Тажикстанда чек арадагы кол салууга жаш балдар да катышкан

6-ноябрда тажик-өзбек чек арасына кол салуу болуп, ага 9 эркек, 11 аял жана 4төн 15 жашка чейинки 11 бала катышкан. Бул тууралуу Тажикстан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Атайын кызматтын өкүлү Мухаммад Саидов 26-ноябрда үй-бүлөдөгү зомбулукка арналган жыйында сөз сүйлөп жатып, чабуулда балдар кандай роль ойногонун айткан жок.

Тажикстандын Өзбекстанга жакын аймагындагы «Ишкобод» бекетине 6-ноябрда таңкы саат 3төн өткөндө кол салуу болгон. Бийлик өкүлдөрү чабуулду «Ислам мамлекети» террордук тобунун 20 мүчөсү уюштурганын жарыялаган. Атайын операцияда 15 жоочу өлтүрүлүп, дагы бешөө кармалганын маалымдалган. Кол салууда бир чек арачы менен бир милиция кызматкери мерт болгонун билдирген.

Окуя болгон учурда өлкө президенти Эмомали Рахмон Европада иш сапар менен жүргөн. Ал күнү өлкөдө майрам болуп, Конституциянын 25 жылдыгы белгиленген.