Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Паспорт мафиясынын башаты кайда катылган?

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдогу олуттуу айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Жакында эле Стамбулда киши колдуу болгон Кытай жараны Айеркен Саймаитиге жасалма кыргыз паспорту берилген фактысы буга чейин коомчулукта кызуу талкуу жаратып келген бир иштин булагын ачып койгондой болду.

Жыл башынан бери мыйзамсыз паспорт берүү фактысына байланыштуу 36 кылмыш иши козголгонун ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов парламенттин «Республика – Ата Журт» фракциясынын жыйынында билдирди. Мыйзамсыз паспорт берүү боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы нын кызматкерлерине байланыштуу сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат жана күнөөлөрү далилденсе жазасын алышат деп туралы.

Кызыгы, паспортторду даярдоо боюнча “Интерлинкс” компаниясынын башкы директору Таалайбек Жумадылов 1994-жылдагы үлгүдөгү паспорттун даярдалган 3 миллиондой бланкаларынан 100 миңи жоголуп кеткендигин билдирди. Буларды ар ким анык ID паспорт же чет элдик паспорт алуу үчүн пайдаланышы мүмкүндүгүн да айтты.

Анткени А.Саймаити дал ушундай 1994-жылдагы үлгүдөгү паспорттун негизинде жаңы паспортун алган.