Нобель сыйлыгы: Кыргыз алабы, алса качан?

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


10-октябрда, Стокгольмдо, 2018- жана 2019-жылдар үчүн адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын ысымдары аталды. Швед академиясынын чечими менен, поляк жазуучусу Ольга Токарчук (2018-жыл үчүн) энциклопедиялык кумарлануу менен чек араларды кесип өтүүнү жашоонун формасы катары чагылдырган бары-жокту кыйыштырган ой жүгүртүүсү үчүн жана австриялык жазуучу жана котормочу Петер Хандке (2019-жыл үчүн) адамзат тажрыйбаларынын чектерин жана өзгөчөлүктөрүн лингвистикалык ойлоп табуучулук менен изилдеген таасирдүү эмгектери үчүн мартабалуу сыйлыктын ээлери болуп калышты. Быйыл минтип Нобель сыйлыгына эки калемгер татыктуу болгону, Швед академиясынын мүчөсү Катарина Фростенсон жана анын күйөөсү фотограф Жан-Клод Арнонун айланасындагы чыр менен байланышкан.

Жазуучу Ольга Токарчук менен Петер Хандке адабият дүйнөсүндөгү белгисиз ысымдар эмес. О.Токарчук «Жолдогулар» романы үчүн эл аралык Букер сыйлыгын алса, Петер Хандке Шиллерди эскерүү жана Георг Бюхнер сыйлыктарынын лауреаты.

Швед академиктеринин айтымында, жазуучу Ольга Токарчук “эч качан реалдуулукту туруктуу жана түбөлүк нерсе катары карабайт”, ал өз чыгармаларын: табият менен маданияттын, акыл-эс менен жиндиликтин, эркек менен аялдын, үй менен ээндиктин ортосундагы карамакаршылыктардын чыңалуусунун негизинде курат. Анын чыгармаларында күнүмдүк реалдуулук менен кыял жуурулушуп турат, ал аэропорттордо жана белгисиз отелдерде көргөн ой жорууларга жетелеген табышмактуу жүздөрдү кумарлануу менен окурмандын көз алдынан тасма көрүп жаткандай сүрөттөйт. О.Токарчуктун ой чабыты, жазуучулук чеберчилиги, эч бир алкактарга, эрежелерге сыйбаган ой жүгүртүүсү таңгалуу гана жаратат.

Петер Хандке башкача стилдеги жазуучу. Ал адам баамчыл болууга тийиш деп эсептейт, ошондон уламбы күнүмдүк турмуштагы майда-барат нерселерден мааниси терең нерселерди таап чыгат. Ал эмгектеринде өзүнүн ачылыштарын турмушка жуурулуштурганга жетише алган. Петер Хандкенин чыгармалары күчтүү авантюралык духу менен, кусалыкка жакындыгы менен айырмаланат.

Ольга Токарчук 1962-жылы Польшанын батышындагы Сулехув шаарында төрөлгөн. Студенттик жылдарында Варшава университетинен психологияны окуган. Лондондо үй кызматкери (горничная), Вроцлав жана Валбжихде психотерапевт болуп иштеген. Ага алгачкы жазган чыгармалары атак-даңк алып келген соң, биротоло жазуучулук ишке оогон. 17 китептин автору, алгачкы китеби (ырлар жыйнагы) 1989-жылы басылган. Ал повесть, аңгеме, эссе жанрларынан тышкары, киносценарий да жазат.

Петер Хандке 1942-жылы Гриффенде төрөлгөн. 1966-жылдан бери 100дөй эмгеги: пьеса, роман, сценарий жана котормолору жарык көргөн.

Нобель – 2018дин чыры

Швед академиясы 2018-жылдын май айында Нобель сыйлыгынын жеңүүчүсүнүн ысымын жарыялоону жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алган. Буга академиянын мүчөсү, акын Катарина Фростенсондун күйөөсү Жан-Клод Арнонун дарегине карата аял жандуу экени тууралуу айыптоолор менен байланышкан иликтөө себеп болгон. Мындан тышкары айрым академиктер тарабынан лауреаттар тууралуу маалыматтар жарыя боло элекке чейин айтылып кеткен учурлар байкалган. Ошол себептүү, 2018-жылы сыйлык берилбей калган. 117 маданият ишмеринин демилгеси менен альтернативдүү Нобель сыйлыгы түзүлгөн.

1901-жылдан бери Нобель сыйлыгы 590 жолу тапшырылган, 908 киши жана 27 уюм аталган сыйлыктын лауреаттары болушкан. Сыйлыктын акчалай көлөмү 9 млн. швед кронун же 908,2 миң долларды түзөт.

Букмекерлер кимдердин ысымдарын аташты?..

50 жылдан бери Нобель сыйлыгына талапкерлердин ысымдары жашырын кармалат, бирок да букмекерлер кимдер алышы мүмкүн экендиги тууралуу өз божомолдорун айтып келишет.

Букмекерлердин 2019-жыл үчүн сыйлыкка болжолдуу талапкерлердин тизмесинде: россиялык жазуучу Людмила Улицкая, япон жазуучусу Харуки Мураками (бул ысым көп жылдардан бери букмекерлердин тизмесинен түшпөй келатат), кытайлык жазуучу Цань Сюэ, акындар Энн Карсон (Канада), Адонис (Сирия), канадалык жазуучу Маргарет Этвуд, «Песнь льда и пламени» романдар түрмөгүнүн автору Джордж Р.Р. Мартин, француз Милан Кундер (теги чех), Мариз Конде (Гваделупа), кениялык Нгуги Ва Тхионго, сомалия жазуучу Нуруддин Фарах ж.б. болгон.

Көрүнүп тургандай, талапкерлердин тизмесинде Ольга Токарчуктун ысымы аталган, шансы да жогору болгон, негедир Петер Хандкени эч ким эстеген эмес, бирок адабият чөйрөсүндө ал капкачан эле Нобель сыйлыгына татыктуу экени айтылып келген.

69 жаштагы Энн Карсон антикалык акын Сапфо боюнча диссертациясын жактаган, көптөгөн антикалык авторлорду которгон. Энн Карсон өзүнүн ырларында классикалык мифологияны колдонот. 81 жаштагы француз айым Мариз Конде көптөгөн роман, новеллалардын ээси, 2018-жылы колониалдуу доордогу каадасалт баалуулуктарын жана маданий мурасты изилдегени үчүн «альтернативдүү Нобель сыйлыгы» берилген.

Кытай жазуучусу Цань Сюэнин өз ысымы — Дэн Сяохуа. 80-жылдардан «Жэньминь вэнсюэ» жана «Чжунго» абройлуу журналдарында чыгармалары жарыялана баштаган. Анын «Любовь в новом тысячелетии» китеби эл аралык Букер сыйлыгынын лонг-баракчасына кирген. Жапон жазуучусу Харуки Муракамини кыргыз окурмандарына тааныштырып кереги жок. Антсе да, аны Чыгышка караганда Батышта көбүрөөк билишет. Анын китептери дүйнөнүн элүүдөн ашуун өлкөсүнүн тилине которулган. Батышка ыктаган, жалгыздыкты, өзүнөн өзү безип кетүүнү меланхолиялык жана сюрреалисттик ыкмада сүрөттөйт. Россиялык Людмила Улицкая “үй-бүлөлүк романдарды” жазат. 90-жылдардан бери популярдуу. Китептери 25 тилге которулган.

Кыргыздар качан Нобель сыйлыгын алышат?

Кыргыздын акын-жазуучулары менен сүйлөшө келсең, буту менен жер баспай, асманда жүрүшөт, айрымдарынын күйөрмандары тиги же бу акындын ырын мактаса, андай генийди көрбөй, ырларын окубай жүрдүм деп өзүң “уяласың”. Анда, кыргыздын акындарынын экинин бири гений болсо, эмнеге бизде, Ольга Токарчуктай жазмакерлер чыкпайт, эмнеге кыргыздар Нобелди багынтпайт?

Кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов да өз заманында Нобель сыйлыгын албады. Мунун да өзүнүн жүйөлүү себептери бар. Биз ага токтолуп отургубуз келбейт. Кеп, бүгүнкү акын-жазуучулар арасынан Нобелди багынта тургандар чыгабы, ошого токтолуп көрөлү.

Бизде батыштык маанайда, батыш окурмандарына жакын тилде, “модный” стилде жазган акын-жазуучулар аз эмес. Алардын бири – С.Раев. Анын “Жанжаза” романы, “Топону”, “Кашары”, “Дубалы” башкасы деле духу боюнча Нобель сыйлыгын алууга ыкталып жазылган. “Антистандарт” ыр китеби да кыргыз окурмандарына караганда, батыш окурмандарына көбүрөөк жакын стилде. Бир жылдарда жазуучунун “Топону” Швецияда эл аралык адабий сыйлыктын шорт-баракчасына киргени бекеринен болгон эмес.

Кыскасы, С.Раев бүгүнкү күндө Нобелге карата жол чаап койду. Адабият боюнча Нобель сыйлыгын алууга карата жол чабылып калды дедик, анда бул сыйлыкка талапкерлердин катарында дагы кимдердин ысымдарын атасак болот? Албетте, таланттуу жазуучуларыбыз көп, бирок Нобель сыйлыгынын талапкерлерине коюлган шарт, талап башка. Жазуучу Турусбек Мадылбаевдин “Күкүнүс” романы Россиянын “Русская премиясына” татыктуу болгону бар. Бирок, швед академиясы анын чыгармаларына кандай карайт, айтуу кыйын?

Жазуучу Арслан Койчиевдин “Бакшы жана Чынгыз ханы” менен толук тааныша элекпиз, ошентсе да аталышына карап, эми да жок дегенде 8-9 роман жазса, сыйлыкты алып калышы ажеп эмес деген ойдобуз. Проза жаатында булардан башка азырынча жок.

Акындардан, өлбөй тирүү турса, акын Табылды Муканов же Алик Акималиев Нобелди багынта алмак. Мүмкүн, акын Жолдошбек Зарлыкбеков да ошого чамалап бармак. Дагы экөөнүн: Карбалас Бакиров менен Нурлан Калыбековдун Нобелди багынтууга чыгармачыл дараметтери жетер эле. Тилекке каршы, экөө да аз жазат, а Нобель сыйлыгын берүүчү академия “жалкоолорду” көп сүйүңкүрөй бербейт, эмгекчилдерди жактырат. Буларды айтпаганда, арты 50гө келип, алды 80ден ашып калгандар арасында Нобелге татыктуулар жок, минтип кесе айтканыбыз үчүн калемдештер, бизге таарынышпас чыгар.

Эми жаштар тууралуу айтсак, алды 40тан өтүп, арты 25тен өтүп калгандар арасында, Нобель сыйлыгын, же башка эле эл аралык сыйлыктар болобу, ага татыктуу жаштардын катары бар, анүчүн дымактары да, күчтөрү да, ден соолуктары да, акылэси да, эң башкысы таланты да жетиштүү десек болот. Бир гана кемчилик – жалкоолук. Кыргыз калемгерлеринин жашынан болобу, карысынанбы: “качан жазасың” деп сурасаң, эч уялбай, кысынып-кымтынбай: “илхом келгенде жазам” дейт. Арийне, бул туура эмес. Бизде башы менен жер казып, адабияттын артынан түшкөндөр аз. “Илхом келсе” жазат имиш. Илхом бул сенек, жансыз, абстрактуу нерсе эмес да, сезимди ойготуп, акылды кыймылдатыш абзел. Эгер жаштар арасында болочокто Нобель сыйлыгын алам дечүлөр болсо, анда башы менен жерди казып иштеп, тынбай издениши керек.

Эми Нобель сыйлыгына татыктуу чыгарма болуш үчүн, ал кандай темада жазылышы керек, кандай маанайда болушу керек деген мыйзам ченемдүү суроого келели. Биз, алыс барбай, Ольга Токарчукту алсак, ал ар кайсы доорлордо жашаган адамдар жана элдер ортосундагы өз ара мамилени жазган. Маселен, “Иаков китебинде” еврей элинин тарыхы менен байланышкан XVI кылым, орто кылымдагы тарыхы жана айрым учурлар сүрөттөлгөн. Анын прозасы татаал, көп пландуу, философиялык ой жүгүртүүгө толгон. Анын чыгармалары элдер менен маданияттын жакындашуусуна, түшүнүүсүнө өбөлгө түзөт. Бизчилеп, Асан менен Үсөндүн бирибиринен арак доолаганын, же кыйкырык менен бакырыкты кара сөз кылып жаза бербейт. Дегеле чыгармачыл адам “күйдүмсүйдүмдү” кечке жаза берсе, эрте-кечпи өзү ошол “күйүүнүн” барымтасында калып, түтүнсүз өрттөнүп жок болот.

Кыскасы, таланттуу адам эрежелерден, алкактардан чыгып, жеке менчик сезиминин кайгысын эмес, жалпы адамзаттык трагедияны жазыш керек. Жалпы адамзат үчүн доолбас кагып, биздин бүгүнкү кайгы-азабыбыздын келип чыгуу себептерин ачып, жалпы адамзатын биригүүгө чакырууга тийиш. Бүгүн глобалдашуунун мезгили. Негизи эле таланттуу адам жеке керт башынын күйгүлтүгүн жаза бергени, өз жашоосуна нааразы боло бергени туура эмес. Кайталангыс образдар күтүүсүз ойлор менен дал келгенде жакшы чыгарма жаралышы толук ыктымал. Окурман окуп алып, таң калгандай болсун.

Нобель сыйлыгын алгың келеби, мына ошондой жаз. Айтматовго окшоп өз космосуңду тап.