Алгачкы жолу тарбиячынын жардамчысына акча кошулду

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


Кыргызстанда октябрь айынан баштап, мектеп мугалимдеринин, бала бакчанын тарбиячыларынын жана тарбиячынын жардамчыларынын эмгек акысына 30 пайыз кошулду. Бирок канча адам болсо ошончо пикир бар дегендей, бул боюнча соцтармактарда түрдүүчө ойлор айтылып жатат. Ушул жагдайда пикир алышуу үчүн Нарын шаарындагы № 2 “Чебурашка” бала бакчасынын директору Зарылбүбү Кудайбергенова менен кабарчыбыздын маегин сунуш кылабыз.

– Эже, мамлекет айлык акыга 30 пайыз кошкондон бери Нарын шаарында бала бакчанын тарбиячысы, тарбиячынын жардамчысы айрым аймактагы кесиптештерине салыштырмалуу көбүрөөк алып жатышы тоолуу коэффициентке байланыштуу болсо керек?

– Мектепке чейинки билим берүү системасында иштегениме 44 жыл болду. Ушул жылдардын ичинде айлык акылардын өзгөрүү процессин жаттагандай эле болуп калдым. Бүгүнкү күндө соцтармактарга чыккан түрдүү көз караштагы комментарийлерге таарынбай, аларды түшүнүү менен карагым келет. Айрымдары: “Силерди бирөөлөр жалдап алып, айлык акыбыз абдан көтөрүлдү деп калп айттыртып жатат”, – деп айтуудан тартынышпады. Нарын шаарынын бийик тоолуу коэффициентине, балдардын санына, педагогикалык стажга, жогорку билими тууралуу дипломуна кошулуучу өз-өзүнүн стандарттары бар. Азыркы күндө ушунун баары эсептелип чыкты. Нарында бир ставка менен иштеген мугалимдин орточо айлыгы 22 000 сомдон айланды. Мисалы, башталгыч класстын мугалимине саатына 117 сом төлөнүп, жалпысынан алганда айына орточо 23 080 сомдон алып жатышат. Ал эми тарбиячылардыкы саатына 87 сом менен төлөнүп, орточо маянасы 22 228 сом берилүүдө. Бул 30 пайыздык жогорулатуу кошулгандан кийинки айлык.

Мен жетектеген “Чебурашка” бала бакчасында 30 жылдан ашык иштеген тарбиячылар бар. Аларга октябрь айынын маянасы кошулгандан бери 26 000-28 000 сомдон баштап, кээ бириники 30 000 сомго чейин чыкты. Жаш тарбиячылар болсо 17 000 сомдун айланасында алышууда. Билими бакалавр кадрдыкы азыраак болуп, 16 000 сомду түзүп калды. Ар кимисинин жогорудагы стандарттарга туура келишине жараша өзүнө маяна чектелип жатат.

– Бул ирет мамлекет тарбиячынын жардамчысынын маянасын кошо жогорулатканы артыкчылыктуу болду окшойт.

– Эсиңиздерде болсо керек, 2011-жылы мугалимдерге, тарбиячыларга айлык акы кошулган. Бирок, мугалимдин, тарбиячынын категориясына кошумча акча төлөө алынып салынган болчу. Белгилүү болгондой, ар бир беш жылда педагогдор квалификациясын жогорулатуучу курстарга барып окушат. Ошондон кийин атайын комиссия карап чыгып, аларга биринчи, экинчи жана жогорку категориялар боюнча аныктама берет. Ага аз да болсо акча төлөнүп турчу. Ошол жылы категория алынган соң эмгек акыбыздын көбөйгөнү анчалык сезилбей калган. Андан тышкары, тарбиячынын жардамчысына маяна кошулган эмес. Ошондуктан тарбиячынын жардамчылары көп жылдар бою Президентке, Өкмөткө, Билим берүү жана илим министрлигине кайрылып чарчашкан болчу. “Биз тарбиячынын оң колу болуп иштеп, ал семинарга, окууларга кетсе балдарды карап калабыз. Балдарга майрамдар уюштурулганда кол кабыш кылабыз. Тайпанын тазалыгы, тартиби да мойнубузда. Дипломубуз болбогону үчүн эле четте калып жатабыз”, – дешкен. Ал эми ушул жылдын октябрь айынан баштап, маяна 30 пайызга өскөндө булар: “Чын эле биздин жумушту мамлекет баалайт экен” , – деп кубанып жатышат. Нарында тарбиячынын жардамчысынын айлыгы жогоруда мен санап өткөн бардык стандарттар кошулганда 8000- 9000 сомдун тегерегинде болчу. Ал эми эки жаштагы биринчи кенже балдар тайпасында иштеген тарбиячынын жардамчысынын жумушу оордугу менен өзгөчөлөнүп тургандыктан аларга бир аз кошумча акча кошулат. Мисалы, биздин бала бакчабыздын тарбиячысынын жардамчысы болуп иштеген Кундуз Маткеримованын Өкмөткө карата ыраазычылыгын билдире кетейин. “Биринчи кенже балдар тайпасынын тарбиячысынын жардамчысы катары мурда 9 000 сомдон ашыгыраагы колума тийчү. Октябрь айындагы маянам жалпысынан 16 584 сом болду, кармалгандан кийин колума 13 804 сом тийип калды. Мурда мамлекет тарбиячынын жардамчысынын маянасын көтөргөн эмес. Чынын айтсам, октябрдагы 30 пайыз жогорулатуу сезилерлик жардам болуп жатат. Бюджеттин тартыштыгына карабай, кошумча каражат таап, айлык акыбызды көтөрүүдө Өкмөт өз убадасында турду. Айрыкча табият шарты катаал аймактар үчүн бул абдан жакшы колдоо”, – деп, өз кесиптештеринин атынан кайрылганын билдире кетейин.

Нарында ири ишкана же Бишкектегидей бизнестин түрлөрү болбогондуктан ушул ишибизге да шүгүрчүлүк кылабыз. Нарында ар бир жумуш орду баалуу болгондуктан кадрлардын агылуусу жокко эсе. Нарында тарбиячынын жардамчысы 1,15 ставка менен иштейт. 23 жыл стажысы менен 15 000 сом, ал эми 15 жыл иштегендер октябрдан баштап, 12 000 сомдон өйдө ала башташты.Нарында бизнестин көп түрлөрү өнүккөн эмес. Ири ишканалар жок болгондуктан аялдар мектептер менен бала бакчаларда узак жылдар бою иштешет.

– Айлык акы ар бир айдын жумушчу күнүнө карата да өзгөрүлөт эмеспи.

– Ооба, октябрь айында 23 жумушчу күнүбүз бар экен. Ал эми ноябрь айында 19 жумушчу күн болот. Айлык маяна ушул жагдайга карата дагы алынып-кошулуп турарын унутпасак. Андан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды бала бакчада тарбиялоого 15 пайыз кошумча төлөнүүсү боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу бар. Биздин бала бакчанын эки тайпасында бирден бала тубаса шал оорусу менен ооруйт. Ошол тайпада иштеген тарбиячыга мамлекет тарабынан бир ставка үчүн 15 пайыз кошумча айлык акы төлөнөт. Ал эми 0,5 пайыз ставкада иштеген адамга 15 пайыздын жарымысы кошумча кошулуп берилет. Көрүнүп тургандай, ар бир кадрдын өзүнүн ишиндеги салымына, аймактык өзгөчөлүгүнө ж.б. сыяктуу жагдайлар акы төлөө маселесине келгенде эске алынат. Ушундан улам октябрь айында педагогикалык жамааттар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул жолу бухгалтерибиз жамааттын ар бир мүчөсүнө маянасы тууралуу эсеп баракчасын берип, суроолоруна жооп берди.

– Электрондук кезекке туруу маселеси Нарында кандай?

– Быйылкы жылы Нарын шаарында баланы электрондук кезек менен бакчага кабыл алуу программасы ишке ашырылды. Буга чейин ата-энелер октябрь-ноябрь айына чейин баланы алып келе беришип, бизди убара кылып коюшчу. Азыр баары ачык, электрондук кезекке турган адам, алдындагы жана өзүнөн кийинки кезекке катталган адамды көзөмөлүнө алып турат. Биз дагы “бала бакчага баланы пара берип орноштурат экен”, – деген жалаадан кутулуп калдык. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, “Кыргыз Туусу” гезити аркылуу Нарын шаарындагы № 2 “Чебурашка” бала бакчасынын эмгек жамаатынын атынан Президент С.Жээнбековго, Өкмөткө, Билим берүү жана илим министрлигине эмгек акыбыздын көтөрүлүшү үчүн ыраазычылыгыбызды билдирип кеткибиз келет.

– Маегиңизге рахмат