Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: “Жашыргандан калганы деле жетет” дегенби?

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдогу олуттуу айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

“Бир Бол” фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Жумалиев салык декларациясында 33 фирмада кошо уюштуруучу экендигин жашырып койгондугун “Экономист. кж” сайты жазып чыкты.

Негизи өз алдынча мамлекет болгонубуздан бери дээрлик үлкөн кызматтарда гана иштеп келгендиги белгилүү болгон бул парламентарийдин өлкөдөгү бай адамдардын бири экендиги да дайыма эл оозунда айтылып келген. Ошондуктан, ага байлыгын жашыруунун зарылдыгы деле жок болгон.

Анда да кызыгы – ошол эле маалыматтык булакта билдирилгендей, 90-жылдардан бери мамлекеттик кызматта турганда 11 фирма ачса, анын 8ин дал ушул парламентте отурган убагында ачкан!

Баса, анын жубайы Роза Амановага катталган дагы 15 фирма жөнүндө да маалымат декларацияда жок экен.

Мындай фактылар биздин чиновниктерде четтен чыгат. Бул эмнени көрсөтүп турат? Албетте, биздеги катардагы адамдар эле эмес, сабаттуу делген депутаттарыбыздын да мыйзамдык нигилизмин!