Казак элинин башкы гезити «Егемен Казакстанга» – 100 жыл

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, «Кыргыз Туусу»


Эзелтеден коңшу жайгашып, Ала-Тоонун кош капталын катар конуштаган бир тууган казак элинин башкы гезити «Egemen Qazaqstan» быйыл 100 жылдык ашууну багындырып отурат. Ушул салтанаттуу мааракенин алдында биз “Егемен Казакстан” республикалык газети» акционердик коому башкармалыгынын төрагасы Дархан КЫДЫРАЛИ мырза менен маектешкен элек.

– Дархан Куандык уулу, кыргыз окурмандарын гезитиңиздердин алгачкы саны кандай чыкканы кызыктырары сөзсүз, гезиттин басып өткөн жолу жөнүндө айтып берсеңиз.

– Казакстандын башкы басылмасы, кылым карыткан «Егемен Казакстандын» мааракесине көңүл буруп жатканыңыздар үчүн чоң рахмат! Казак эли үчүн кыргыз боордоштордун орду ар дайым өзгөчө. Элибиздин кубанычы менен өкүнүчүн тең бөлүшкөн, арабызды тоо бөлсө да жоо бөлө албас, достукка адал, ынтымакташтыкка бекем силердей бир тууганыбыздын бар экендиги көңүл тынчтыгын жана кубаныч тартуулайт

«Егемен Казакстандын» тарыхы 1919-жылы 17-декабрда Оренбургда алгачкы саны жарык көргөн «Учкун» гезитинен башталат. Андан кийин басылманын аталышы бир нече ирет өзгөрдү. 1920-жылы «Еңбек туы» («Эмгек туусу»), 1921-жылы «Еңбекшил казак», («Эмгекчил казак»), келерки жылы «Еңбекши казак», 1932-жылы «Социалдуу Казакстан» деген ат менен чыкты. Ал эми 1937-жылы «Социалисттик Казакстан» болуп өзгөрүлүп, ушул ат менен 54 жыл бою жарык көрүп турду. 1991-жылдын июнь айында, республика эгемендигине ээ болуусуна беш-алты ай калганда, басылма «Егеменди Казакстан» («Эгемендүү Казакстан») атына ээ болду. Бул кезде анын башкы редактору белгилүү жазуучу, публицист Шерхан Муртаза эле. «Егемен» – жаңы доор менен бирге жаралып, жаңыдан колдонула баштаган сөз болчу. 1993-жылдын 1-январынан баштап, лингвисттердин пикирлерин талкуулоонун натыйжасында, ошол учурдагы гезиттин башкы редактору Абиш Кекилбаевдин сунушу менен басылманын аталышындагы «-ди» («-дүү») мүчөсү алынып, гезит «Егемен Казакстан» болду. Ушул аталышта 26 жылдан бери жарык көрүүдө. Алгачкы санынан баштап, Казакстандын борборлору алмашуусу менен бирге басылманын редакциясы да бир нече жолу дарегин өзгөрттү, Оренбургда, Кызыл-Ордодо, Алматыда болду. 1999-жылы редакция Казакстандын жаңы эл ордосу – Астанага, азыркы Нур-Султан шаарына көчүп келди. Редакция имараты ушул күндөрү гезиттин урматына ысымын алган «Егемен Казакстан» гезити» көчөсүнө жайгашкан. 2016-жылдын сентябрынан баштап гезит жаңы дизайн, жаңы форматта жана бардык беттери түрдүүтүcтүү болуп чыга баштады. Алгачкы сандарынан баштап жүз жылдык тарыхында басылмада улутубуздун ири мамлекеттик ишмерлери жана көрүнүктүү калемгерлердин кызмат кылганын, жетекчилик кылганын, улуттук олуттуу маселелерди көтөргөн, тууру бекем эл болууга чакырган макалалардын дайыма жарыяланып турганын баса белгилейм.

Калкыбыздын ардактуу инсандары Смагул Садуакасов, Жүсипбек Аймауытов, Бейимбет Майлин, Сакен Сейфуллин, Мухтар Ауэзов, Турар Рыскулов, Ораз Жандосовдун аткарган иштери орошон зор. Жаңы доордо «Егемен Казакстанды» Сапар Байжанов, Балгабек Кыдырбек уулу, Шерхан Муртаза, Абиш Кекилбаев, Нурлан Оразалин, Ержуман Смайыл, Сауытбек Абдырахманов сыяктуу калемгерлер башкарды.

Гезиттин жүз жылдык тарыхынын санариптик архиви түзүлдү

– Жүз жылдыкка кандай даярдык менен келдиңиздер? Эмнелер аткарылды?

– Биз «Егемен Казакстандын» мааракесине даярдыкты эрте баштадык. Себеби, мамлекеттик башкы басылма деп аталчу, кылымдык тарыхы бар үн жарыябыздын мааракесин бир апта же бир айдын ичинде атап өтө салуу тарыхка жасалган кыянат болор эле. «Егемен Казакстан» алаштын арыстарынын (алаш, алты алаш – кыргыз, казак, ногой ж.б. түрк элдери, бул жерде – казактын эң мыкты инсандарынын, -Н.Б.) алтын изи калган таалимдүү астана экендигине эч ким күмөн келтирбейт.

Казакстандын аймактарындагы жүз жылдыкка арналган иш-чараларыбызды, атап айтканда, Караганды шаарында С.Сейфуллиндин 125, Костанайда Б.Майлиндин 125, Шымкентте Т.Рыскуловдун 125, ТалдыКоргондо И.Жансүгировдун125 жылдык мааракелери менен байланыштырып, таазим менен таалимди жуурулуштурууну көздөдүк.

Жүз жылдыктын алкагында аткарылган эң маанилүү иштердин катарында Алматыдагы Улуттук китепкана менен биргелешип, гезиттин 1919-жылдан бери чыккан бардык сандарын топтоштуруп, алардын жок болуп бара жаткан беттерин сканерлөө аркылуу электрондук форматка көчүргөнүбүздү айткым келет. Ошол материалдарды элдин калың катмарына жетиштүү кылуу үчүн гезиттин санариптик архивин түздүк.

Мындан тышкары, архивдин негизинде өлкөбүздүн тарыхындагы олуттуу учурларды, коомдун турмушун чагылдырган материалдарды иргеп, 5 томдук жыйнак кылып чыгардык. Ага 1919-жылдан 1970-жылдарга чейинки макалалар киргизилди.

Президент Касым-Жомарт Токаев гезитти Twitter желесинен окуйт

– «Егемен Казакстанга» кийинки мезгилде мамлекет тарабынан кандай камкордук көрүлүүдө?

– Казакстан Республикасынын Тунгуч Президенти – Елбасы Нурсултан Абиш уулу Назарбаев гезитибизге «Элибиздин башкы гезити» деп баа берген. Демек, «Егемендин» зоболосу зор, кадыр-баркы бийик болгону. Тамыры терең, таалими чоң гезитибиздин окурмандары, жазылуучулары биздин чыгармачыл жамааттын чыныгы күйөрмандары, ошондой эле кабарчыларыбыздын колдоочулары деп ишеним менен айта аламын. Себеби, жазгандарыбызга, орчундуу маселелерди көтөргөн макалаларыбызга окурмандар үн кошуп отурушат. Бул элдин басылмабызга кайдыгер эместигинин айкын көрүнүшү. «Егемен Казакстан» гезитинде жарык көргөн ар түрдүү көйгөйлүү маселелерди камтыган аналитикалык материалдарга карата Мамлекет башчы Касым-Жомарт Кемел уулу Токаев Twitter желесинде ой бөлүшүп, анын чечилүүсүн көзөмөлдөп отуруусу – биз үчүн чоң колдоо жана өзгөчө жоопкерчилик. Бул «Егемен Казакстандын» кадыр-баркынын өсүшүнө, алдыга ишенимдүү кадам жасообузга өбөлгө деп билебиз.

Айтмакчы, Нур-Султан шаарында редакция жайгашкан көчө 90 жылдык мааракебизге байланыштуу «Егемен Казакстан» гезити» көчөсү деп аталса, быйыл 100 жылдыкты утурлап, Алматы шаарында Гоголь көчөсүндөгү 39-үйгө «Егемен Казакстандын» мемориалдык тактасы орноштурулду. Бул имаратта 1987-1999-жылдары элдик гезитибиздин редакциясы жайгашып, 1991-жылы калың көпчүлүккө эгемендикти сүйүнчүлөгөн! Ошону менен бирге, 100 жылдыкка карата Алматыдагы Аль-Фараби атындагы Казак Улуттук университетинде «Егемен Казакстандын» окутуу-чыгармачылык лабораториясы ачылды. Аудиторияда журналистика факультетинин студенттери чыгармачылыгын чыңдайт. Лаборатория аудиториясы абдан кооз жасалгаланган. Андагы көргөзмөлүк материалдар жүз жылдык жылнааманын жаркын барактарынан баяндайт.

«Терезеден таза аба, эшиктен «Егемен Казакстан» кирет»

– Гезиттин окурмандарга жеткирилиши кандай? Мисалы, алыскы Батыш Казакстандагы облустарга гезит кантип жетет?

– «Егемен Казакстан» – республикалык расмий гезит. Бейрасмий түрдө элибиздин башкы гезити. Тарыхы, кадыр-баркы, коомдук пикирге таасири жана таралышы боюнча «Егемен Казакстан» ар дайым Казакстанда номуру биринчи казак тилдүү басылма болуп келет. Түзүмдүк жагын алсак, материалдардын темасы менен аткарылуучу иштерге байланыштуу саясат жана укук, экономика, социалдык чөйрө жана билим, маданият жана руханият, спорт, Интернет-редакция ж.б. бөлүмдөр, бардык 14 облуста менчиктүү кабарчылар, калкы миллиондон ашкан Алматы жана Шымкент мегаполистеринде кабарчылар кошуну бар. Жалпысынан 100дөн ашуун кызматкерлер гезитти чыгарууга ат салышууда.

Академик, жазуучу Зейнолла Кабдолов: «Эл уйкудан ойгонот. Терезеден таза аба, эшиктен «Егемен Казакстан» кирет» деген. Аймактардагы окурмандарга гезиттин ар бир күнкү саны кечикпестен жетүүсү үчүн элибиздин бардык облустарында басмаканаларыбыз ачылган. Ошондой эле 2005-жылдан баштап гезиттин сайты иштеп жатат. Анда гезиттин ошол 2005-жылдын октябрь айынан берки материалдарынын архиви бар. Басылманын интернет нускасын Кыргызстан,Өзбекстан, Кытай, Россия, Түркия, Иран мамлекеттеринен окурмандар карашат. Азыркы убакытта egemen.kz сайтынын окурмандарынын саны көбөйүп келе жатканы байкалууда. Гезиттин мобилдик нускасы жана кошумчалары бар. Гезиттин төтө араб жазуусу алфавитиндеги онлайннускасы (egemen.kz/tote) жумуш иштейт. Ошондой эле ар бир сандын pdf-нускасын окууга болот. Гезиттин онлайн-жазылуучуларынын электрондук почталарына эртең мененки саат 8.00 – 9.00 аралыгында ар бир күнкү pdf-нуска жиберилип турат. Булардын бардыгы окурмандар үчүн жасаган аракетибиз.

Гезит аптада иш күндөрү катарынан 5 күн жарыкка чыгат

– Гезит дүйшөмбү күнү да жарык көрөт экен, ошондо жекшемби күнү да иштейсиздерби?

– Казакстан Республикасы Президентинин жарлыктары, Өкмөттүн токтомдору, Парламенттен өткөн мыйзамдар, укуктук актылар жана башка расмий маалыматтар «Егемен Казакстан» гезити менен анын сайтында жарыяланат. Жыл сайын жогорку окуу жайларына өтүү үчүн тапшырылган Улуттук бирдиктүү тест жыйынтыгын жарыялоо укугу «Егемен Казакстан» гезитине жана сайтына ыйгарылган. Ошондуктан, маалыматтарды өз убагында окурманга жеткирүү үчүн гезитибиз ишемби-жекшембиден башка күндөрү аптасына 5 ирет жарык көрөт. Дүйшөмбү күнкү санды чыгаруу үчүн чыгармачыл жана өндүрүштүк кызматкерлерден түзүлгөн атайын топ даярдалган. Мындагы максат – элибизге маалыматтарды кечиктирбей ылдам жеткирүү.

– Эл, окурмандар менен байланышыңыздар жөнүндө айтсаңыз. Жарык көргөн сын материалдарга сындалуучу тарап кандай мамиле жасайт? Сындын натыйжасы кандай?

– Гезитибиз эл менен бийлик арасында алтын көпүрө болуп отур десек, артык айткандык эмес. Ага гезитибизге кайрылгандардын арбындыгы күбө. Редакцияга каттар көптөп, үзгүлтүксүз келип жатат. Алардын ичинде элдик, улуттук маселелер боюнча акылдашуу өңүтүндөгү каттар да көп. Окурмандардын пикирлери менен сунуштары бизге жаңы кадамдар жасоого жетелейт. Алардын негизинде журналисттик иликтөөлөр уюштурулуп, маселелердин мааниси аныкталат. Кээде адам тагдырына түздөн-түз арачы болууга туура келет. Редакцияга келген каттарды, кайрылууларды жоопсуз калтырбайбыз. Окурмандар менен да, туруктуу авторлор менен да гезиттин өз ара байланышы калыптанган деп айта алабыз. Жылдар жылып, айлар алмашкан сайын кагазга басылган дүйнөлөрдүн кадыры арта турганы да анык.

«Егемен Казакстан» «Нью-Йорк таймс» менен өнөктөш

– «Егемен Казакстанга» жетекчиликке келгениңизге үч жылдан ашыптыр. Басма сөз айдыңындагы атаандаштыкта ЖМКлардын алдыңкы катарында болуу үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?

– Учурда гезиттин форматы өзгөрдү. Алдыңкы чет өлкөлүк гезиттердикиндей. «Егемен Казакстан» дүйнөдөгү ири басылмалардын бири «Нью-Йорк таймс» менен өнөктөш кызматташууну жолго койду. Редакцияда «Егемен академиясын» ачканбыз. Ал журналисттерге билимин жогорулатууга, адистигин чыңдоого жана заманбап тренддер менен таанышууга мүмкүнчүлүк берүүчү окутуу аянты. Академияда өлкөбүздүн журналистикасынын чыгаандары менен катар тармактык темалар боюнча адистер билимин, тажрыйбасын бөлүшүшөт. Долбоордун максаты – казак тилдүү басылма кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн арттырып, тармактык журналистикага ыңгайлоо, ошондой эле өзөктүү темалар боюнча талкуулоо аянтчасын түзүү. Бул максатыбыз өтөөсүнө чыкты. Семинар, лекция, тегерек үстөл форматтарындагы сабактар угуучуларга заманбап медианын кыры менен сырын өздөштүрүүгө өбөлгө болууда. Ошентип, кылымдык тарыхы бар ага гезит казак басма сөзүнүн карачаңырагы (башкы өргөсү, -Н.Б.) милдетин аткарып, журналистика мектебин түптөдү.

ЖМКлардагы атаандаштык күндөн-күнгө күчөө дө. Гезиттердин, теле-радио каналдардын, сайттардын сапатына талап катуу. Ошондуктан гезиттер маалыматтык технологиялардын жетишкендиктерин пайдалануусу абзел. Социалдык түйүндөрдүн да таасири чоң. Учурда сайтыбыздагы видео-контентке да көбүрөөк маани берип жатабыз.

– Жаңы технологиялардын өнүгүүсү басма сөзгө бурулуш алып келди. Сиздер менен өнөктөш The New York Times, андан тышкары The Guardian, The Times сыяктуу басылмалар кагаздык нускалары менен бир мезгилде интернетте таралуусун колго алган. Ал эми Казакстандын башкы басылмасы ЖМКлардын дүйнөлүк көчүнө кантип кошулууда? Egemen.kz сайты маалыматтык мейкиндиктеги онлайн­басылмалар арасында өз ордун таба алдыбы?

– Интернеттин өнүгүүсү бардык жалпыга маалымдоо каражаттарынын форматына, мазмунуна жана таралуусуна катуу таасир берди. Анын ичинде басылмалар чоң өзгөрүүгө дуушар болуп, жаңы заман менен окурмандардын талабына ылдам ыңгайлашуусуна туура келди. Анткени, гезиттердин маалымат таратуусу санариптешкен ааламтордон артта калды. Ошондуктан, кагаз басылмалар онлайн нускасын чыгарууга киришти. Жогоруда аталган чет өлкөлүк гезиттер сайт аркылуу абалын оңдоп алышып, учурда ишенимдүү маалымат булагына айланды.

«Egemen Qazaqstan» гезитинин сайты 2005-жылы «Казак интернети» коомдук бирикмесинин сунушу менен түзүлгөн. Адегенде сайт ишмердиги гезитке чыккан материалдарды жарыялоо менен башталды. Кийинчерээк, 2010-жылы гезит жанынан «Веб-сайт» чыгармачылык тобу түзүлүп, толук кандуу маалымат тарата баштады. Учурда egemen. kz сайты казак, орус, англис тилдеринде жана латын тамгасында жана араб графикасына негизделген төтө жазууда маалымат таратат. Гезит бетинде жарык көргөн материалдардан бөлөк, сайтта соңку жаңылыктар үзгүлтүксүз жарыяланып турат. Гезит чыккан күнү электрондук нускасы да сайтта катар жайгаштырылат. Күнүнө 20 миңден ашуун туруктуу окурмандарыбыз сайттан гезитибизди окуп турушат. Ал эми гезиттин кагаздык нускасы 200 миң даана тегерегинде.

Учурда маалыматтык сайттардын саны да көп, карманган багыттары да ар кандай. Алардын ичинде жеке кызыкчылыктарын көздөп, жалган маалыматтарды тараткандары да бар. Окурман кайсынысына ишенерин билбей да калат. Мындай жагдайда салттуу басылмалар сайты ишенимдүү маалымат булагы болуп кала берет. Ошондой эле учурда окурман гезит окугандан көрө социалдык желелерди барактаганды жөн көрүшү мүмкүн. Бул өңүттөн караганда, Интернет кагаз басылмалардын башкы атаандашы болууда. Эбин таап, интернет мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдаланса, гезиттер эки эсе утушка ээ болот деп эсептейм. Деген менен, максатыбыз заман талабына ылайык ылдам кабар таратуу гана эмес, элдин гезит окууга деген кызыгуусун арттыруу, асыресе жаш муундун. Ал эми жаштар менен диалог түзүү алды менен социалдык түйүндөр аркылуу ишке ашырылат. Facebook, Twitter сыяктуу аянтчалардын маалымат таратуудагы ролу жыл сайын күчөп келет. Биз буларды да керегибизге жаратуудабыз. Учурдагы технологиялык жетишкендиктерди колдонуп, күндөн күнгө өзгөрүп бара жаткан заман агымынын алдыңкы катарында жаңылыктын жарчысы болуудабыз.

– Мазмундуу маегиңиз үчүн ырахмат! «Кыргыз Туучулар» «Егемен Казакстан» жана анын окурмандарын 100 жылдык мааракеси менен куттуктайт!