ГЭСтерди калыбына келтирүү – бул аларга жаңы өмүр берүү

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Энергетика дегенде баарыбыздын көз алдыбызга иралды Токтогул ГЭС каскаддары, анын ичинде Токтогул ГЭСи эске түшөт. Анткени, Кыргызстанда өндүрүлгөн, же тагыраак айтканда бардык электр станциялары бөлүп чыгарган электр энергиясынын 40 пайыздан ашууну ушул жерден иштелип чыгат. Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 МВатт болуу менен, анын кубаттуулугу бир жылда 6 млрд. килоВатт саатка жетет. Эгерде, республиканын жылдык керектөөсү 12,5 млрд. килоВатт саатты түзөрүн эске алсак, анда Токтогул ГЭСинин өлкөнүн экономикалык өнүгүшүндөгү жана калктын жашоо-тиричилигиндеги орду даана жана так көрүнөт.

ХХI кылымды электр кубаттуулугусуз элестетүү эч мүмкүн эмес. Энергияга болгон муктаждык жыл сайын өсүп жатканы да турмуштун бул талашсыз чындыгын тастыктап турат. Калктын күнүмдүк керектөөлөрүнөн баштап, өлкөнүн экономикасынын кайсы гана секторун албайлы, электр энергиясы пайдаланылбаган тармак жокко эсе. Калктын турмушшартын жакшыртуунун бирден бир өбөлгөсү да электр энергиясы, экономика да энергетикага байланган. Ошондон улам, Президент Сооронбай Жээнбековдун: «энергетика тармагы – өлкөнүн өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ» деген пикири менен кошулбай кое албайсың. Сандар да ошону айтат. «Энергетика тармагы мамлекеттин ички дүң продуктусунун 7 пайызын камсыз кылат. Энергиянын 60 пайызы калк тарабынан, калган 40 пайызы бюджеттик мекемелер жана бизнес тарабынан керектелет. Электр энергиясын иштеп чыгуунун көлөмү 20 пайызга көбөйсө – жалпы экономиканын өсүшү 1,5 пайызга жогорулайт». Андай болгондо, энергетикалык коопсуздукту – улуттук коопсуздук менен байланыштырсак эч кандай жаңылышпайбыз.

Арийне, антип электр энергиясы экономиканын кыймылдаткыч күчү экенин турмуш өзү далилдеп турса да, соңку чейрек кылымда өлкөбүздө иштеп жаткан гидроэлектрстанцияларды калыбына келтирүүгө жана жаңы ГЭСтерди, электр берүү линияларын жана көмөкчү подстанцияларды (чордондорду) курууга кол жетпей, күн тартибинде турса да улам артка жылдырылып келгени белгилүү. Кечиктирилгис жагдайды илгиртпей туура түшүнгөн азыркы бийлик ишти дароо колуна алды. Кечиктирилгис дегенибиз, жалпы окурмандарга белгилүү болгондой, республикадагы электр энергиясынын дээрлик басымдуу бөлүгү, же тагыраак айтканда 90 пайызы, ГЭСтер тарабынан өндүрүлөт. Жогоруда айткандай, мына ушул 90 пайыздын 40%ы Токтогул ГЭСине таандык. Демек, ал катардагы ГЭСтердин бири эмес, стратегиялык мааниге ээ электр станциясы. Токтогул ГЭС гана эмес, Токтогул суу сактагычы Борбордук Азиядагы эң чоң суу топтогучтардын бири.

Токтогул ГЭСин калыбына келтирип, жаңылоо үч фазадан турат. Ушу тапта анын 1- жана 2-фазасы Азия өнүктүрүү банкы менен Евразия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосунда ишке ашырылып жатат. Элдин эсинде болсо керек, ГЭСтин биринчи фазасын ишке ашыруу 2017-жылдын май айында башталып, бул иштерге старт берүүгө ошол учурда өлкөнүн Премьер-министри болуп турган, азыркы Президентибиз С.Жээнбеков өзү келип катышкан. Учурда ГЭСтин реконструкциясынын 1-фазасы аяктап, ГЭСтин төрт энергетикалык блогунда тең негизги электр-механикалык жабдуулар — күч трансформаторлору жана кабелдик линиялар, ошондой эле башка көмөкчү энергетикалык жабдуулар алмаштырылды. 3-фазада калган эки турбоагрегатты алмаштыруу каралган. Ар бир агрегаттын кубаттуулугу 60 МВт чейин жогорулайт. 2023-жылга чейин Токтогул ГЭСинде гидроагрегаттарды алмаштыруу боюнча иштер аяктайт, натыйжада анын кубаттуулугу 240 мегаватка көбөйөт. Токтогул ГЭСин каржылоо иштерине токтолсок, долбоордун биринчи фазасын каржылоого Азия өнүктүрүү банкы 55 млн. доллар насыя берген. “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. Фаза-3» долбооруна ошол эле банк 110 млн. доллар өлчөмүндө каражат бөлүп, мунун 50 млн. доллары гранттык негизде берилди, 60 млн. доллары насыя. Негизи

Токтогул ГЭСин калыбына келтирүүнүн 3-фазасына 150 млн доллар көлөмүндө каражат кетет деп болжолдонгон. Мындагы басым жасап кетчү жагдай, аталган макулдашуунун алкагында Азия өнүктүрүү банкы тарабынан берилген насыя каражаты «Электр станциялары» ишканасына кайра насыяга бериле тургандыктан, бюджетке кошумча күч келтирбейт. Мында акча каражаттарын кайтаруу – кубаттуулукту көбөйтүүнүн жана электрэнергияны кошумча иштеп чыгаруунун эсебинен ишке ашырылат. Жалпысынан Токтогул ГЭСинин үч фазасы үчүн баш-аягы 487 млн. доллар жумшалмакчы.

«Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-Фаза» долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашуу түзүүгө макулдук берилген.

Президент Сооронбай Жээнбеков ЖалалАбад облусунун Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушууда Токтогул ГЭСинде акыркы 40 жылдын ичинде болбогон реконструкция иштери жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Чынында да ошондой. Жогоруда белгилеп кеткенибиздей, 2023-жылга чейин гидроагрегаттарды алмаштыруу боюнча иштер аяктап, Кыргызстандын сыймыгына айланган ГЭСтин кубаттуулугу 240 мегаваттка көбөйөт. Эң башкысы, долбоордун биринчи фазасынын ийгиликтүү аякташы менен ГЭСти жыл сайын оңдоп-түзөө иштеринин учурундагы чыгымдар жана башка эксплуатациялык чыгымдар азаят. Мунун өзү өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун арттырып, калкты жана ишканаларды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну жакшыртарында, өлкөнүн энергетикалык экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга өбөлгө болорунда эч талаш жок.

Энергетика тармагындагы адистер Токтогул ГЭСин реконструкциялоо долбоору ГЭСтин иштөө мөөнөтүн 35-40 жылга узарта турганын жана Камбарата 2 ГЭСине тете дагы бир жаңы ГЭСти куруу менен барабар экенин белгилешүүдө.

Дагы бир белгилей кетчү нерсе, Токтогул ГЭСин реконструкциялоо долбоорун ишке ашырууда 100 млн. доллардан ашуун каражаттар үнөмдөлгөн. Бул тууралуу эскерген Президент Токтогул ГЭСин реабилитациялоодон үнөмдөлгөн каражаттар Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоого жумшала тургандыгын билдирди. Үнөмдөлгөн каражат демекчи, анын өзү бул тендерлер калыс өтүп, ага иш билги, топуктуу компаниялар гана катышканын көрсөтүп турат. Бул жагдай да донорлор тарабынан жакшы кабыл алынган жана үнөмдөлгөн каражаттарды Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоого жумшоо чечими кабыл алынган. Буюрса, Үч-Коргондогу иштер 2024-жылы аяктап, ГЭСтин кубаттуулугу 36 мегаваттка көбөймөкчү.

Ошентип, Кыргызстанда акыркы эки жылда энергетика тармагына тыкыр көңүл бурулууда. Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү иштери менен бирге, Ат-Башы, Камбар-Ата баштаган ГЭСтерди реконструкциялоо жана куруу иштерин улантуу боюнча иштер үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Кубаттуулугу Токтогул ГЭСине жетпесе да, Ат-Башы ГЭСин калыбына келтирүү стратегиялык мааниге ээ. Ат-Башы ГЭСиндеги иштер 2021-жылы аяктап, андагы негизги жабдуу алмаштырылуу менен бирге кубаттуулугу 4 мегаваттка көбөйөт. Мына ушундай эле стратегиялык мааниге ээ курулуштардын бири КамбарАта-2 ГЭСи, учурда анын экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү үчүн каржылоо булактары аныкталып, подряддык уюмдарды тандоо башталды. Гидроагрегатты ишке киргизүү 2023-жылы аяктап, кубаттуулугу 150 мегаваттка көбөйөт.

Кыргызстан улуттук масштабдагы долбоорлорду ишке ашырууга басым жасоодо. Мындай стратегиялык долбоорлордун катарына: Камбар-Ата – 1 ГЭСи жана Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскады, Казарман ГЭСтеринин каскады кирет. Ошол эле КамбарАта – 1 ГЭСин ишке киргизип алсак, анын долбоордук кубаттуулугуна (1900 МВт) жетүү үчүн 11 жыл керек.

Мындан тышкары, Кыргызстан эл аралык долбоорлор менен тыгыз иштешүүдө. CASA-1000 долбоорунун алкагында электр линияларын куруу башталууда. Куруу иштери 2022-жылы аяктайт. CASA-1000 долбоору электр энергиясын кошуна мамлекеттерге экспорттоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана CASA-1000 долбоорун натыйжалуу аткаруу өлкөнүн Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекеттерге болгон экспорттук дараметин бир далай жогорулатмакчы.