабына жараша мал чарбачылыгына жаңылык жасап келебиз. “Эр эмгегин жер жебейт” экен, мына, эгемендик жылдарынан кийин биринчилерден болуп республикалык деңгээлде “Кыргыз Туусу” баамдап, баалап “Жылдын мыкты фермери” деп төш белги тагып, диплом менен сыйлап жатат. Кыргызстан боюнча жалаң “мен кыйын” деген мыктыларды чогултупсуңар. Эми менин бала кезден бирге өскөн гезитиме кааларым, сапары карыбасын! Ар бир журналистке, ар бир кызматкерге ийгилик, ден соолук каалайбыз”, – дешет Ат-башы районунун ардактуу атуулу, атактуу фермер Алтыбай Турдубаев менен байбичеси Бейшекан Турдубаева.

Келген конокторду мына ушинтип кубанткан мааракелик жана мыктыларды сыйлоо иш-чарабыз Кыргыз Республикасынын эл артисттери Керим Турапов, Саламат Садыкова, маданиятка эмгек сиңирген артисттер Кутман Жолдошов, Айчүрөк Иманалиева, Алина Жетигенова, Гүлзат Байзакова, Кундуз Таштаналиева ж.б. белгилүү ырчылардын, алып баруучулар Чыңгыз Мырзаев менен Улукман Атабековдун коштоосунда өттү.

Жылдын мыктылары да өнөр адамдарынан сырткары 95 жылдык майрамга “Кыргыз Туусунун” мурдагы редактору Абдиламит Матисаков, редактордун мурдагы орун басары Догдурбек Юсупов, ардагер журналисттер Бермет Маткеримова, Бактыгүл Чотурова, Айша Алиева ж.б. келишти.

Ошондой эле өкмөттүк тун гезиттин канатташы, талапташы болгон, анын мурунку “Эркин Тоо” деген атын алып жүргөн “Эркин Тоо” гезитинин редактору Дыйканбек Керимбаев жамааты менен, “Кыргыз Туусу” гезитинин мурдагы кабарчысы Абдиламит Жумашев өзү жетектеген “Жети ген” журналынын эмгек жамааты менен келди жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарыхый иш-чарага күбө болушту.

Бул гезит өлкөбүздөгү канчалаган атактуу, белдүү жана белгилүү саясий, коомдук ишмерлердин, маданияттын жана адабияттын, журналисттердин жана ийгиликтүү ишкерлердин, агартуу жана медицина ж.б. тармактардын өкүлдөрүнүн тушоосун кескен, аренага алып чыккан ак жолтой гезит экенин Султан Раев иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө белгилей кетти. Ошондой эле ал бүгүн гезит менен кызматташып, анын сыйлыгына ээ болуп жаткан мыктылардын мыктыларынын иштерине ийгилик каалап, бул күн жана бул сыйлык алдыдагы бакдөөлөттүү өмүрдүн, ийгиликтүү иштердин башаты болуусун каалады.

Иш-чарада сөз алып сүйлөгөн ар бир сыйлык ээси кыргыздын алгачкы гезити, алиппеси болгон бул басылманын ишине ийгилик каалап, анын улуттун тарыхы, энциклопедиясы, сыймыгы экенин баса белгилегенди унутушкан жок. КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков өзүнүн ушул деңгээлге жетишине гезиттин салымы чоң экенин студент кездеги гезиттен алган колдоосу аркылуу баяндады.

Гезиттин мурдагы редактору, редакторунун орун басары жана ардагер журналисттери менен “Кыргыз Туусунун” мектебинен чыгып, азыр ийгиликтүү иштеп жүргөн журналисттер өздөрү иштеп турган маалдагы кырдаалдар тууралуу кеп кылып беришти.

Айтор, бул күн, бул мааракелик жана мыктыларды сыйлоо иш-чарасы расмий, маданий-шоу, сыйлоо бөлүктөрү аркылуу келген меймандардын эсинде жана тарых бетинде калары талашсыз.