Бишкекте куралчан адамдар банкты карактады

Бишкекте банктардын биринин филиалы тонолду. Бул тууралуу күч структураларына шилетме жасап Кактус-медиа жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн таңга маал Сухэ Батор менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Куралчан адамдар менчик агенттиктин күзөтчүсүн ур-токмокко алып, кассадагы акчаны тоноп кетишкен.

Ички иштер министрлиги Бишкекте “Кармоо” планын жарыялады.

Айрым маалыматтарга ылайык, “ЭкоИсламикБанктын” филиалы тонолуп, каракталган акчанын суммасы азырынча белгисиз.