Ишкердин укугу корголсо инвестиция келет

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Бизнес-акыйкатчы эмнеге түзүлдү?

Ишкерди бир жагынан фискалдык органдар ыксыз текшерип кыйнаса, экинчи жагынан жаңы түзүлүп жаткан бизнес субъектилерди шаардын коммуналдык инфратүзүмдөрүнө туташтырууну кечеңдетип, чиновниктер уруксат кагаздарын бербей эзет. Ишкер менен мамлекеттик органдын соттошкон учурларынын 80 пайыздан ашыгында ишкер утулуп чыгат. Бул жерде расмий бийликтин эки бутагы (мамлекеттик органдын бирөөсү жана сот) биргеликте болуп, ишкер жалгыз калган учурлар арбын. Дал ушул көйгөй Өкмөт өкүлдөрү менен болгон жолугушууларда бизнес өкүлдөрү тарабынан көптөн бери айтылып келген. Маселен, ишкер электр энергиясына туташтырып берүүнү сурап барса, энергетиктер: «электр кубаттуулугу тартыштыгынан кошууга болбойт» деп жолго салышат. «Убара болуп, убакытты кетиргенден көрө акча берсең, кубаттуулукту дароо «таап» чыгышат», – деген ишкерлерди укканбыз. Айрыкча орто жана чакан бизнестин өкүлдөрү чиновниктердин бюрократтык, жемкордук тоскоолдуктарына көбүрөөк туш келишет. Бизнестин ушул контингенти кыргыз экономикасынын 40 пайызын түзүп жатат. Ушуга байланыштуу коррупцияны кыскартуу, ишкерлердин укугун коргоо, мамлекеттик органдар менен алардын теңата иш алып баруусу үчүн Кыргызстанда Бизнесакыйкатчы институтун түзүү зарылдыгы келип чыккан. Ага чет элдик донорлор колдоо көрсөтүп жатат. Көз карандысыз, бейтарап мындай коомдук органды түптөөнү тездетүү боюнча пикирин Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде билдирген болчу. Бийлик ушул убадасында туруп, Кыргызстанда быйыл алгачкы жолу Бизнес-акыйкатчы институту түзүлүп, ага чет элдик жаран жетекчи болуп шайланды. Кыргызстандын Бизнес -акыйкатчысы Робин Орд Смит мурда Англиянын Кыргызстандагы элчиси болуп иштеген. Анын эки орун басары кыргызстандык жарандар. Бизнес-акыйкатчы Кыргызстанга өнөктөш мамлекеттердин көбүндө түзүлө элек.

Аймактардагы бизнеске ар түрдүү жеңилдик

Президент С.Жээнбековдун «2019-жыл – Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» жарлыгын турмушка ашыруу мамлекеттик бюджеттен 2 млрд. сом бөлүү менен коштолду. Бул каражат социалдык объектилерди курууга караганда, экспорт багытындагы ишканаларды, импорттун ордун толтуруучу бизнес долбоорлорду колдоо аркылуу экономиканы көтөрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө көбүрөөк багыт алууда. Кыргызстандын экономикасын көтөрүү үчүн «өсүү чекити» болуп саналган 20 шаарга өндүрүш күчтөрүн максималдуу жайгаштырууну колго алуу максаты коюлуп отурат. Ал үчүн «Аймактарды өнүктүрүүчү долбоорлорду каржылоо борбору» ачылды. Жогорудагы каражатты инвестициялык долбоорлор арасында ачык, акыйкат бөлүштүрүү үчүн атайын өкмөттүн конкурстук комиссиясы бекитилген. Бирок, аймактардагы ишкерлердин арасында бизнес долбоорду каржылык жактан сабаттуу жазууну, өзүнүн финансылык каражатын натыйжалуу пландоону үйрөнө электери арбын болуп жатат. Облустарда бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештер түзүлдү. Андан тышкары, ирригациялык долбоорлорду колдоого дагы артыкчылык берилет. Себеби, 2026-жылга чейин 65 миң гектар жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү милдети бар. Баса, Кытай Элдик Республикасы тарабынан калкты таза суу менен камсыздоого, ирригациялык долбоорлорду каржылоого жана жолдорду курууга 280 млн. доллар гранттык каражаттын келиши боюнча сүйлөшүүлөр жетишилди.

Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан берки келе жаткан көйгөйлөрдү бирэки жылда биротоло чечип жиберүү мүмкүн эмес. Ошого карабай, 2018-2019-жылдар аралыгындагы бир катар алга жылууларды атап өтпөсөк болбойт. Буга чейинки мамлекеттин экономикалык саясаты аймактарды өнүктүүгө жөндөмсүз болуп келгени талашсыз. Анткени, бюджет, салык, насыялоо ж.б. өнүктүрүү саясатында аймактарды бири-биринен айырмалап турган табигый жана географиялык өзгөчөлүктөрү эске алынбай келген. Анын кесепетинен эмгекке жарамдуу калктын миграциясы азайбай, алыскы тоолуу аймактардан, чек арага чектеш айылдардан көчүп кетүү тенденциясы токтобой жатат. Ошондуктан аларды колдоо – өлкөнүн территориялык бүтүндүгүн коргоо менен барабар болуп калгандыгын мамлекет башчы өз сөзүндө айтып келет. Президенттин эки жылдан берки аймактарды өнүктүрүүгө катуу басым жасаган жарлыгынын негизинде бир катар жылыштар байкалды. Атай кетсек, бизнести негизсиз текшерүүлөрдү кыскартуу максатында үч жылга мораторий киргизилди. Жаңы ишканалар үч жыл бою текшерилбейт. Айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү жергиликтүү ишканаларга кошумча нарк салыгы 80 пайызга төмөндөтүлдү. Унаа, трактор станциялары, соода-логистикалык борборлору, айыл чарба кооперативдери киреше салыгы, кошумча нарк салыгы, мүлк салыгы боюнча жеңилдиктерди алышты. Дотацияда турган айыл аймактарында ачылып иштөөгө кирген ишканалар киреше салыгын, жер салыгын, сатуу салыгын жана мүлк салыгын төлөөдөн 5-10 жылга чейин бошотулду. Андан тышкары, технологиялык жабдууларды импортоочу ишканалар бажы пошлинасынан бошотулушту. Жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча электрондук система киргизилди. КРнын Социалдык фондунун мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн администрлөө милдети Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлүп берилди.

Мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк ишке ашырылууда

Көп өлкөлөрдө «Мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк» тууралуу программалар ийгиликтүү ишке ашырылган мисалдар толтура. Бирок, мындай мыйзам Кыргызстанга 2012-жылы киргизиле баштаганы менен ал дээрлик иштебей келген. Бул боюнча бир дагы тыңгылыктуу долбоор ишке ашкан эмес. Акыркы жылдары аталган мыйзам кайрадан иштелип чыкты. «Мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк» боюнча мамлекеттик жаңы мекеме түзүлдү. Ал аймактарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө шек жок. Бүгүнкү күндө «Мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк» боюнча медициналык тармакта, тактап айтсак гемодиализ алууга муктаж жарандарды тейлөөчү борбор иштеп жатат. Жакынкы келечекте бул багытта аткара турган иштер арбын. Чет элдик эксперттер айрыкча аэропорттордун инфратүзүмүн жакшыртууда, аймактарда заманбап мектептерди, бала бакчаларды курууда бул мыйзамдын ролу абдан чоң экендигин айтышууда. Себеби, улуттук ири программаларды жана муниципалдык долбоорлорду ишке ашырууга, өнөр жай ишканаларынын кубаттуулугун өстүрүүгө же жаңысын куруунун бардыгын республикалык бюджет көтөрө албайт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан Doing Business – бизнес жүргүзүүнүн глобалдуу рейтинги боюнча алдыңкы 20 реформатор өлкөнүн ичине кирди. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк банктын жарыялаган жылдык докладында айтылат. Докладда чакан жана орто бизнести жөнгө салуучу нормативдик актыларга баа берилип, артыкчылыктары көрсөтүлгөн. «Кыргыз Республикасы Doing Business — бизнес жүргүзүүдөгү өзүнүн эрежелерин жакшыртты жана бул боюнча абсолюттук түрдө жаңы көрсөткүчтөрү байкалууда. Ишкерлик чөйрөсүндөгү жагдайды реформалоону токтобой жүргүзө берүү керек. Анткени, өлкө экономикасын туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоодо жеке сектордун ролу зор», – деп белгиледи Бишкектеги Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлү Болормаа Амгаабазар айым. Учурда Кыргызстан 52 мамлекетке визасыз режимди киргизди.