Нарын: Козголгон жаштар, кордолгон коноктор

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


27-майда Борбор Азия университетинин спорт залында Нарындын жаштары менен аталган окуу жайдын студенттеринин ортосунда баскетбол мелдеши өткөн. Оюндун жүрүшүндө эки команданын ортосунда чыр чыгып, университеттин студенттери жергиликтүү жаштарды ур-токмокко алышкан. Буга байланыштуу 8-июнь күнү Нарын шаарында аталган университеттин жаштары кечирим суроосун талап кылып 100гө чукул жаштар митингге чыгышкан. Бул ишке жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү аталган окуу жайдын мугалимдери келишкен. Жергиликтүү жаштарга кайрылган Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу –өкүлү А.Кайыпов эмоцияга алдырбоого чакырганына карабастан, кызуу кандуулукка алдырган жаштар БАУнун студенттери турган тарапка отургучтарды ыргытып, кыр көрсөтүшкөн. Андан улам башаламандык пайда болуп, абал тынчыганда жаштар аталган окуу жайдын студенттерин чөгөлөтүп кечирим суратышкан.

 Бул окуя коомдо чоң резонанс жаратып, айрымдар жаштардын кылган ишин колдоп жатса, айрымдары мындай ишти кылган туура эмес экенин билдиришүүдө.

Борбор Азия университетинин мугалими Диана Фауна: «Биринчиден, Нарын элинен жана жаштарынан кечирим сурайм. Биздин университет жаңы гана ишин баштап жатат. Жаштардын ортосундагы чыр баскетбол мелдешинен чыгыптыр. Мындай оюн биринчи жолу болуп жаткандыктан кийинкисин көзөмөлгө алып өткөрөбүз.

Нарын жаштары жана Нарын мамлекеттик университети менен ар дайым иштешип келебиз. Биз жаңжалдашуунун ордуна мамилебизди бекемдеп, тыгыз байланышта болушубуз керек», – деп билдирген.

Ороз Дүйшөбаев деген ким? же, балык, балыкчылар жана “балык таламай оюну” тууралуу сөз

Ошондой эле өзүнүн Фейсбук баракчасына жергиликтүү тургундар менен кезигишүү учурунда, окуянын

чоо-жайын билип, нарындык жаштарды колдой турганын айткан ЖК депутаты Эльвира Сурабалдиева: “Оюнга жаштарды чакырып алып, намыска тийип, таарынтып алгандан кийин, мушташкандан кечирим сурагыла деп сырттан келген коноктор доомат койбош керек”, – деген.

Жогору жакка жеткен жосунсуз окуя

 Аталган заманбап үлгүдө, алдыңкы технологиялар менен жабдылган окуу жай инвесторлордун эсебинен курулуп, 71 студент окуйт. Окуу жайда кыргыз жаштары менен кошо Казакстан, Тажикстан, Пакистан, Индия, АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн жарандары билим алышат.

Өлкөгө инвестор тартып, экономиканы көтөрүү керектиги айтылып келет. Экономикалык негизде гана эмес, билим берүү тармагына инвестор тартуу кыйын. Мындай терс окуялар инвестор тартмак түгүл, өлкөдөгү инвесторлорду катуу чочулатат. Облуста жогорку окуу жайдын ачылышы кошумча жумуш орундарды ачууда, дегеле заманбап үлгүдөгү университетте жеринен билим алууга мүмкүнчүлүк берүүдө. Албетте, күнөөлүү тарап мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте сөзсүз жазасын алышы керек.

Ошондуктан окуяга Премьер-министр өзү кийлигишип, конфликттин катышуучуларына мыйзам чегинде баа берилиши керектигин баса белгилеп, Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага БАУ жетекчилиги менен биргеликте мындай окуяларды кайталабоонун үстүнөн иш алып барууну тапшырды. Ал эми ички иштер министри Улан Исраиловго коомдук тартипти сактоо жана мындай мыйзам бузууларга жол бербөөнү, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана окуяны иликтөөнү жеке көзөмөлгө алуу буйругун

берген.

ИИМ бул окуяга байланыштуу «бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Учурда бул боюнча материалдар чогултулуп жатат. Ошондой эле ИИМдин коопсуздук кызматы аталган окуяга катышкан милиция кызматкерлеринин иши боюнча кызматтык териштирүүсүн баштаган.

Жаатташкандар жарашты, а репутация кантти?

 Окуя болгон күндүн эртеси, 9-июнда Нарын шаарынын жаштары БАУнун эки окутуучусунан кечирим сурап, эмоцияга алдырышканын билдиришип, окуу жайдын эки мугалимине «Манас» эпосун берип, калпак кийгизишти.

Абийир чегинен аша чапкан уурулар

Алар менен бирге барган өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов эки тарапты ынтымактуу кызматташууга чакырган.

Борбор Азия университетинин мугалими Диана Пауна: «Эки тараптын ынтымакка келгени абдан жакшы болду. Буюрса, биз кийинки окуу жылынан баштап, студенттерге кыргыз тарыхын окутуп баштайбыз. Бизге берген белекке ыраазыбыз. Эми жергиликтүү жаштар менен тыгыз байланышта болуп, мындан ары ынтымагыбызды бекемдейбиз», – деп билдирди.

Аталган окуяны диний багыттан улам келип чыгышы мүмкүн дегендер да чыгууда. Себеби, аталган университетти “Ага Хан” фонду курган. Белгилүү болгондой бул фонд исмаилиддерге таандык экени айтылып жүрөт. Исмаилиддер шииттик агымдын бир булагы болуп эсептелет. Учурунда белгилүү дин аалымы Чубак Ажы Жалилов шииттерге каршы пикир билдирип, аталган университет менен Оштогу “Ага Хан” фонду салган мектепти катуу сынга алып чыккан жайы бар. Айрымдар бул университетти жабуу керек экенин айтып, диний

коопсуздукка зыян келтире турганын айтып келишет.

Дагы бир ойлондурчу жагдай, мындай окуя туристтик сезон алдында Кыргызстанга келүүнү көздөп жаткан туристтерди бир кыйла чочулатышы мүмкүн. Анткени, аталган окуя интернет аркылуу тарап, катуу резонанска ээ болду. Мындай “меймандостукту” көргөн туристтер эмнеге келмек эле? Ошондон улам жаатташкандардын жарашканы жакшы, а бирок репутация кантти деген суроо келет экен.