«Соттордун ишинин айкын болушуна көмөктөшөбүз»

 КРнын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин статс-катчысы Сталбек КАЛМАКОВ менен маек. 

– Сталбек Аманатович, быйыл сот департаменти түзүлгөнүнө 25 жыл толуптур. Ал кандай максатта түзүлдү эле?

– Департамент соттордун өз алдынча ишмердүүлүгүн уюштуруу, кадрдык, материалдык-техникалык жана маалыматтык жактан камсыздоо максатында түзүлгөн. 1994-жылы 1-ноябрда Өкмөттүн 90-, Кыргыз Республикасынын Президентинин 290-жарлыгы менен 36 адамдан түзүп, тейлөөчү персоналдар 23 адам болгон. 1999-жылдары тейлөө персоналдардан тышкары мамлекеттик кызматкерлердин штаттык саны 47ге көбөйгөн.

Ага атайын кабыл алынган жобонун негизинде эки талап коюлган. Сот департаменти, аскер сотторунан тышкары, жергиликтүү соттордун ишин материалдык-техникалык жана башка жактан камсыз кылууну жүзөгө ашырууга, мыйзам менен каралган, мыйзамдык күчүнө кирген соттук жана башка актыларды аткарууну камсыз кылууга, ошондой эле сот адилеттигин толук жана көз карандысыз жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган башка мүнөздөгү иштерди аткарууга чакырылган.

Департамент башында жаңы түзүлгөндө Юстиция министрлигинин карамагында болсо, сот реформасын анык жана ийигиликтүү жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 21.04.2008-жылдагы №143 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борбору жана Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жөнүндө” Жарлыгы менен Сот департаменти Юстиция министрлигинин жетегинен чыгарылып жана бийликтин сот бутагындагы өз алдынча орган кылып кайра түзүлдү. Ошол 1994-жылдан бери мамлекеттик кызматкерлер эки эсеге көбөйдү. Учурда департаменттин борбордук аппаратынын штаттык саны 65 мамлекеттик кызматкерди түзөт. Мындан тышкары Сот департаментинде сот аткаруучулар, сот приставдары жана ар бир облуста облустук башкармалыктар бар.

– Департамент ушул жылдар аралыгында кандай иштерди аткарып, мамлекетке кандай пайда алып келе алды?

– Сот департаментин түзүү баарыдан мурда учурдун талаптарына ылайык, бийликтин көз карандысыз сот бутагын түзүү болуп саналат. Бул мекеме жергиликтүү сотторду материалдык жактан камсыздоо, мыйзам менен каралып, күчүнө кирген соттук жана башка актыларды аткарууну камсыз кылууга, ошондой эле сот адилеттигин толук жана көз карандысыз жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Айтор, сот адилеттүүлүгүн ишке ашырып жаткан судьялардын кагаз, калеминен баштап олтурган жерине чейин камсыз кылуу ишин жүргүзөт.

Ошол эле биздин жарандар сот тутумуна адилеттүүлүктү издеп келген соң, аларга да шарттарды түзүп беришибиз кажет. Быйылкы жылды эле алып карасак, учурдагы санариптештирүү маселеси боюнча бир катар иштер аткарылды. Анын ичинде автоматташтырылган байланыш системасы түзүлүп, жергиликтүү соттордун имараттарына интернет түйүндөрү кошулган. Ошондой эле, сот процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында аудио, видеого түшүрүү жана протоколдоштуруу иши жүрүүдө.

Сот департаменти судьялар кеңешинин ишин камсыз кылуу жагынан да иш алып барат. Айта кетсек, үстүбүздөгү жылда үч жылда бир болуучу судьялардын съездин Президенттин катышуусу менен өткөрдүк. Жогорку деңгээлде өттү десек болот.

Ошону менен катар биздин департамент Судьялар кеңешинин алдындагы тартиптик комиссиянын, Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин иш ордун камсыз кылууну жүзөгө ашырат. Эки жылдан бери сот тутумуна жаңы институт кирди. Бул сот приставтары. Булардын эң башкы максаты сот отуруму өтүп жатканда, сот кызматкерлеринин, судьялардын коопсуздугун камсыз кылат. Булардын да ишине шарттарды түзүү биздин милдетибиз.

– Учурда соттор адилет чечим чыгаруу үчүн алардын айлык маяналары жакшы болушу керек деген пикирлер бар. Жалпы алып караганда, азыр алардын маяналары кандай деп ойлойсуз?

– Негизи судьялардын айлык маяналары менен сот тутумунда иштеп жаткан кызматкерлердин айлык маяналары эки башка. Жалпысынан алып келсе, мамлекеттик кызматкерлердин алган айлыгынан судъялардын айлыгы эки- эки жарым эсе көбүрөөк. Бул бир чети туура. Себеби, адамдын тагдырын, жарандардын талаш маселесин чечүү оңой эмес. Сиз айтып жатпайсызбы, адилеттүү чечим чыккан жок деп, даттануучулар көп деп. Анын деле объективдүү себеби бар. Анткени, ар бир сот процесстин эки тарабы бар. Эки тарап болгон соң, бир тарабы дайыма утуп, бир тарабы утулат. Нааразычылык утулган тарапта болот. Бирок, жалпысынан статистиканы алып карасак, жергиликтүү соттордун карап жаткан иштеринин дээрлик он пайызы гана кайра даттанууга жаткан. Калган 90 пайызына эл макул болушат. Албетте, көп жылдан бери соттошкондор бар, аны жок деп айта албайбыз.

Санариптештирүү ыкмасын колдонуунун жакшы жери- ар бир процесс онлайн режиминде тартылып, сот залындагылардын ар бир сөзү, кыймыл-аракети, ошол эле судьянын процессти ишке ашырып жатканы көрүнүп, үзгүлтүксүз видео жүрүп турат.

Быйыл биз 100 пайыз аудио, видео койдук деп айта албайбыз. Бирок, 50 пайыздан ашык орунда иштеп баштады. Бара-бара бардык залдарга орнотууга аракет кылабыз. Бул жылдын акырына чейин этап-этап менен ишке ашат. Мындан сырткары, Судьялар кеңешинин алдында Тартип комиссиясы бар. Алар судъялардын кыймыл-аракетинин мыйзамдуулугуна баа берет. Эгерде кандайдыр бир судья мыйзамдан аша чаап, мыйзамсыз чечим чыгарса, анда комиссияга кайрылганга нааразы тараптардын укугу бар.

– Азыр жер-жерлердеги соттордо негизги көйгөй кайсы болуп жатат?

– Бүгүнкү күндөгү эң чоң көйгөй соттор жайгашкан административдик мекемелердин талаптарга ылайык эместиги болууда. Советтик мезгилде эле берилген мекемелер азыркы талаптарга жооп бербейт. Андыктан, бүгүнкү күндө жаңы имараттар акырындап салынып жатат.

Дагы бир маселеси- жаңы мыйзамдардын аркасында соттук-укуктук реформа жүрүп жатат. Анын негизинде жогоруда мен айткан сот приставдар кызматы кирди. Ушул жылдын башынан баштап кошумча 56 тергөө судьялар штаттык тизмеге кирди. Демек, аларга иш орундарды табуу жана алардын ишин камсыз кылган мамлекеттик кызматкерлерге шарт түзүү зарыл.

Белгилеп коюучу нерсе, акыркы төрт жыл ичинде жергиликтүү соттор жайгашкан имараттардын дээрлик 85% капиталдык ремонттон өттү. Заманбап салынган үч имарат ачтык. Азыр да салынып жатат.

Маектешкен Жумагүл БАРКТАБАСОВА