Байтиктин Боз-Бөлтөгү качанга чейин бозорот?

Аскарбек НАСИРДИНОВ, «Кыргыз Туусу»


Жакында эле кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал, айтылуу Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесин утурлай өткөрүлгөн салтанатта күтүрөтө ат чабылып, казан-казан эт тартылып, калдайган калайык калк чакырылып, алдына темир тулпар баштаган байгелер сайылып, узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына кабар айтылып, айтор даңгыр-дуңгур менен дүңгүрөтө той болду.

Той болот, тойдун эртеси да болот дегендей той таркап, чаңы асманга сапырылган той өткөргөн талаа гана калды бозоруп. Эми ошондо паланча уруунун балдары түкүнчө байге сайыптыр, тиги ишкер мынча кошумча кошуптур, бул ишкер байгеге деп машина коюптур деген сыяктуу уу-дуу кептер бир топко чейин эл арасында аңыз болуп айтылат да, бара-бара кызуусу кетип унут болот да калат. Анан калса, Солтонун сомодой созулган жигиттеринин арасынан мааракеге демөөрчү болом деп эки гана атуулубуздун чыкканы да келечекте өтүүчү чоң маараке кандай өтөөр экен деген түпөйүл ойго салбай койбойт. Алар Солто коомунун төрагасы Э. Тентишев жана белгилүү коомдук ишмер Т. Абдраимов. Азырынча бул эки азаматтан башка демөөрчү боло койчу жигиттер байкалбады.

Ал эми ошол илгертен келаткан карт тарыхтын күбөсү катары айтылып да, аталып да келаткан Байтик баатырдан калган эстеликтей көрүнгөн Боз-Бөлтөгү болсо баягысындай эле калыбынан жазбай бозоруп турганы турган. Атаганат, ушундай мааракеге атап акчасын акчалай, байгесин машиналай сапырган азаматтар Баатыр атасынан калган Боз-Бөлтөккө да көңүл буруп, бозортпой жашылдандырып коёлу деп демөөрчүлүк кылып демилге көтөрүп коюшса гана чиркин. Ошондо Боз-Бөлтөк азыркыдай чаңы сапырылып бозорбостон борбор калаабыздын түштүк тарабындагы чакан “Швейцарияга” айланып калса кандай жакшы болор эле.

Швейцарияны мындай коёлу, жаныбызда турган жакын кошунабыз Өзбек туугандарды эле алалычы. Мурда Кара-Суу районунун Кара-Багыш деген айылы Өзбекстанга өтүп кеткенден кийин кандай гана өзгөрдү. Аны азыркы жаштар билбесе да биз мектепте окуп жүргөндө көрүп-билип калбадыкпы. Ошондогу бозоргон боз адырлар азыр кулпунган жашыл токойго айланып, эс алуучу жайлар курулуп, эң бийик жерине орнотулган айланма чыгырык Жалал-Абаддан да көрүнүп турат. Бекабад (мурдагы Советабад) шаары болсо гүлзарды элестетет. А биз болсо Боз-Бөлтөк тургай бүткүл өлкөбүздү Швейцарияга айлантабыз деп жүрүп, “шыбаксария” кылып алдык. Ыраматылык союз маалында эгилген жашыл токойлор турмак, тоолорубуздагы табигый токойлорубуз да жок болуу коркунучуна тушугуп баратат.

Көрсө, жакында өткөн маараке бул үч жылдан кийин боло турган Байтик баатырдын 200 жылдык чоң тоюнун башталышы экен. Айтса айтпаса али да кеч эмес. Ошол чоң мааракеге чейин Боз-Бөлтөктүн бозоруп жаткан жанбоорлоруна колдон келишинче кайракы өсө турган дарактардан отургузуп, аларды чакалап болсо да тамыр алганча сугарып турсак, балким Байтик баатырдын Боз-Бөлтөгүнүн багы ачылып калгысы бардыр.

Негизи Боз-Бөлтөк Аламүдүн токой чарбасына караса керек. Бирок бул бозоргон адырдын жүздөгөн гектар аянтын жашылдандырууга токой чарбанын чамасы чаркталуу экени айтпаса деле белгилүү. Андыктан бул маселеге жогорку деңгээлде көңүл буруп, атайын каражат бөлүнсө дурус болбойт беле. Болбосо Чүй боорундагы райондорго, айыл аймактарына же шаарыбыздагы айрым мекеме-ишканаларга жер тилкелерин ижарага берип, жашылдандыруу милдеттерин жүктөсө деле ашыкча жумуш болбойт. Ал турсун ошол жерден жер тилкесин алып, жашылдандырам деген жарандарыбызга да узак мөөнөткө ижарага бериш керек. Албетте, “прихваттап” албагандай шарт менен. Антпесе биздикилер Боз-Бөлтөктү боз ала конушка айлантып жибериши да турган кеп.

Ошентип жакынкы келечекте азыркы бозоруп жаткан Боз-Бөлтөктүн бооруна бадам, мисте сыяктуу кургакчылыкка чыдамдуу мөмөлүү бактар, ар кандай дарактар өсүп, жашыл токойго айланып калгысы бардыр. Эгерде Боз-Бөлтөктү бозортпой жашылдандырып алсак, бир эле Байтиктин тукумдары болгон Солтонун сомодой жигиттеринин эмес жумурай журттун сыймыгы болмок.

Борбор калаабыздын көркүнө да көрк кошулуп, экологияга оң таасири тиймек. Өлкөбүзгө сырттан келген меймандарга да мактанчу жайга айланмак. Балким, ал күндөр да алыс эместир. Кеп бул сунушка ким кандай мамиле жасаганында калды. Көрө жатарбыз.