Шапа акенин жоруктары: Чолпонум

Шекербек КАЛЫКОВ, «Кыргыз Туусу»

(Башталышын бул жерден окуңуз)

Жайдын күнү Жалал-Абадга эс алганы келсем, Шапа акам автобекетте машинадан машина тандап, делбектеп чуркап жүрөт. Куржунун далысына асып алыптыр. Сүйүнүп кеттим. Көрүшпөгөнүбүзгө көп болуп калган. Маңдайынан торой чыктым.

— Ананайын арыгым, келдиңби? — деди кучагын жая бетимен өөп. — Карачы, чалдын баласы, ниетибиз калыс да, — дейт жүзүнөн нуру төгүлө, сүйүнүчүн жашыра албай. Көздөрү киртийип, карегинде жанган карылыктын илебине капылет кабылганыма жүрөк “зырп” этти. Анткен менен дале шартылдып, такси жалдаганга шашат. Баш багып эле “Чолпонум” барбы?” дейт. “Жок” десе, делбектеп жөнөйт.

— Бу азыркы балдардын табити өлгөн, чалдын баласы. “Чолпонумду” укпаса минени угат, билбейм? — деп коёт, мага карап. Менин таңдана тиктегенимди туйдубу, айтор, Шапа акам:

— Оо, жанагы Жолболдунун “Чолпонун”  угуп кетели деп атам, чалдын баласы, — деп таксиден такси тандайт. Бириси:-

—  Сатып эле албайсызбы, аба, кааласаңыз кечке угасыз… — деди.

—  Акылың жайинда экен,бала, —  деди ыраазы болгондой. Экөөбүз кассета саткан дүкөнгө ээрчише бастык. Кудай жалгап “Чолпонум” бар экен. Дүкөнчү кыз:-

—  Эсмаралда ям, аласбы?- деди эле, “Өзүң көрө бер ону!” деп катуу тийди. Кыз сыр бербегендей жылмайып койду. Сыртка чыкканда, “Шапа ака, бу кыз жөн эле сурап койду да. Ага анча катуу тийдиңиз” дейм, өзүмдү шаардык сезип. А акам кыздын көңүлү чөккөнүн кылдай көрбөй, Чолпонумду тапканына курсант.

— Шу, Эсмаралда деп, буудайымды уурдаттым, чалдын баласы. Бу чунак кызың, шуну түшүнөбү. Олорго пайда тапса болду да – уурунун анабашын тапкандай сүйлөп, аялдамадагы орундукка кыңкайды. Кызык экен. Буудайдын уурдалышына кинонун кандай тийиштиги бар? Мени шу нерсе кызыктырды.

— Ээ, чалдын баласы, бу Эсмаралда башталганда, катын-калач, жаш-кары дебей экрандын алдынан чыкпай калдык. Бу бечара кыз экен, шуга боорубуз ачып, көр тирликти унуттук. Шамдан өткөндө башталат дейсиң. Эсмаралданын эле арбайын тартып калабыз. Бир күнү кийино бүтүп, бүтө электе сыртка чыгып, кампага көз салсам, буудайым жылан сыйпагансып жок. 20 чыптаны уруп кетишиптир. Унчукпадым. Балдарга да “Индебегиле” дедим. Ичим ичимде жүрөм. Эсмаралда башталды дегенде, мен короомду акмалайм. Калганын уруп кетпесин дейм да. “Бечелдин дөңүнө” барганда Заки чолок менен Шамы таз Эсмаралда деп эле какшап калышчу. Олоруң да бирөөлөрдүн айтканын угуп калыптыр. “Иш чатак окшойт” дедим ичимен. Олор да индебейт. Сыр бербейт жөн эле. Анан мен айттым: “Бу бечара кыздын тагдыры кызык экен. Биздин үйгө келбейсиңерби, чогуу кийно көрөлү?” дедим. Көчүгүнө ийне сайылгандай атып турушпадыбы жанагылар. “Үйдөн эле көрөбүз” дешет. Көрсө калп экен. Кийин чыкпадыбы, чалдын баласы. Заки чолок бир торпогун, а таз болсо жайып койгон килемин соктуруптур. Анан Эсмаралданы ким көрөт? — деди Шапа акам.

Ошентип, айылга сапар уладык. Жолболду “Чолпонум” деп сыздап баратты. Шапа акамдин муюганын айтпа.

— Райондон каттаган таксинин бардыгында “Чолпонум” бар, — деп мактана мени карап койду.

— Минеге? — дейм.

— “Чолпонум” бовосо, эч ким таксиге түшпөйт да, — деди сыймыктангандай. Шапа акамдин таксиден такси тандап чуркап жүргөнүн эми түшүндүм. “Чолпонум” деп боздогон Жолболду таксинин ичин жаңыртат.

— Бу чалдын баласы, шу Чолпонумду бир көрүүгө аваз кылам да. Шунча боздоткон кандай катын болду экен? Же жубанбы? Туруксуздугу чатак… Бовосо…Шу Жолболдуну чанса, анан…- деп өзүнчө улутунса, анын өңү кумсара түшкөнсүйт.

— Эми бу, чыгарма да, Шапа ака, — дейм.

— Ие, чыгарма болсо да… — дейт Шапа акам. Шоопур жигит:

— Сүйүүңүздү эстеп кеттиңиз го, ава? — деп кызыга сурады.

— Биздин увакта сүйүү болгон эмес, үка. Сүйүү кечээ чыкпадыбы, — деп койду. Акам музыканын кайрыктарына арбалгандай, кайдыгер гана жооп берди.

Айылга жакындап калганда, жол бойлоп келаткан келинди көрүп, шоопурга кайрылып:-

— Шу келинди салып алалы, үкам, өзү дагы эки кат окшойт, — деди. Чын эле келиндин боюнда бар экен. Ыйбаа кыла учурашты.

— Ии, кызым каяктан?- келин отуруп-отура электе суроо узатты.

— Дуктурга бардым эле, ава — деди келин.

— Кимдин кызы болосуң? — деп обдула карады Шапа акам.

— Табилчи Саматчы…  Шонун келинчеги болом, ава, — деди. Келин да ачык-айрым көзгө жугумдуу экен. “Ким эле?” дегенсип, мени карайт Шапа акам.

— Дуду аканин келини экен, — дедим.

— А ынжыктын дебейсиңби, — деди сөзүмдү оңдоп.- Бу ынжык ноопазын апкелем дебеди беле?- деп суроолуу тигилди келинге.

— Эрте эле апкеткен, — деди келин сөзүн түшүнгөндөй.

— Былтыртан бери аркаман чуркайт, бу ынжык.  О-оо, чалдын баласы, он центнерлик букам бар. Урук алып калайын дейт да. Дуду жакшы киши. Бир калыпта жүрөт. Мындай адам болуш жүда-аа кыйын да, чалдын баласы. Баарына тегиз. Жокту жок, барды бар дейт. Шунусу жагат маңа. Анан эми ынжыктыгы бар. Кылт эттиби, болду андан эч нерсе чыкпайт… Ноопазы күүгө келген экен да?- деп келинге суроолуу карады. Келин сөзгө конок бергендей унчуккан жок.

— Былтыр айылдын жарымы куда түшүп келди го, чалдын баласы. “Шапа ака, букаңызды берип туруң”, дешет баары эле. Тизилишет. “Бу токко сайып койсо иштей бере турган станок эмес, үкалар” дейм. Чөбүн апкелишет, жемин апкелишет.  “Күйө бала” болуп буканын, аны менен кошо менин кадырым жүда-аа артты, чалдын баласы. Букадан мурда менин алымды сурашат. Дадый кайним келиптир. “Бу, жезде, букаңыздын даңкы таш жарды го. Агар адам болсо, мунуңуз алименттен качып жүрүп, шору катмак экен…” дейт. Мына Дуду ноопазын апкелсе. Эртең башкасы келет. Кадыр-барк көтөрүлө турган кез кепти-ир, чалдын баласы. Быйыл катуу турбасам. Эми жакында Парпи кыйтыр бир бука сатып алыптыр деп угуп атам. Көрө элекмин, — деп сөзүн жыйганча, келин:

— Атам шо кишиникине апкетти да, — деди күтүүсүз.

— Мине дейт?! Ынжык ниме балаа болуп калган өзү? Парпинин букасы жарай бекен? Меники бир тонналык бука го акыры. Кимден урук алышты да билбейт, кайнатаң!.. Ынжык дегенчелик эле бар… Парпида пок барбы?..Адам-падам эмес экен… — деди жактырбагандай. Келин “Та-аң” деп кайдыгер жооп узатты. Шоопур жигит:

— Ноопаз дагы туруксуз Чолпонум болуп кеткен го, ава,- деди эле.

— Бу чыгарма менен ноопаздын айрымасын билбеген кандай немесиң?- деп катуу тийди.

Шапа акамдин ичинде эмне кайнап жатканын шу азыр менден башка эч ким туюп-билбес эле. Бу Дуду ака ноопазын айылдагы кимдин гана букасына алып барбасын, ага кайыл болчу. Бирок, Парпи абамдан башкасы болуш керек эле. Шапа акам үчүн мындан өткөн кемсинтүү болбос, ов. Мына ушуга келише албай баратты. Келин аны кайдан билсин?

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *